Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Кыргызстандын келечеги билим берүү системасына кандайча кѳз каранды?

Кыргызстандын келечеги тууралуу кеп кылганда эле биз саясатка токтолобуз. Бирок биздин жаш муундар жана алардын келечеги үчүн маанилүү болгон, биз көңүл бура турган өзгөчө маселелер бар. Ал - жыйырма беш жылдан бери өлбөстүн күнүн көрүп келе жаткан билим берүү системасы. Ар бир эле ата-эне балдарынын билим алуусуна кайдыгер карабаса керек. Бирок бүгүнкү күндүн жаштары ЖОЖдун диплому жакшы кызмат табуу үчүн кепилдик бере албай тургандыгын жакшы түшүнүп калышты.

Ар бир мамлекетте билим берүү системасы адам капиталынын сапатын жогорулатат. Дүйнөлүк банк жүргүзүп келген акыркы Human Capital Report 2015 - жылкы изилдөөсүнүн жыйынтыктоочу докладында Кыргызстан 44-орунду ээледи, биздин алдыбызда Армения (43), Казакстан (37) жана Украина (31) мамлекеттери турат. Тактап айтканда, изилдөөчүлөр бизнесмендерден аларда иштеген кадрлардын профессионалдык даярдыгына жана билим деңгээлине бирден жети баллга чейин баа берүүсүн суранышкан. Бирок алар орто эсеп менен эки менен үч баллдын аралыгындагы баа беришкен, бул албетте өтө эле төмөн баалоо.

Мен өзүм да бул изилдөөнүн жыйынтыгын тастыктай алам, анткени мага жумушка орношуу маселеси менен кадрлар тез-тез кайрылып турушат. Кээде мен адистерди өзүм тандайм, алардын кээ бири окуу жайды жаңы эле бүтүрүп келген болот, мен алардын даярдыктарын байкоого алам. Мисалы, Назаралиев медициналык борборунун маркетинг бөлүмүнүн кызматкерлигине тапшырылган 100 резюменин ичинен бизге билим деңгээли туура келе турган үч-төрт эле адамды тандап алабыз, ал эми психиатр-нарколог кызматына кадр табуу такыр эле мүмкүн эмес. Бирок ушул эле учурда өлкөдө 259 миң студент жана аспиранттар окуп жатышат жана жылына 50 миңдей бүтүрүүчү диплом алат.

2009-жылы Кыргызстандын эң чоң окуу жайларында биз маңзатка каршы көргөзмө уюштурганбыз, ошол учурда мен окуу жайлардын жетекчилиги жана студенттер менен баарлаштым. Мындан тышкары маалымат каражаттары да бир топ маселелер боюнча менин оюмду сурап турушат анын ичинде: бүгүнкү билим берүү тармагы боюнча жана келечекте пайдалуу кесипти кантип туура тандап алуу керек деген маселе да бар.

Андыктан маселе курч бойдон тургандыгын мен баса белгилеп кетким келет. Ал эми бул мүшкүлдөр кандайча пайда болгону, бул өзүнчө маселе экендиги да талашсыз.

Мүшкүлдүн тамыры: Чыныгы жашоо менен байланыштын жоголуусу

Биринчиден, билим берүү системасы кандайдыр бир жабык вакуумдун ичинде өз алдынча өмүр сүрө албайт. Ал мамлекеттин жана экономиканын керектөөлөрү эмгек базарына жана кээ бир экономикалык секторлордогу эмгек структураларына жараша тескелиши керек. Мен жогоруда белгилеп кеткендей, биздин окуу жайлар жылына 50 миң жаш кесипкөйдү тарбиялап чыгат, бирок алардын көпчүлүгү өз кесиби боюнча иш таба албай калууда.

1991-жылы бизде заман алмашты: техникалык кесиптер керексиз болуп калды, бирок окуу жайлар топ-тобу менен юристтерди, экономисттерди, башкаруучуларды жана дипломаттарды чыгара баштады. Билим берүү системасы өлкөнүн чыныгы керектөөлөрүнө жооп бербей калды, психиатрлар айтмакчы, чыныгы жашоо менен байланыш үзүлдү. 259 миң студенттин ичинен 110 миңи экономика, укук жана эл аралык байланыштар тармагында окушат. Ал эми 30 миңден бир аз көбүрөөгү эле техникалык жана инженердик кесиптерди үйрөнүшүүдө.

Мындан 20 жыл мурун биздин өлкөдө али да болсо бир нерсе өндүрүп бир нерсени башкарууга болот эле. Бирок акырындап бул теңсиздик өз таасирин тийгизип баштады: бүгүнкү күндө экономистке караганда электрикке же автомеханикке талап көбүрөөк. Бир топ жакшы деп эсептелген кесиптер чынында эч нерсе өндүрбөйт жана эч кандай кошумча байлык алып келбей тургандыгын баарыбыз түшүнүп калдык. Ал эми биздин экономика алып-сатарлардын экономикасына айланып калган. Кытайдан ал – ички базарга сат же тышка кайра экспорттоп жибер. Мындай жөнөкөй операцияларга көп сандаган жогорку билимдүү адамдардын албетте кереги жок.

Адатта абитуриенттердин 10% пайызы гана эмне менен алектенгиси келгенин жакшы түшүнүп, максаттуу түрдө бир кесипти тандап алып окууга тапшырат. Мындай студенттер жумушка да абдан тез, ал гана эмес биринчи курстан баштап эле орношуп алышат. Студенттердин теңинен көбү 60% пайызга жакыны мектепти бүткөндөн кийин көнүмүшкө айлангандай эрезеге жетип, алдыга умтулуу үчүн кайсы бир жогорку окуу жайына тапшырышат. Студенттердин бул тобу, алардын ичинен айрымдары тааныш же акчанын жардамы менен өткөн болсо да жакшы эле окуйт, албетте ал окууга формалдуу гана мамиле жасайт, алар үчүн окуунун мааниси - кесип алып, өз жөндөмдөрүн практика жүзүндө колдонуу эмес жөн гана окуш керек болгондуктан окууну уланта берүү. Көбүнчө бул топтогу студенттер окууну аяктагандан кийин эмне кылаарын билбейт, натыйжада, өз ордуларын таба албай калат.

Окуучулардын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн топ бар, аларга жогорку билимдин кереги жок, кесиптик орто билим алса эң туура болмок. Бирок алар да ЖОЖдордун имараттарын толтуруп, айрым кесиптерге жасалма талаптарды пайда кылышат.

Жогорку айтылгандардан биздин билим берүү системабызды тезинен учур талаптарына тууралоо керек деген маселе келип чыгат. Көптөр муну структуралык же идеологиялык өзгөрүү эмес кыргыз тилине өтүү деп түшүнүүдө.

Тил боюнча ыңгайсыз суроо

Кээ бир мындай аракеттер күлкүлүү келээрлик, кээ бири ойго келбес жана дыкат ойлонулган эмес. Бир жолу мага бир университеттин ректору бир жарым саатка чейин өз студенттеринин ийгиликтери, кандидаттардын жана докторлордун саны, эл аралык илимий басылмаларга чыккан макалалары тууралуу эмес, кыргыз тилинин улуулугу жана бардык билим берүүнү ага өткөрүү керектиги тууралуу айтып берип жатты. Албетте кыргыз тилинин улуулугу, сулуулугунда талаш жок мен өз тилимди абдан жакшы көрөм, бирок тилди сүйүү бир кеп, ал эми ал тилде билим алуу бул башка кеп. Жөнөкөй эле мисал келтирсек, Википедия электрондук китепканасындагы кыргызча макалалардын саны 29039. Орус тилинде болсо 1,172 млн. макала окуса болот, англисче - 4,853 млн.

Бул маселе боюнча Казакстан бизден озуп кетти. Алар жогорку класстагы окуучулар билимди англисче алышы керек деп чечим чыгарды. Ал балдар келечекте үч тилде эркин сүйлөшөт жана бардык билим булактары Казакстандын жаш муундары үчүн келечекте жеткиликтүү болуп калат. Дагы да баса белгилеп кетүү керек маселе, бизге жагабы же жакпайбы, дүйнөдөгү бардык илимий иштер жана илимий маалыматтарды алмашуу дүйнө боюнча англис тилинде жүрөт.

Биз эмне кылып жатабыз? Биз тескерисинче, артка кетип жатабыз – тышкы дүйнөдөн бөлүнүп, билим алууну чектедик. Балким мен жаңылып жаткандырмын, балким кимдир бирөө мамлекеттик заказды аткарып, чет тилиндеги китептерди кыргыз тилине которуп миллиондогон акчаларды тапкысы келип жаткандыр. Орус тилинен же башка тилден кыргыз тилине которгондо (философиялык юридикалык же саясий адабият болобу) тексттин маанисинин 30% – 40% кээ бир терминдердин, кошумча-алымчалардын, мурунку адабиятка шилтемелердин жоктугуна байланыштуу жоготууга учурайт. Бул деген биз маалыматты башынан эле толук эмес жеткиребиз дегендикке жатат. Болуптур дейли, бирок котормо жумушуна төлөй турган акча барбы мамлекетте? Анда биздин “илимпоздорубуз” илимий ойлоп чыгаруу менен эмес жөн кана котормо менен алек болуп калышат. Буга ондогон жылдар кетет. Ондогон жылдар текке кетет. Муну менен мен билим берүүнүн тили бул негизги маселе эмес, бул маселени бир пикирге келип чечсе болот демекчимин.

Жогорку окуу жайлары билим алуу үчүн эмес алагды болуш үчүн

Жогорку билим – бул билим берүүнүн бир гана баскычы. Бардыгы мектептен башталат, ал жакта 1990-жылдан тартып муундун алмашуусу өттү – советтик учурда даярдалган мугалимдер кетип алардын ордуна тажырыйбасыз педагогдор келди. Билим берүүнүн сапаты кескин түрдө түшүп кетти. Борборубуздагы бир нече мектеп гана билим берүү сапатын кармап келүүдө ал эми жалпы мамлекеттик деңгээлде алып карасак, деңгээл өтө эле төмөн. Чынын айтуу керек орто билим берүү бизде эки бутунан тең аксап келет. Изилдөөлөр да биздин окуучулар кошуна КМШ өлкөлөрүндөгү курдаштарынан артта калгандыгын көрсөтүүдө.

Бирок жалпы жогорку билим жаатындагы кризис тууралуу сөз кыла турган болсок, акыркы он беш жыл ичинде ЖОЖдор коомдо өзгөчө социалдык ролду ойноп баштады. Алар 17 менен 30 жаш аралыгындагы адамдардын жумушсуздук мүшкүлүн кечеңдетүүчү куралга айланган. Лицей, институт, университеттер өзүнчө бир индустрия. Адамдар эмгек базарында баркы жок дипломдор үчүн акча төлөшөт. Студент он жыл бою окуп, ага катар иштеп же ата-энесинин мойнунда отуруп, бул алып жаткан билимим жашоомду өзгөртө алат деген ой менен өзүн-өзүн жооткотот.

Баласын окууга өткөрүү үчүн ата-энеси уюн же жылкысын сатып андан кийин беш жыл бою сессия сайын баласын экзаменден өткөрүү үчүн бирден коюн ташыйт же акчалай берет – мунун баары жогорку билими тууралуу дипломду алуу үчүн гана кылган аракет. Акыры дагы бир жаңы юрист же экономист эч кимге кереги жок болуп чыгат да базарга соода кылганы жөнөйт. Билим үчүн төлөнүп жаткан “элдин акчасы” текке кетип “түбү жок кудукка” айланган билим берүү индустриясына куюлууда.

Бирок бул шарттын түзүлүшүнө себеп бар: өлкөбүздө туруктуу демографиялык өсүш байкалууда ал эми экономикалык өсүш жай жүрүп жатат. Адамдын саны көбөйүүдө ал эми кызмат орундарынын саны ошол эле бойдон. “Ашыкча адамдар” кайда барсын? Саясатчылар кошумча жумушчу орундарын түзгүчө “билим берүү” деп аталган инкубаторго барат. Белгилей кетсек, “жалпы” жогорку билимге умтулуунун себебинен гана жумушсуздук маселеси курч көтөрүлбөй кармалып турат. Башкача айтканда, биздин билим берүү системабыз билим берүү вазыйпасын аткарбастан социалдык вазыйпаны аткарып калды. Тактап айтканда, 27 жашка чейинки өлкө калкынын үчтөн бирин түзгөн катмарын пайдалуу көрүнгөн бир нерсе менен алектендирүү.

2013-жылы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева анын уюму медициналык окуу жайларга тапшырып жаткан студенттердин санын жана окуунун сапатын тескей албай тургандыгын моюнга алды. Ал студенттердин саны жылдан жылга өсүп жаткандыгын белгиледи. Ошол мезгилде Сагынбаева өлкөдөгү Мамлекеттик медициналык академиясынан башка бардык медициналык окуу жайларды жабууну сунуштаган. Мындан тышкары министр айым жаш адистердин билиминин төмөндүгүнө да арызданган. Андан берки эки жылда акыбал албетте өзгөргөн жок.

Бирок мен сыяктуу 1990-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенген, күйүп кетип кайрадан барын баштап “өзүн-өзү бутуна тургузган” адамдар жумуш орундарын түзүү маселесинде мамлекетке таянып болбойт экендигин жакшы түшүнүп калышкан. Андыктан, биз жогорку окуу жайларда биздин коомубуздун эмгекке жарамдуу, жөндөмдүү катмары болуп эсептелген – жаш муундун тапкычтыгык, айлакерлик сапаттарын, критикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн ойрондотуп жатабыз. Кыргызстандагы жумушсуздук маселесин чечүүгө бир кана жол бар ал – өзүн-өзү жумуш менен камсыздоо, жеке ишкердикти өнүктүрүү, толук кандуу кызмат көрсөтүү экономикасын түзүү. Учурда жумуш орундарынын 27% пайызы так ушу кызмат көрсөтүү жаатында. Бул үчүн беш жыл бою тынбай билим алуунун кажети жок, кесипке ээ болуу үчүн үч айлык атайын курстар эле жетиштүү болот.

Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, Кыргызстанда эң жогорку өнүгүү потенциалына ээ болгон бул 15 жашка чейинки балдар, ал эми адамдык потенциалдын сапаты боюнча 55-64 жаш аралыгындагы адамдардыкы эң жогору. Көрсөткүчтөрдүн эң төмөнкүсү 25тен 55 жашка чейинки адамдарда. Бул социалдык жактан тастыкталган изилдөөлөр көрсөткөндөй, биздин билим берүү системабыз биздин адамдык капиталыбызды өстүрмөк турсун, таланттуу, жөндөмдүү балдарыбызды тескерисинче, билимсиз жана экономикалык жактан запкы тарткан адамдарга айландырууда, башкача айтканда, биздин өлкөнүн адамдык потенциалын ойрондоодо. Келечек биздин балдардын колунда, биз – элүү жашты чамалаган активдүү, билимдүү адамдар эртели-кеч четке чыгабыз. Ошол учурда өлкө кимдин колунда калат?

Жаштар чынында эмнени билгиси келет?

Москва Мемориалдык мечитинин имам-хатиби Шамил Аляутдиновдун Спорт сарайда өткөн лекцияларына эки миңге чукул адам топтолду. Лекция “Канткенде ийгиликтүү мусулман болом?” деген аталышта өттү. Адамдар диний себептерден кана эмес актуалдуу билим алалык деген максатта келип жатышты. Эскирген билим берүү усулдарынан жана окуу программаларынан жогорку билими бар адам деген статустан башка алар пайда күтпөй калышкан. Чындап келгенде бул дипломдордун баары кесипкөйлүктүн дипломдору. Кесипкөй жумуш орундарын жаратпайт, жумуш орундарын жеке ишкер жаратат. Мен буга өзгөчө көңүл бөлмөкмүн.

Биз Кыргызстанда жеке ишкердик маданиятын өнүктүрүшүбүз керек, жогорку билимсиз болуу уят деген ката ойдон арылышыбыз керек – бүгүнкү күндө анын зарылчылыгы жок. Билим жана тарбия министрлиги Өкмөттүн экономикалык блогу менен бирдикте майда бизнес менен алектенүүгө ниеттенген адамдарга алгачкы билим алууга жардам бере турган программаларды иштеп чыгуусу зарыл – бизнес ачам десең эмнеден баштоо керек? Кандай бизнес пландар бар? Калктын муктаждыктары эмнеде? Кайсы тармактар бош кайсынысы толгон?

Бизнес семинарлар, тренинг, конференциялар бул да билим алуу. Жакшы ишти баштоого, чакан бизнести колдоого атайын кредиттик программаларды киргизүү зарыл. Буга кошумча эгерде адам бизнес менен алектенүүнү каалабаса жана эмгек базарынан иш издегиси келсе, Билим берүү министрлиги атайын мониторинг жүргүзүп, кайсы кесипке талап көбүрөөк боло тургандыгы тууралуу маалыматтарды абитуриенттерге берип турушу керек. Мисалга алсак, Бишкек ТЭЦинде жана шаардык жылуулук тармактарында иштеп жаткан адистердин эң жашы 30да орто жаштагысы дээрлик пенсия курагында. Бул чарбаны жакшы маяна алып ким жүргүзөт? Юрист же экономисттерби? Кышында электр энергиясыз тоңуп өлөбүзбү?

Ошол эле Медициналык академияда жылына үч-беш врач психиатр чыгарылат ал эми наркологдор жокко эсе, дагы бир он жылдан кийин улуу муун пенсияга кетсе, акыбал эмне болот? Саны жылдап өсүп жаткан психикалык ооруларды ким дарылайт? Гинекологдорбу же хирургдарбы? Эмнеге абитуриенттерге кадрлар стоматология жана юриспруденцияда эмес бул жерде керек болот деп айтпайбыз?

Албетте билим берүү системасын кайра түзүү тиешелүү убакытты талап кылат. Бирок натыйжада биз адистешкен жеке ишкердик маданиятты тарбиялап чыгабыз, учурдагы күнкөрлук маданияттан жана “өмүр бою студент” болгон адамдардан айрылабыз. Мамлекет анык багыттарды көрсөтүп, экономиканын түшүнүктүү моделин түзүп жана келечекке умтулушу керек. Билим берүү системасын бүгүн өзгөртпөсөк, эртең өлкө дагы да эч кимге кереги жок кадрларды окутууну уланта берет, ал эми анча-мынча билимдүү кадрлардын чет өлкөлөргө агылуусу токтобойт жана жумуш орундарынын саны ошо бойдон өспөй калат. Адамдык капиталдын сапаты да начарлайт. Андыктан билим берүү системасында кескин өзгөрүүлөр жасалышы зарыл. Ал өзгөрүү бизге эртең эмес бүгүн керек.

​Жеңишбек Назаралиев, Медицина илимдеринин доктору, профессор, нарколог

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG