Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:34
“Төрт жаштагы кызын өз атасы зордуктаптыр!” деген кабарды окуганда алгач уккан кулагыма ишене алган жокмун. Кантип?! Качан гана жабыр тарткан наристе кызды өз көзүм менен көрүп, энеден окуяны баштан-аяк укканда ишенүүгө аргасыз болдум. Бала эмеспи, кичинекей Каныкей ооруканадагы бөлмөдө эч нерседен бейкапар куурчак ойноп жаткан экен. Өз жолдошунун көркоолугунан күнү-түнү күйүткө батып отурган эне көзүнүн жашын тыя албай окуяны баштан аяк айтып берди. Үрөй учурарлык бул окуяны угуп отуруп, деги биз кайда бара жатабыз, атасы өз кызына бачабаздык кылган кезге келдикпи, чын эле акыр заман жакындап калдыбы деген ой жүрөгүмдү түпөйүл кылды.

Заринанын тыйылбаган ыйы

“Экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө жети жыл болду, бул аралыкта бир кыз, бир уулдуу болдук. Азыр кызым төрт, балам эки жашта. Жолдошум соо кезинде түзүк эле адам көрүнгөнү менен мас болгондо мага кол көтөрүп, ардемелерди сүйлөп, таң атканча уктатпай чыкчу. Соолукканда “нерв оорусу менен ооруйм, ошондуктан мас болгондо өзүмдү билбей калам” деп кутулчу. Жети жыл тордун ичинде гана жашагандай болдум, оорусам ооруканага да жиберчү эмес. Экөөбүздүн тең туруктуу жумушубуз жок болгондуктан, ар кимдин батиринде жашап, жыл сайын сезон убагында үй-бүлөбүз менен Казакстанга барып жалданып иштеп келчүбүз”.

Ошол каргашалуу күнү Заринанын алты айдан бери ичпей калган жолдошу ылжып мас болуп келет. Адатынча ичиндеги жин оорусун аялынан чыгарып уруп, аз жерден отун таарыган араа менен мууздап салаарда Зарина кичинекей баласын кучактаган бойдон эжесиникине качып барат. Таежесине коноктоп кеткен төрттөгү кызы Каныкейди мас атасы атка учкаштырып бир жакка алып кеткенин укканда эненин жүрөгү солкулдап, таң атканча уктабай чыгат.

Көрсө жолдошу жолдо баратып насывайга кошуп кара куурай чегип алат. Андан ары бак-дарактуу жерге барып кызын аттан түшүрүп, жерге жыгат да, кенедей наристе кызын айбанча зордуктаганы...

Эртеси үйүнө жете барып, башын көтөрө албай дене-башы көгала шишик, соо жери жок тытмаланган кызын диванда жаткан жеринен таап, Зарина ботодой боздоп отуруп калат.

Бачабаз-ата азыр Казакстандын түрмөсүндө камалып жатат.

Каныкейдин келечеги бар

Арийне, наристенин кантип жабыркаганын сүрөттөп берүү журналисттик адепке жата бербейт. Бирок, мен бир аз болсо да көргөнүмдүн бир четин айтып берүүгө аргасызмын. Айтор, догдурлар текшергенде төрт жашар Каныкейдин ичтен ылдый жактагы талылуу жерлери бүт айрылып, адам карагыс болуп калыптыр. Баш сөөгүнөн да катуу жаракат алган. Алматыда бир нече ай ооруканада жаткандан кийин дарыгерлер “калган операцияны Кыргызстанга барып жасаткыла, бизге караганда алар күчтүү” деп кетиришет. Азыр кыз оңолуу жагында, жакында эле экинчи операция болду. Дарыгерлер жыныстык органдарын жамашып, заара чыгара турган түтүк тигишти. Заңы бөйрөк тушундагы атайын жасалган тешиктен чыгып жатат. Эми бир айдан кийин, буюрса, желим коюп, аны да калыбына келтиришет дешти. “Кудайга шүшүр, кызым эне боло алат экен”, - деп кудайга тообо кылат Зарина. Психологдор “кызыңдын көзүнчө ыйлаба, жаман сөздөрдү сүйлөбө, болгон окуяны сураба. Бара-бара баарын унутат, бала кыял бойдон азыр”, - деп жооткотууда.

Чын эле атасынан көргөн кордукту кичинекей кыз жаман түштөй унутуп калар бекен? Дегеле мындай кайгы башка бир да эненин башына түшпөсүн десек эмне кылышыбыз керек? Ушундай суроолор уйкумду алды. Аңгеменин адам чыдагыс ыплас жактарын сиздерди аяп, чыгарган жокпуз, окурман.

Азыр кызынын татаал операциялары менен күчтүү дары-дармегине акча табалбай отурган Зарина кимден жардам сураарын билбей башын мыкчып отурган кез.

Динара Чокоева,
журналист

“Азаттыктан”: адептик эрежелерден улам эненин да, наристенин да ысмы өзгөртүлүп берилди. Эгерде кимдир-бирөө Каныкейге каралашкысы келсе, “Азаттык” аркылуу таба аласыздар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG