Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Үч-төрт кесиптин ээси болом


Сүрөттүн блогго тиешеси жок
Сүрөттүн блогго тиешеси жок

Биздин муундун калыптануусу коомдун эң прогрессивдүү, маалымат алуу ар тараптан өнүккөн ааламдашуу мезгилине туш келди. Таңдан-кечке дүйнө жүзүндөгү оң жана терс кабарларга жыш толгон интернет булактарын эркин колдонобуз. Андан издегениңди да оңой табасың. Кайсы кесиптин ээси болом десең, алдын ала эле анын өзгөчөлүгүн, бат өздөштүрүүнүн сырларын билип алууга болот.

Менин ата-энем экөө тең жогорку билимдүү. Бирок алар интернетке эмес, китептерге басым жасап көнгөн. Анткен менен экөө тең чыгармачыл, коомго өз-өзүнчө көз карашы болгондуктан, ааламдашуунун талабын жакшы түшүнөт.

Алар кичинемден эле манасчы болуума жардам беришти. Алты жаштан он бешке чыккыча Манас айттым. Азыр эми, мектептин 9-классын аяктап жатып, дагы бир өнөр үйрөнгүм келип турат. Эң зарыл кесиптердин менин табитим менен жөндөмүмө ылайык келгенин тандап, ата-энем менен кеңешип, өз ара талкуулап көрдүк.

Адам өз табиятына ылайык тандаса, бардык кесип кызыктуу эмеспи.

Мен азыр кесиптик лицейге эле тапшырууну туура көрүп турам. Анткени, лицейде 10-11-классты бүтүрүү менен бир же жетишсем экинчи кесипти өздөштүрүп алууга мүмкүнчүлүк бар экен. Мисалы, үй-тиричиликке керектүү электрик, же жыгач усталыктын сырларын, үй куруп, ичин жасалгалоо (ремонт) ж.б. үйрөнүп чыксаң болот.

Мен азыр менеджерлик кесипти окуганы жатам. Жетишип, жакшы окусам,1-курстан баштап, башка дагы кесипти өздөштүрүүгө уруксат бергендиктен, заман шартына ылайык, кулинарияны, электр менен иштөөнү үйрөнүүнү көздөп турам. Алар, үч жана алты айлык мөөнөттөр менен окутулат экен. Ага менин убактым жетишерлик. Аттестат алгандан кийин, жогорку билим алуу үчүн Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнө кирүүгө, ага кошуп манасчылык өнөрүмдү улантууга ниет кылдым.

Баса, учурда мен тууралуу «Жаш манасчы Акылбек 15 жашта» деген даректүү тасма тартып жатышат. Буюрса, жыл аягында бүтүп калаар.

Кыргызстандын шартында, кесипке жаш талапкер катары мен ушундай жолду тандадым жана келечекте аманчылык болсо ийгиликке жетериме ишенем. Мени менен курбалдаш, башка талапкерлерге да, ак жол каалап, өз өлкөбүзгө туура тандалган кесиптерибиз менен кызмат кылып, аны өнүктүрүүгө салым кошолу деп үндөйм.

Баарыбызга ак жол болсун, кесипкөй замандаштар.

Акылбек Кеңешбек уулу, Ош шаарындагы №11 А.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын 9-классынын бүтүрүүчүсү

(аз камсыз болгон үй-бүлө деген шарт менен мектеп-интернатта окуйм)

XS
SM
MD
LG