Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05
Азыр Кыргызстандын саясый талаасында АКШнын Бишкектеги транзиттик борбору жөнүндө талкуу кызуу жүрүүдө. База Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй постсоветтик чөлкөм, ал гана эмес, дүйнө жүзү боюнча бир катар саясатчылардын жана эксперттердин бүйүрүн кызыткан маселе болууда. Аны менен бирге бул база Кыргызстандын ички саясый абалына жана келечегине да таасир бере турган өзгөчө маселе.

Баса белгилей кетчү жагдай, базаны жалгыз эле АКШнын эмес, жалпы эле Батыш өлкөлөрүнүн базасы деп караганыбыз туура болот. Глобалдашуу доорунда ири маселелерди кайсы гана мамлекет болбосун жалгыз чече албайт, кызматташтыктын маңызы ушунда. Маселен, кечээ жакында Мали менен Алжирде чоң теракттар болду. Буга биринчи кезекте Франция реакция көрсөтүп, өз аскерлерин жөнөттү. Бирок анын артынан Батыш өлкөлөрү, керек болсо араб дүйнөсү да колдой тургандыгын билдирип, аскердик, авиациялык, технологиялык жана чалгындоо жагынан жардамдарын берип атат. Негизги күч Франция болгону менен анын артында бир топ өлкөлөр бар. Ошондуктан Кыргызстандагы базаны бир эле Американын эмес, жалпы Батыштын базасы деп айтканыбыз туура болот.

Эмне үчүн база Кыргызстанда калышы керек? Менин көз карашымча, алты маанилүү себептери бар.

1. Экономикалык себеп. База жайгашкандан берки 12 жылда Кыргызстан бир топ экономикалык пайда көрдү. Маселен Финансы министрлигинин тастыктаган маалыматына ылайык, 60 млн. долларды ижара акы катары жыл сайын бюджетке алып турабыз. Андан сырткары база коммуналдык кызматтар, айыл чарба жана өнөр жай продукциялары, курулуш жана эмерек өңдүү бир катар товарларды жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алып турушат.

2009-жылы 107 640 039, 2010-жылы 131 479 006, 2011-жылы 150 566 329, ал эми 2012-жылы 142 078 182 АКШ долларын кыргыз экономикасына салышкан. "Манас" аэропортунун техникалык жана материалдык абалынын жакшырышы түздөн-түз базага байланышкан. Мындан сырткары жылына 700гө жакын кыргыз жарандары базада иштеп акча таап атышат. Бул өңдүү маанилүү жагдайларды биз эстен чыгарбашыбыз керек.

2. Өнөктөштүк. Эгерде биз дүйнөдөгү цивилизациялуу өлкөлөр менен өнөктөш болобуз десек, жакшы мамиле кургубуз келсе, анда биз биринчи кезекте туруктуу өнөктөш боло алаарыбызды далилдешибиз зарыл. Кечээ жакында мамлекетибиздин мурдагы тышкы иштер министри, интеллектуал Муратбек Иманалиев бул база учурдагы Кыргыз өкмөтү менен Америка өкмөтүнүн ортосунда жападан жалгыз байланыш каналы экенин тастыктады. Мен аны толуктап, бир гана АКШ бийлигинин эмес, жалпы эле Батыш өкмөттөрү менен бекем алакабыз жок деп айтар элем. Андыктан биз бул базаны Батыш өкмөттөрү менен Кыргызстанды бириктирип турган бирден бир канал катары сактап калганыбыз туура болот.

Кыргызстан менен НАТОнун ортосунда “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында кызматташуу тууралуу келишим 1994-жылы 1-июнда Брюсселде түзүлгөн. Андан берки аралыкта кызматташуунун деңгээли өсүүдө. Алсак, өнөктөштүктүн индивидуалдуу программасы (ИПП) түзүлүп, анын негизинде коопсуздук, контртерроризм, чек ара коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматташуу жүрүүдө.

2003-жылы “Виртуалдуу жибек магистралы” программасына кошулганбыз. Ага ылайык Кыргызстандык окумуштууларга спутник түйүндөрү аркылуу интернетке кирип, маалымат алууга шарт түзүлгөн. 2007-жылы тыгыз кызматташууну камсыздоо максатында Кыргызстан пландоо жана анализ процессине кошулган.

НАТОнун “Тынчтык жана коопсуздук үчүн илим” программасы бийик тоолуу шарттагы медицина жана биология боюнча иштерди жүргүзүүдө. НАТОнун жардамы менен кызматтан кеткен офицерлерди профессионалдык кайра даярдоо жана социалдык адаптация программасы да биздин аскер адамдарыбыз үчүн абдан маанилүү.

АКШ өкмөтү демилгечи болгон "Жаңы Жибек жолу стратегиясына" Кыргызстан негизги өнөктөш болуп калуусу зарыл. Бул стратегия Ооганстанда стабилдүүлүк орношу менен Борбор Азиянын Түштүк Азия менен соода-сатыкты күчөтүүсүн камтыйт.

Мындан сырткары кибернетикалык коопсуздук боюнча кызматташуу да маанилүү маселелердин бири. Баса белгилей кетчү жагдай, бүгүн биз НАТО трансформацияланган уюм экендигин эске алуубуз керек. НАТО менен кызматташууда Кыргызстан мүмкүнчүлүктөрдү толук колдоно албай келет. Буга күч түзүмдөрүндөгү айрым аткаминерлерибиздин “кансыз согуш” доорундагы дүйнө таанымы эч өзгөрүүсүз калгандыгы кедергисин тийгизип жатат деп Коргоо министрлигибиздин күйүп-бышып жаткандыгы да ошондон. Жалпысынан алганда НАТОнун коргоо тармагындагы реформалар, өзгөчө кырдаалдар боюнча программаларын толук колдонуу Кыргызстандын кызыкчылыгындагы иш.

3. Коопсуздук маселеси. Бул маселеге эки өңүттө: мамлекеттик жана регионалдык (Борбор Азия) деңгээлде карасак болот. Дүйнөдөгү бир катар чалгындоо мекемелеринин жана коопсуздук маселелери боюнча көптөгөн эксперттердин айтуусу боюнча Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан да, дүйнөдөгү жакынкы жылдары конфликт чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору региондордун бири болуп эсептелет. Мындай анализдин бир катар негиздери бар. Алар: мамлекеттер аралык чаташкан чек ара, суу, дүйнөлүк геосаясый абал жана диний экстремизмдин курчуп бараткандыгы.

Учурдагы кыргыз-өзбек, өзбек-тажик, өзбек-орус мамилелери, Ооганстандагы абалдын бейстабилдүүлүгү, орус-америка мамилелеринин начарлап баратышы жана Өзбекстандын ЖККУдан чыгышы кырдаалдын канчалык опурталдуу экендигин далилдеп турат. Мына ушундай кыйын мезгилде Кыргызстанда cаясий салмактуу эки мамлекеттин аскер базаларынын турушу - биздин мамлекетибизге, жалпы эле Борбор Азияга стабилдүүлүктү жана коопсуздукту көбүрөөк камсыз кылат.

4. Жоопкерчилик маселеси. Соңку 10-20 жылдын аралыгында Ооганстанга ар кандай мамлекеттер, саясий күчтөр тарабынан ар башка максаттарда эбегейсиз көп курал-жарактар киргизилген. Курал-жарактын көпчүлүгү АКШ башында турган Батыш коалициясынын үлүшүнө туура келет. Эгер Батыш коалициясы Афганистандагы абалга көзөмөлүн жогото турган болсо, андагы курал-жарактар талибдер же башка диний экстремисттердин колуна тийбейт, алар өз кезегинде коңшу өлкөлөргө агрессиялык аракеттерди көрбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан АКШ жана Батыш мамлекеттерине өз миссияларын аягына чейин аткарышын талап кылып, аларга зарыл болгон жардамдарды берүүгө милдеттүүбүз. Ооган согушунун тарыхына сереп салсак, советтик армия чыгып кеткенден кийин талиптер дүркүрөп өскөнү баарыбызга белгилүү. Чөлкөмдөгү өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан бул ирет 12 жылдык согуштан кийин НАТОнун "тагдырдын буйруганын көргүлө" деп оогандарды таштап чыга берүүсүнө жол бербешибиз керек.

5. Стратегиялык маселе. Эгерде биз стратегиялык максатта Кыргызстанда реформа жасагыбыз келсе, ал үчүн финансылык колдоо, технология алабыз десек, анда биз сөзсүз түрдө алар менен тыгыз кызматташып, алар менен тил табышууга үйрөнүүбүз керек. Бул жагдай алар тараптан бизге көбүрөөк көңүл бурулуп, көбүрөөк жардамдарды алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Эгер биз далил катары азыркы жакшы өнүгүп аткан Түркия, Түштүк Корея, Сингапур, Бразилия, Малайзия сыяктуу мамлекеттерди үлгү катары алсак, алар мамлекетти башкаруу стандарттарын, реформаларга каражатты, технологияларды Батыштан алышкан. Ал гана эмес, Кытай мамлекети да Батыштын либералдык экономикалык саясатын жана технологияларын колдонуу менен учурдагы өнүгүүгө жетише алды. Кыргызстан үчүн дагы өнүгүүнүн жана өзгөрүүнүн булактарынын бири сөзсүз түрдө Батыш мамлекеттери менен жакшы мамиле түзүүдө турат.

Мисалы, ЮСАИД Батыштын алдыңкы тажрыйбаларын бөлүшүү аркылуу өнүгүүгө багытталган уюм экендиги белгилүү. ЮСАИДдин учурда бир жылдык бюджети 40 млн. долларды түзөт. Уюм Кыргызстанда демократиялык институттарды бекемдөө, экономикалык өнүгүү, өндүрүш, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана Жогорку Кеңешти колдоо багытындагы долбоорлор менен иштейт. Андай долбоорлорду ишке ашыруу максатында 1992-жылдан бери 700 млн. долларга жакын сарпталган. Өзгөрүүлөргө багыт алууда, жарандык коомду бекемдөөдө бул уюмдун бизге берген жардамы бүгүн аябагандай маанилүү.

6. Прагматикалык мамиле. Эгерде база Кыргызстандан кете турган болсо, коңшу төрт мамлекет базаны өзүнө киргизип алууга кызыкдар жана ага толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын бири - Казакстан. Президент Назарбаев 2013-жылы 9-январда Казакстан менен Франциянын ортосундагы аскердик транзиттик кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. Алар Франция аркылуу жалпы Батышка Актөбө жана Чымкент аймактары аркылуу Ооганстанга кирген-чыккан бардык жүктөрдү ташууга уруксат берди. Ушундай эле келишимди Тажикстан менен Өзбекстан дагы АКШ менен түзүшкөн. Мындан сырткары Орусия да 2009-жылы Ульяновскидеги базасын АКШга берүү тууралуу келишим түзүп, Медведев президент кезинде 2012-жылы ал келишимге кол коюп берген. Түркмөнстан дагы НАТО күчтөрү колдонгон "Мары" аскердик базасын бериши мүмкүн. Түркмөндөрдүн тышкы иштер министри Рашид Мередов өткөн жайда Вашингтонго барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Эгерде биз прагматикалык көз карашты карманбасак, анда бизге түшүп жаткан финансы-экономикалык пайда толугу менен биздин коңшулардын чөнтөгүнө түшө баштайт.

Ушул алты себептин негизинде Батыштын базасын Кыргызстанда кармап турганыбыз биздин улуттук кызыкчылыгыбызга толугу менен жооп берет.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан ЖЭЭНБЕКОВ

P.S. Автордун пикирин "Азаттыктын" көз карашы деп кабыл алууга болбойт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG