Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Эксперттик чөйрө жана динчилдер жакында өтчү шайлоого дыкат көңүл бөлүп турган чагы.

Калайык калк жергиликтүү шайлоого диний жамааттардын катышып- катышпаганын көп элес албайт чыгар. Бирок эксперттик чөйрө жана динчилдер жакында өтчү шайлоого дыкат көңүл бөлүп турган чагы.

Саясатчылар жана мамлекеттик органдар “Кыргызстан светтик мамлекет. Дин мамлекеттик башкарууга кийлигише албайт” деп отурган убакта диний жамааттар саясий чөйрөдө күндөн-күнгө активдешүүдө.

“Хизб-ут Тахрир”, “Акромия”, “Түркстан ислам партиясы” (Өзбекстан ислам кыймылы) сыяктуу Конституциянын ордуна Куранды коёбуз, демократиянын ордуна шариатты алып келебиз деп ислам динин жамынган саясий-диний уюмдарга Кыргызстанда расмий тыюу салынган.

Себеби булардын идеологиялык жана стратегиялык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле өлкөдөгү саясий конъюнктура алардын светтик бийликке карата ачык жана принципиалдуу каршы чыгуусун талап кылат. Натыйжада бул уюмдар бийлик, мамлекет менен конфликтте.

Бирок Кыргызстанда мамлекет менен карама-каршылыкка барбастан, светтик-демократиялык системаны колдонуу (кээде аларды буйтап өтүү) аркылуу саясий, идеологиялык, материалдык-финансылык максаттарга жетүү жолун тандаган диний жамааттар жана уюмдар бар.

Эң өкүнүчтүүсү - Кыргызстанда саясий партиялар идеологиялык негизге эмес, (кайсынысы социал-демократ, кайсынысы консервативдик же либерал партия экени белгисиз) белгилүү бир лидерге баш ийүү жана материалдык-финансылык кызыкчылыктарга багытталып түзүлүп жаткан мезгилде диний жамааттар саясий чөйрөгө жаңы идеологиялык чакырыктар менен кирүүдө. Диний жамааттар жана агымдар Кыргызстандын саясий чөйрөсүнө идеологиялык негиздеги атаандашууну алып келчүдөй көрүнөт.

“Хизмет” кыймылы же саясаттагы “жумшак күч”

Күндөн-күнгө диний жамааттан саясий жамаатка айланып бара жаткан "Хизмет" кыймылы 2000-жылдарга чейин “мелүүн ислам”, “диндер ортосундагы диалог” долбоорлорунда башкы ролду аткарып келди. Эми саясий талаага керектүү материалдык жана кадрдык капиталга ээ болгон соң саясий чөйрөдө да таасирин күчөтө баштады.

Ийгиликке жеткен ишкерлерди өздөрүнө тартуу аркылуу материалдык капитал чогултуп, атак-даңка ээ таанымал кишилерди жандоо аркылуу коомдук жана саясий колдоого ээ болушту. Алгачкы мезгилдерде Кыргызстандын саясий айдыңындагы кишилердин оозу менен “прогрессивдүү коом” имиджин таратышса, азыр эми жамааттын негизги капиталы -- өздөрүнүн ондогон окуу жайларында тарбияланып чыккан жаш кадрлар болууда.

Жамааттын мектептериндеги мугалимдердин “биз динди үйрөтпөйбүз” деген сөзүнө ишенбестен барып текшергендер жөн эле убакыт коротушканын айтсак болот. Чын эле жамаат өзүнүн мектептеринде динди үйрөтпөйт.

Фетхуллах Гүлендин диний насааттарына негизделген диний түшүнүк жамааттын батирлеринде жана жатаканаларда акылдуу жана жөндөмдүү окуучу менен студенттерге гана үйрөтүлүүдө. Ал эми мындай сапаттарга ээ эмес окуучулар жана студенттер алардын бай жана таанымал ата-энелерин пайдалануу үчүн окутулат жана колдонулат. Бирок эскерте кетүүчү нерсе - “Хизмет” кыймылы жаш муунга диний маалыматты алар диний чөйрөдө, муфтиятта, казыяттарда, медреселерде же мечиттерде кызмат кылсын деп бербегенин унутпаш керек. Ондогон светтик мектептерден бүткөн кыргыздын жаш интеллигенциясына диний түшүнүк экономикалык жана саясий ишмердүүлүгүнө идеологиялык мотивация болсун үчүн берилүүдө.

Сапаттуу светтик билим алган, идеологиялык жактан сугарылган жана жамааттын колдоосуна ээ жаш кадрлардын кээ бири экономикалык чөйрөдө жамаатка материалдык капитал алып келүүдө. Ишкерлердин башын бириктирген уюм жана бирикмелер түзүлүүдө, эл аралык сооданын активдүү авторлору болууда. Бирок жамааттын бизнес жана финансы чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүн акыркы мезгилде Кыргызстанда популярдуу болуп бара жаткан “адал индустриясы” же болбосо “исламий банкинг” (“жашыл капитал”) менен адаштырып албоо керек.

“Хизмет” кыймылы либералдык-капиталисттик системанын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот жана муну туура деп эсептейт. Себеби жамааттын эки негизги ишмердүүлүгүнүн бири дал ушул экономикалык жактан күчүн арттыруу жана материалдык капитал чогултуу болуп эсептелинет.

Жамааттын мүчөлөрүнүн баары эле жамаатка тиешелүү окуу жайларды бүтүргөн деп айтуу туура болбойт. Жамаат менен сырттан таанышкан, бирок жамаатка салмактуу көмөк көрсөткөн көптөгөн кишилерди баарыбыз эле билсек керек. Анын үстүнө саясий же болбосо ишкердик чөйрөсүндө ийгиликке жетүүнү көздөгөн киши жана уюмдарга жамаат аябагандай кенен мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Башкача айтканда жамаат “кызматташууга” даяр кишилер жана уюмдар үчүн пайдалуу социалдык лифт жана саясий колдоо болуп берет.

Түркияда "Хизмет" кыймылынын иш-аракеттери экономикалык жана саясий чөйрөдө (өз убагында АК партиянын колдоосу менен) монополия түзгөндүгү үчүн нааразычылыктарга жана мамлекет менен кагылышууларга алып барды. Ал эми саясий институттары жаңы калыптанып келе жаткан жана экономикалык системасы тамтуң баскан Кыргызстанда саясий жана экономикалык чөйрөдө ийгиликтүү карьера жасоого ансыз деле жетишээрлик тоскоолдуктар бар. Тактап айтканда кыргыз жаштары саясий жана экономикалык (ишкердик) чөйрөдө ийгиликке жетиш үчүн жамааттын “дубасына” муктаж болуу алдында турат. Саясий жана экономикалык ресурстарга жетүүнүн жолунда жамаатты күндөн-күнгө көбүрөөк учуратуудабыз.

Материалдык жана финансылык күч өзүнүн аркасынан саясий күчтү да тартары талашсыз. “Хизмет” өзгөчө 2010-жылдан тарта саясий айдыңда ачык иш алып бара баштаганы байкалат. Түркиядагы АК партия үлгү катары алынып, 2012-жылы Кыргызстанда “Хизметке” тиешелүү делген саясий партия түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн партиянын эки мүчөсү 2012-жылы Ош шаардык кеңешке шайланса да, 2015-жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого жамаат мүчөлөрү өлкөгө таанымал партиялардын катарында катышууну чечип, көпчүлүгү депутаттык мандатка ээ болушкан. Алардын так саны белгилүү болбосо да, ондон жыйырмага чейин болушу мүмкүн деген божомолдор айтылып келет.

Жакында өтө турган жергиликтүү шайлоого жамаат өзүнө караштуу саясий уюмдар аркылуу эмес, өлкөдөгү белгилүү партиялардын тизмесинде катышууда. Себеби быйыл 15-июлда Түркияда болгон окуядан кийин “Хизмет” кыймылы Кыргызстандын саясий аренасында ачык-айкын иш алып баруудан алыс болууда.

Ошондой эле саясий партиялардын (бул жамааттын мүчөлөрү 2012-жылдан кийин Кыргызстанда дагы бир саясий партия түзүшкөнү белгилүү) ишмердүүлүгүн чектегени байкалат. Таанымал саясий партиялар аркылуу шайлоого катышуу жамаат үчүн оңой (саясий партиялардын атынан талапкер болуу үчүн керектүү болгон каражат жамаат мүчөлөрүндө жетиштүү) жана коопсуз (аз күмөн жаратат) болуп эсептелинет. Таанымал саясий партиялар да жамааттын материалдык колдоосуна муктаж болууда. Тагыраак айтканда, тараптар бирин бири колдонууда.

Мындан ары жамаат өзгөчө мамлекеттик структуралардагы тамырын ого бетер тереңдетүүгө аракет жасары толук мүмкүн. Күч органдарындагы жамаат мүчөлөрү өздөрүн мурдагыдан да катуу жашыра башташмакчы. Мүмкүн болушунча патриоттук жана светтик мамлекеттик кызматкер имиджин калыптандырууга аракет кылышмакчы. Мүчө болбосо да жамаатка карата симпатиясы бар катардагы жарандар жамаатка көрсөткөн колдоосун жашырышпайт. Ал эми мүчөлөрү болсо жамаат менен мамилесин жашырууга ар дайым аракет жасашарын унутпоо зарыл.

"Хизмет" кыймылы Кыргызстанда түзүлгөн коомдук жана кайрымдуулук уюмдарынын иш-аракеттерин сентябрь айынан тарта ого бетер активдештирип жатканы байкалат. Жамаатка тиешелүү уюм жана ишканалардан, жамаат мүчөлөрүнөн (хизмет төлөмдөрү) жана кайрымдуулук уюмдары аркылуу катардагы жарандардан болушунча көп каражат топтоого аракет кылышууда.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе - Түркиядагы окуялардан кийин жамаатка тиешелүү саясий уюмдар (мисалы, жамаат мүчөлөрү түптөгөн саясий партиялар) саясат айдыңында көп байкалбаса да, жамаатка караштуу массалык маалымат каражаттары саясий маселелерди чагылдырып эле тим болбостон, жамааттын оппозициялык саясий күчтөр менен да мамиле түзүүсүнө шарт түзүүдө. Негизи жамааттын бул стратегиясы шахмат оюнун утуунун негизги принцибине таянат. Башкача айтканда, шахмат оюнунда жеңиш бир гана учурда - эгер ак фигуралар да, кара фигуралар да сизге караштуу болсо сиз дайыма жеңесиз. Шайлоодо ийгиликке жетүүсү мүмкүн болгон бардык партияларда жамаат мүчөлөрүнүн талапкер катары катталууга аракет кылуусу ушул принципке таянарын унутпоо абзел.

"Хизмет" кыймылынын негизги (акыркы) максаты эмне деген суроо коомчулукта талаш жаратып келет. Түркияда төңкөрүш жасоо аракети ишке ашса, 1979-жылы Хомейни Иранга кайтып келип, исламий мамлекет түптөгөндөй эле Фетхуллах Гүлен да Түркияда диний режимди негиздемек деген божомолдор айтыла турсун, "Хизмет" кыймылы маанилүү геосаясий ролду аткарарын көз жаздымда калтырбаш керек.

"Хизмет" кыймылынын Кыргызстанда шариатты орнотуусу утопия деген пикирлер келечекте тастыкталбашы да мүмкүн. Бирок күчтүү материалдык-финансылык жана саясий мүмкүнчүлүккө ээ мындай жамаат геосаясий максаттарда колдонулбайт деп кесе айтууга да эрте.

Аягында баса белгилей кетүүчү нерсе - өз убагында Мун сектасына мамлекеттик резиденциялардын эшигин ачып, жогорку эшелондогу саясатчылардын катышуусу менен жогорку деңгээлде жыйын өткөрүүгө уруксат берген аң-сезим жана улуттук коопсуздук түшүнүгү, башка бир диний-саясий жамаатка мамлекеттин эң ыйык жайларын жана сырларын ачып койбойт дегенге кепилдик жок.

Макалыбыздын кийинки бөлүмдөрүндө "Таблиги жамаат", "салафийлер", теңирчилик сыяктуу диний агым жана кыймылдардын саясат менен болгон мамилесине токтолобуз.

P.S. Автордун макаласы "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG