Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58
Дем алыш күнү кеңсеге келсем кире бериште жыйырма чакты аял туруптур. “Мыкты губернаторубузду кызматтан алып коюшту, ал кишини кайра губернаторлукка тез арада дайындасын” деген талап менен 900 чакырым жолду өтүп, алыскы Баткенден келген экен. Арасында отуз жаштагы келини да, жетимишке таяп калган апалар да жүрөт. Жалаң аялдар.

“Эне, канча пенсия аласыз?”,-деп сурадым жанатан бери тынбай даттанып жаткан аялдан.

“Эки миң сом эле алам балам, эч нерсеге жетпейт”,- деди ал.

“Эч нерсеге жетпесе, бир айлык пенсияңызды бул жакка келген жол акыңызга коротуп койсоңуз, келерки айда кантип жашайсыз?”,- деп дагы суроо узаттым.

Баары жабыла жооп берип киришти, “биз эл үчүн иштеген губернатордун калышына акыркы акчабызды болсо да сарптап келебиз, балдарыбыздын келечеги үчүн” ж.б. сөздөр.

Эмне үчүн биздин аткаминерлер кызматтан кетүүнү трагедия катары кабыл алышат? Эмне үчүн ордун сактап калууга энелерди, карапайым адамдарды курал катары колдонушат?

“Талапты аткарбаса Ак үй алдына чыгабыз” деп билек түрө киришкен аялдардан эртеси дайын жок. Менин оюмча, алар Ак үйдүн алдындагы башка митингчилерди көрүп, биротоло түңүлүп кайра үйлөрүнө кайтышса керек.

Башка митингчилер демекчи, ыңкылаптан кийин Ак үй алдында митингсиз күндөр аз эле болду окшойт. Бирөө “кетсин” дейт, башкасы “келсин” дейт, дагы бири “бийлик бер” дейт, бирөө “жердешиме бут тоспо” дейт, акыйкат издегендер, акча издегендер... кыскасы баарын учуратасың.

Майлуу кызматтарды мындай кой, мектептин директорун деле кызматтан алуу азыркы бийлик үчүн өзүнчө түйшүк болуп калгандай. “ Баланча Баланчаевичке тийишип эле көрсүнчү, керек болсо эки миң адам алып чыга алабыз” деп күпүлдөп, тим эле көкүтүп сүйлөгөндөр көбөйдү. Митингге чыккандарды да түшүнсө болот, алгач кайрылуу жазат, анысына жооп болбойт, анан аткаминерге кирип дартын айтып чыгышат, анысынан жооп жок, анан гана аргасыз кагазга талаптарын жаза салышып митингге чыгышат. Балким митингчилер менен иш алып барчу атайын штаттык кызмат керек болуп жүрбөсүн?

Кайыпшер көпүрө…

Кайыпшер Ак үйдүн алдына күн сайын жумушка келгендей эле эртең менен келет. Өзү апрель ыңкылабына активдүү катышып, желекти желбирете көтөрүп чуркап жүргөнү интернетте, гезиттерде жайнап кеткен. Азыр митингчилер менен өкмөттүн ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып жаткан экен. Даттангандардын талабын угуп, тиешелүү аткаминерге жеткирип, кайра беркилерге жообун берет. Айлык албайт.

Депутаттар да тынымсыз митингдерге көнүп бүтүшүптүр. Мисалы, митингчилердин саны жыйырмадан ашпаса кабинетинен чыгып жолукпайт экен, эгер эле андан ашса көчөгө чыгып арманын угушат. Чечип беребиз деп жооткотушат, же чече албайт…

Сезон келатат…

“Күн жылый баштады, митингдердин сезону эми күчөйт” деп видео журналист кесиптешим Мирлан камераларын бир сыйрадан кароодон өткөрө баштады. “Митингдер Мирландын көзү менен” деген бир жакшы макала жазам деп кол тийбей жүрөт. Мирландын жумушка келип, камерасын көтөрүп, кайра эле митингге кеткен жашоосу уланууда. “Жазда Кулов баштайт дейби, Мадумаров баштайт дейби…” деген ушактар дагы тарады. Алар эмнени баштамак эле, дагы бүтпөгөн митингдер… Бирөөгө бийлик керек, бирөөгө кызмат керек, бирөө акыйкаттык издейт…

Айтор, ким эмне издесе да көпүрөлүк кызматты аткарган Кайыпшердин да түйшүгү күчөгөндөн күчөп баратат…
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG