Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

Туурасын айтсам шарт эле...


Урматтуу кыргызстандыктар!

Туурасын айтсам шарт эле,

Турмушум кыстап бат эле.

Даараткана таба албай,

Турамын болуп мат эле.

Жөө бассам үйүм алыста,

Жамы журт берсин калыс баа.

Жолукпа тааныш бүгүн деп,

Жол карайм көзүм алыста.

Айлам жок кетип баратам,

Ачык күн мага бүркөлүп,

Ашата сөгүп чоңдорду,

Өзүмдөн өзүм жийиркенип,

23 жашка Эркиндик,

Түз келдиң тетир бурулбай,

Шаар өстү, эл да көбөйдү,

Бирок даараткана курулбай,

Жол тосмой, митинг, жемкорлук,

Журтум кел, чогуу таштайлык,

Маданияттын туу чокусу,

Даараткана куруп баштайлык.

Кыйналбай жаның обужок,

Кысталбай өтсүн турмушуң,

23 миң жыл гүлдөсүн,

Миллионер болуп уул-кызың!

Куттуктайм элим кут болсун,

Эгемендүү Мекеним.

Эркиндик, теңдик, калыстык.

Эл-журтка тилейм, бекемин!

Жолотпой кууп жемкорду,

Жолуккан жерден уралы,

Жараткан берсин жардамын,

Жалпыбыз эсен туралы.

Өзүңөр өмүрлүү болгула,

Кыштан чыккыдай көмүрлүү болгула,

Көңүлүңөр чөкпөсүн,

Жарыгыңар өчпөсүн!

Урматым менен Мукан Сыдыков.

XS
SM
MD
LG