Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Студенттик ар бир күнүм максаттуу!


Сыртта кайрадан жамгыр! Тамчыга толгон терезеден үрөӊ-бараӊ менин кыялым жана максатым көрүнөт. Анын жаркыраган жарыгы терезедеги тамчыларга түс берет. Кудум кыялым орундалып жаткандай жүрөгүмө сүйүнүч толкуп келет... Өзүмдү кыял менен чектеп, алдагым келбей максаттарга карай кадамдарды канча ирет санап, эсептеп, жазып жана чийип чыктым. Азыр да чарчабастан терезеге чийим салдым. Дем алуумдан чыккан бууну кагаз ордуна колдонуп, сүрөт тарттым. Сени тарттым менин максатым… Сени күнүгө көрсөм да, сага жетүүгө азыр алсызмын…Бирок мен аракетчил адаммын! - деп күнү-күн, түнү-күн түгөнбөгөн түйшүктүү ойлор менен кыял коштогон студенттик күндөр өтүүдө….

Терезеге тигилип отуруп кантип кеч киргенин байкабай калган экем. Эшикте эбак эле жарыктар күйүп, студенттик кампус ичи дүйнөнүн люкс шаарларындай жаркырап турат. Ал эми, ал шаардын жашоочулары уйкусуз жашоону кабыл алгандай элес калтырат. Кеч кирип, кыштак эли мемиреген уйкуда жатканда, шаар тургундары иштеп жаткан болот эмеспи. Кудум ошол өнүгүп-өсүп жаткан шаар сымал студенттик кампус кеч кирсе да, кызуу иш учурунда… Эшикте жаандан качкан эки жан колундагы китептерин коюндарына катып, китепкананы көздөй чуркап келе жатышат. Жаанга жуулган маӊдайымдагы терезе бул окуу залында эмнелер болуп жатканын айкын көрсөтүп турат. Шарактатып китебин барактаган, калемин жерге түшүрүп алган, шыпылдатып жазып аткан түрдүү студенттер… Эшиктеги жымыңдап күйгөн жарыктарды карап – аларга китепкана ичиндеги студенттерди окшоштуруп алдым. Тереӊ билимиӊер менен өлкөбүздү караӊгыдан алып чыгаар атуулдардан болооруңарга үмүт байлап алдым. Текчеде тыгылып, түптүз тизилген китептерди талбай окуп жаткан келечек кесип ээлери - бул силерсиңер. «Баарыңар китеп сымал сырдуусуңар, ар бириңерди ачып окугум келет. Адамдык сапаптыңар менен таанышып, жакшы сапатыңарды өзүмө сиңиргим келет…» деп кайра ойго багынып кеткен экем, күркүрөгөн бороондун добушу чочутуп жиберди.

Жамгырдын жерге карай багыттуу кадамдары ылдамдап, үнү уламдан-улам күчөп барат. Китепкана ичиндеги саат да жамгыр менен жарышка түшкөн эмедей тыкылдайт. Көз алдымдагы табигаттын жандуу тасмасын көрүп, улам ойго батып жатканда билинбей эле убакыт учуп кеткен экен. Кечки саат онго чамалаганда, жатакананы көздөй багыт алдык. Сырттагы салкын аба маалыматка, ар түркүн ойлорго толуп чыккан студенттердин мээсин тазалап, көӊүлүн көтөрүп, жамгыр алдында достор тамаша салып, көӊүлдүү келе жаттык. Кокустан жамгыр менен достугубузду кызганган өӊдүү чагылган катуу чартылдап, жүрөгүбүздүн үшүн алды.

Эмнегедир, ошол учурда оюма балалык кыялдар, ишеничтер, максаттар, күтүүлөр жана алардын жыйынтыгы эске келди. Унутулган, артта калган, бирок студенттик жашоомдо өзгөчө орун алган окуя эске келди. Тактап айтсам, 1-курсту катары менен үч жыл окуган студентмин. Бул чындык болсо да, ачык айтыштан уялам. Бирок кылган аракетимди туура деп эсептеп, кайра сүйүнөм. Мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктап, борборубуздагы белгилүү университеттердин бирине тапшырып, студент болдум. Башында ал университеттин атын атоо мага сыймык болсо, кийин уялуу сезими пайда боло баштады. Университеттин жүрөгү болгон жаш муун келе элек жатып “КОРРУПЦИЯ” менен окууга өтүп, модул, сессия маалында акча берип, баа алганын көрүп унчукпай жашоо “УЛУТ ИЧИНДЕГИ УУРУНУ, УЛУТ ДУШМАНДАРЫН” катканга барабар эле. Албетте, мугалимдер сабакка калтырбай катышкандарга, аракеттенгендерге деӊгээлине, билгенине жараша баа коюп берчү. Мен деле көптүн бири өӊдөнүп кызыл диплом үчүн көз жуумп окуй берсем болмок. Бирок билими бар, тарбиясы жок, рухий жан дүйнөсү бош адамдар мамлекетибиздин байрагын кантип ааламга көкөлөтөт эле. Ошентип, окуган жерим жашоого болгон көз карашыма каршы келип, өлкөбүздөн “КОРРУПЦИЯСЫЗ ЖОЖ” издей баштадым.

Тилекке каршы, саны көп университеттерден саналуусу гана табылды. Кайрадан абитуриент атыгып тест тапшырып, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин даярдоо бөлүмүнүн студенти болдум. Бул учурда мен курдуулар 2-курс болушкан эле. Жылдан уттурганым өкүнүч туудурганы менен, ”сан үчүн эмес сапат үчүн жаша”- деген ураанды туу тутуп окуп жүрөм. Былтыр даярдоо бөлүмүн бүтүрүп туулуп-өскөн жериме каникулга барсам коӊшулар, туугандар, тааныштар, айтор жолуккандын баары эле “быйыл 2-курсту бүтүрүп жатасыӊ ээ?”- деп сурашат. Бул жылы да кышкы каникулда бир санаалашым “3-курсту бүтүп жатасың ээ, эми эми эки жылың калдыбы?”- деп сураганынан “жок, 1-курсту бүтүрүп жатам” -десем, “3 жылдан бери эле биринчи курста окуй бересиӊби?” - деп түшүнбөй эле калды. “Ооба, көчпөй калгам” - деп тамашалап койдум. Социалдык статус жана пара менен эмес, билим деңгээли, иш-аракети, адамгерчилиги менен айырмаланган, алдыга максат, үмүт менен умтулган университетимдин жалпы студенттери, мугалимдери менин студенттик жашоомдун күзгүсү. Ушундай чөйрөнүн бар экенине жана ал чөйрөгө кеч болсо да келгениме сүйүнөм. Кыргызстандын жети дубанынан гана эмес, коңшулаш жана алыскы түрдүү чет өлкөлөрдөн келген студенттер бүгүнкү менин жаштыгымдын каармандары. Студенттин студенттик күндөрдөгү атасы - университет, апасы - жатакана, агасы - китепкана, эжеси - ашкана, иниси менен синдиси - лаборатория. Бул үй-бүлөбүз сыяктуу ыйык жайлар. Чыныгы үй-бүлө болуш үчүн сүйүү жана бала болуш керек дегендей, чыныгы студент болушу үчүн жогорудагы студенттик үй-бүлө болушу керек. Атаңдан билбегениңди үйрөнчүдөй - билим издеп, университетке жүрөгүнө тынчтык берүүчү эне мээримин издеп - жатаканага барасың. Атаң үйрөткөн нерсени дагы тереңдеп үйрөнүү үчүн агаңа – китепканага багыт аласың. Жогорудагы үйдүн эӊ кенжеси - жоопкер студент. Ушул ыйык имараттарга эркелеп жашайсың! Аларга үмүт артасың!

Жашоодо баарынан ой күлүк дегендей, өткөн күндөрдү ойлонуп отуруп кантип жатаканага жеткенимди билбейм. Эшиктен кирсем эле, бөлмөдөгү кыздардын кабактары суз. Стол үстүндөгү толгон дарыларды тиктеп отурушуптур. Карлыгачтын “суу” деген үнүнөн анын ооруп калганын түшүндүм. Тумоолоп, табы көтөрүлүп кыйналып уктап жатат, байкуш. Мен келгиче эле бөлмөдөгү кыздар дары берип жаткырып коюшуптур. “Эртеӊ экзамендерим башталат дегенде ооруп калдым, бүгүн айыгышым керек” дегенин кыздардан уктум. Эртеӊи үчүн күрөшкөн Карлыгачтын абалын көрүп ыйлагым келип кетти. Студенттик кез ата-энеден алыстап, өзүӊө өзүӊ жоопкер экениӊди сездирген кез экенин түшүндүм.

Бөлмөбүздө бир кыздын экзамендери бүтө элек, ал азыр душка кирип сабак окуп жатат. Үнумдү чыгарып окусам тез түшүнөм деп эки сааттан бери ошол жакта олтурат. Башка кыздардын түн уйкусуна тоскоол болбоюн дегени го. Эсиме бир кызык окуя келди... Жатаканадагы алгачкы күндөрүмдүн бири эле. Баарыбыз уктап жатканбыз. Бир убакта күңүлдөгөн үндөн чоочуп ойгонуп кеттим, көзүмдү ачсам, үстүӊкү керебеттеги кыз «кел, келбейсиңби» деп сүйлөнүп жатыптыр. Кимди эле “кел” деп чакырып жатат деп көзүм алайып, айланамды карагандан да коркуп кеттим. Келме келтирип, кайра уктайын деп жатсам эшик ачылып, узун көйнөкчөн бирөө кирип келе жатат... Тирукмуш кино чындыктан алынат турбайбы деп бүрүшүп коркуп жаттым. Ал ансайын узун көйнөк кийген эме кетпей бөлмөдө эле ары-бери басып жүрөт. Эмне кылсам экен деп демим кысылып, жууркан ичинде бүрүшүп жатсам, тиги туура эле мени көздөй келе жатат. Кантип, «Айдана чакырганың келе жатат» - деп кыйкырып жибергенимди да билбейм. Ачуу үндөн Айдана баш болуп бардык кыздар ойгонду. Жанагы узун көйнөкчөн эме чуркап барып душка кирип кетсе болобу. Жарыкты күйгүзгөнгө даабай көпкө турдук да арабызда Элнуранын жок экенин байкай калып, "Элнура, Элнура кана?" - деп издеп калдык, Элнураны «узун көйнөкчөн уурдап кеткенсип». Баарыбыз душтагы немени кантип кууп чыгарыбызды ичтен ойлонуп турсак, душтун эшиги чыйк ачылып жалооруган үн менен жанагы неме «кыздар мен Элнурамын!» деди… Уйкусу бузулгандар мени күнөөлөсө, мен Айдананы күнөөлөп жаттым. Айдана болсо «мен уктап жатканда» сүйлөнбөйм деп, Элнурага «Түн бир оокумда душта эмне кылып жүрөсүң» деп кирди. Байкуш менден беш эсе коркуп калган Элнура «сабак окуп» десе, баарыбыз каткырып эле калдык. Ошондон баштап Элнуранын Элнура аты өчүп «үкү»атыкты. Биздин бөлмөдө короз, кумурска, пил өӊдүү жандыктар пайда болуп жашообуз күн-сайын эле каткырык, шаӊ, тамаша менен өтөт. Жатаканада жашагандан бери кубанычымды бөлүшөөр, кайгымды жубатаар, кеӊешип, сырдашаар адамдарым - бөлмөдөгү кыздар болуп калды.

Сыртта жамгыр төгүп атат. Терезедеги тамчылар - Мен багытымдан адашып, тамчы досторумдун тобунан айрылып калбадымбы!- деп муӊайгандай сезилди. Кыялына жетпей, каалоолору талкаланган адамга окшоштуруп аны аядым тамчыны Ошол учурда жакын таанышым эсиме келди.

Ал бул жылы окуудан бошоп калды. Жакшы эле 3 жыл дипом алууга умтулду. Сырттан окуу бөлүмүндө окуп, модул, сессия - бааларынын баарын кара күчү менен тапкан акчасы аркылуу алчу эле. Жашоосунда деле баары жетиштүү. Болгону окугусу келбеди, бирок элден кем калбай дипломдуу болгусу келчү…

- Кыйналып иштебей,акчасыз эле окууӊдү өз күчүӊ менен окусаӊчы деген кеӊешиме:

- Сен араӊ дипломуӊду алып жатканда, менин дипломум, ишим да, үйүм да, үй-бүлөм да болот деген эле. 3 жыл ичинде 30 миӊ сомдон 90 миӊ сомго контракт төлөсө, аз дегенде 3 жылдык кышкы-жайкы сессиялары 50-60 миӊди түзүп, жалпы сумма 120-150 миӊ сом тегерегиндеги акча пайдасыз эле паракордун чөнтөгүнө кетти. Мына ушул жылы дипломумду алсам, агам жумуш таап берет деп ишенимдүү жүргөн эле. Бирок быйыл бүтөм дегенде, окуудан бошоп калды. Ойлор менен алышкыча таӊ да агарды. Эмнегедир уйкум жок. Колумдагы күндөлүгүмдү барактап отурам. Бир бактылуу көз ирмемди жазган экем.

Бактылуу адамдарды издедик...

Бир семестрден бери бактылуу адамдарды издеп жүрөбүз. “Фотография” аттуу сабактан агайыбыз, “көчөдө кетип бара жаткан бактылуу адамдардын сүрөтүн байкатпай тартып келгиле” - деп тапшырма берген эле. Кечээ да группалаш төрт кыз (Гүлбадам, Айзада, Элнура, мен) университеттен бир фотоаппарат алып көчөгө чыктык. Жылмайып жаткан адамдардын баарын эле тартып алууга умтулабыз, байкагандары таӊ калып же кабак бүркөп калышат. Бир учурда көчөдө так секирип ойноп бара жаткан секелек кызды тарталы деп жатсак бир эже бакырып алдыбыздан чыга калды. Көрсө, кичинекей кыздын апасы экен. Фотоаппарат Гүлбадамдын колунда эле. Ал коркконунан аркасына ката калыптыр. Эже бизди болушунча тилдеп, анан басып кетти. Биз болсо тентек балдардай, группалашыбызды шылдыӊдап калдык. Анын ордунда биз болсок деле фотоаппаратты катмак турсун, артыбызды карабай качсак керек, себеби университеттин мүлкү да. Көчөдө тапшырма аткарабыз деп бир канча күн жүрүп, бир-эки адамдан тил угуп, бир канча адам менен достошуп алдык. Жатаканага келип, тарткан сүрөттөрүбүздү карасак, чын жүрөгүнөн, маңдайы жарыла күлгөндөрдүн көпчүлүгү студенттер экен. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт болуп” алардын сүрөттөрүн көрүп жатып, аа байкуштар кайгысын да күлкү менен жубатышат" деген ойго баттык. Бул сабак бир аз бизди азапка салса дагы, жакшы күндөрдүн жаралуусуна себеп болду. Кышында да тапшырма боюнча агып жаткан суунун сүрөтүн тартабыз деп жүрүп сууга түшүп калганыбыз эсимде. Бутубуз суу, калчылдап тоӊгон колдорубузда фотоаппарат. Маршруткага түшсөк, элдин баары бизди карады. Мээлери айнып калган эмелер го дегендей эле көз караштар. Биз суу болсок да, тоӊсок да тапшырмабызды аткарып бүткөнүбүзгө сүйүнүп жатаканабызга бактылуу кайттык !!!

*** *** ***
Түндө уктабаганга көзүм шишип, окууга жөнөдүм. Күзгүдөн кебетемди карап, "ий уктап алсам деле болмок" деп өзүмчө күбүрөнө эшикке чыктым. Күн чайыттай тийип, асман ачык! Түнкү жамгыр жер бетин тазалап кеткенсип айлана укмуш сулуу көрүндү. Анан да айтып бере алгыс, буруксуган жыпар жыт мурдумдан кирип түз эле көкүрөгүмдөн орун алды. Жолдо жашылдан көйнөк кийген бак-дарактарды көрүп, жан дүйнөм тазарды. Ар бир студенттик күнүм максаттуу! Кадамыӊды ойлоп басып, эсепке аласың. Өткөн күндөр, учур жана келечек! Балалык, жаштык жана карылык… Бүгүнкү күнүм - жаштыгым жана да студент курагым. Бул күндөрдүн бар экенине кубанган, бактылуу адаммын!!!

Кубанычбек кызы Касиет

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин студенти.
XS
SM
MD
LG