Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Мен бала кезде атам алагүү маалында: “Эгер сен таза айылдык жигит болсоң улак чап, же топ ойно. Экөөнүн бирин кыйратпасаң сенин жигиттигиң кайсы?” - дээр эле. Кыйратып улак чапкан деле жокмун, бирок таноосунан буу бүрккөн, туяктары апамдын көмкөргөн көмөч казанындай болгон күлүктөрдү көргөндө өзүмдү атагы алыска тараган айтылуу Намаз балбан, Замирбек балбан, Тапа балбандар сыяктуу сезип кетчүмүн. Ошол кезде мени алардын аттарына мингизип койсо, ээрге конгон чымчыктай эле болуп калсам керек.

Кийин 10-11-класстарда кулун кезинен өстүрүп, чакан бирок кулжа моюн, учкаяак, күлүк ат да миндим.

Балалыгымдагы керемет көз ирмемдердин көбү улак менен кошо жадымда калды. Аттын күлүк – чобуруна карабай таң ашырып, куйругун түйүп, жука көпчүк салып токуп, үзөңгүнү кыскартып, чылбырды белге курчанып улак болгон талааны көздөй кары-жаш дебей агылып жөнөчүбүз.

Жарым саат, бир саат ордунан жылбай, кыйкырык сүрөөнгө толгон топ (улак турган жер) кайнай берип коюлган көжөдөй боркулдап турар эле. Тегерегинде казганактаган эл, секичеде, тал башында, бүтө элек дубалдардын кырында жөө ышкыбоздор жарданып турушат. Улак болгон күнү майрам, жалган айтам, майрам да эмес, айыл жашоосундагы дүңгүрөгөн эбегейсиз чоң той болчу. Тигинде тай торпокту арткы шайрагынан апчый кармаган балбан жерден үзүп баратат.

Эй чап атты, атаңдын оозун урайын!

Кармашып кой, жетеле атты!

Эңкейбейт бекен, эзилген гана чечек!

Эй, капталдан койдурбагын!

Айланайын ава, мээнетти тепсей көрбөңүз!

Карма! Жалга ташта эми! Ашырсаңчы бутуңду!

Улак жалга түшкөндөн кийин “Аа-а-ааа!” деп аба жаңырта кыйкырган жигит топтон суурулуп чыгып мараны көздөй чаап жөнөйт. Чоң соорунга карай бараткан улакты эч ким талашпаса да беш-алты атчан жандап чаап барышат. Марага улакты таштары менен улак таштаган чабандестин атын жылоолоп жетелеп, казганактаган элдин ортосуна алып келишет.

Бергиле соорунун!

Мээнет ушунуку болду.

Атаңа рахмат, атасынын көрү, камырдан кыл сууругандай эле алып чыктың.

Оомийин!

Чалма айылынын улакчы жигиттери. Кара-Кулжа, Ош

Чалма айылынын улакчы жигиттери. Кара-Кулжа, Ош

Жети уруу, жети суу элди кучагына алган Чалма айылынын Катраңкы талаасын, Ажикенин Копкон-Сазын, Буйганын Ак-Терегин азыр “торпок улаксыз” жылаңач элестете албайм. Ошончо көп элдин арасынан торпок атынын жалына түшкөн эле чабандес бир заматта аңыз болуп кетер эле. Ал тургай “Мен шыйрагын кармабадымбы” деп мактанган кадыресе эле чабандестер бир топко дердейип жүрүшчү.

Айыл улагынын өзүнүн эч жерде жазылбаган, бирок бузулбаган эрежелери бар. Үзөңгүгө салмай, тетири басмай, жип менен байламай, тээк салмай, кайра тартмай жок. Мындай кылсаң сөгүш угасың, ага болбосоң камчы менен башка жейсиң.

Чыдабай “курту кыймылдап” кеткен боз балдар кунан-быштылары, кашаң-чобурлары (күлүк ат тиймек кайдан) менен ичине кум толтурган капты, же эскирип ыргытылган талпакты (чыпта улак деп коюшат) тартып кетишчү. Бечара көөдөк балдар тиги чабандестерди көрүп каны кызып, делөөрүп, анан айласы куруганда чыпта (кап) тартышат. Аларга өздөрүнө ылайыктуу улакты ким союп бермек эле. Булардын жашы 7 жаштан 13-14 жашка жейин болор эле. Ал тургай 9-класстын баласы намыстанып “чыпта улак” чапчу эмес. “Ээ, сенин атың “чыпта улакка” жарайт”, “Баланча, бар тиги досторуңа кошулуп чыпта улак чап”, - дешип 16-18 жаштагы уландар бири-бирин тамашалашар эле. Ал эмес, чоң чабандестер да ыңгайлуу учурду колдон чыгарып жиберген “мажүрөө” досун “Бар, сен тиги жаш балдарга кошулуп “Чыпта улак чап!” деп зекип калат.

Быйыл өтө турган Көчмөндөр оюнунда улактын ордуна ушундай кайыш тулупту тартуу сунушталганы айтылууда

Быйыл өтө турган Көчмөндөр оюнунда улактын ордуна ушундай кайыш тулупту тартуу сунушталганы айтылууда

Бул эми торпок улак болгондогу кез. А теке улак болсунбу!? Аттын үстүндө тыңыраак отургандын баары жан талашып союлган семиз текенин шыйрагына жабышат.

Быйыл кышта айылдын 1988-жылы туулган жигиттери элден бата алып коёлу деп “Теке улак” бердик. 10 метрден ары жагы көрүнбөгөн туман болсо да аябай кызыды. Баягы мен бала кездегидей эле керемет көк бөрү. Чыныгы жигиттикке тарбиялаган оюн. Аксакалга келип ат миңгизмей, жаш балдарга ашкан улакты талашпай, кайра сүрөп чапмай, Оштон, төштөн келген “мейман” атыгып калган айылдаштарга атап улак ашырмай деген асыл каадалар али да бар экен. Бир гана мен окуучу кезде тырбалаңдап чыпта улак чапкан жаш балдар азыр билеги жоон, эр көкүрөк чабандес жигит болуп калашыптыр. Ошолор келип ат миңгизип, улак ашырып жатышты.

Биз, кыргыздар тирүүлөй бөрүнү тартып кеткен элбиз. Биз 60-70 килограмм торпокту бир кол менен аттын жалына чыгарып кеткен баатырлардын урпактарыбыз. Семиз союлган текени такымга басып, чоң талаанын боз үйдүн ордунча көрбөй чаап, марага эки-үч айланып келип таштаган, аттын кулагы менен тең ойногон элбиз. Бизде “чыпта улакты” (жасалма улакты) жаш, ээрге эми бекиген балдар гана чабышат. Көк бөрү биздин оюн. Биздин спорт. Көчмөндөрдүн байыртадан келе жаткан, эр жүрөк, таш билек балбандардын күчүн, эркин курчуткан оюн.

Ашкере динчил болбосом да, союлуп чабылган текенин, торпоктун эти адал экендигин, керек болсо бул оюн пайгамбарга жага турган спорт экендигин айткан Чубак ажыга ыраазы болуп калдым.

Кыргыз эли жасалма улак чапкан эмес.

Улукбек Омокеев

Улукбек Омокеев

Улукбек Омокеев, блогер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG