Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50
Бүгүнкү глобалдашкан дүйнөдө көптөгөн талаш-тартыш маселелер мамлекеттердин ичинде эмес, эл аралык сотто чечилет.

Мисалы, кечээ жакында парламентте каралган "Кумтөр" маселесин алалы. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун эки долбоору даярдалып, депутаттарга сунушталды.

Биринчи вариант менин көз карашмыча өтө радикалдуу сунуш болгон. Маселен "Кумтөрдү" улутташтарып, анын базасында "Кумтөралтын" мамлекеттик ишканасын түзүп, жалаң гана өзүбүздүн менеджментти киргизүү каралган.

Ал эми экинчи токтом бир топ салмактуу. Анткени ал жерде улутташтыруу жөнүндө сөз жок, бирок сүйлөшүү жүргүзүп, «Кумтөрдүн» экологиялык жана социалдык жоопкерчилигин арттыруу, түшкөн пайданы эмес, продукцияны тең бөлүү, башкармалыгындагы Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү жөнүндө өкмөткө көрсөтмө берилди.

Мен экинчи долбоорду колдодум. Эмне үчүн?

Биз кандайдыр бир радикалдуу чечимдерди кабыл алуудан мурун терең ойлонушубуз керек. Өзгөчө улутташтыруу өңдүү талаш маселелерге келгенде "жети өлчөп, бир кесүү" абзел.

Кыргызстан 1997-жылы Вашингтон конвенциясын ратификациялаган. Бул конвенция мамлекет менен чет өлкөлүк инвесторлордун ортосундагы инвестициялык талаштарды чечүүнүн тартибин жөнгө салат. Эгер талаш-тартыш жарала турган болсо, акыркы чекитти жергиликтүү сот эмес, эл аралык арбитраждык сот койот. Биз да бул цивилизациялуу эрежеге макул болуп, бардык эле башка мамлекеттер сыяктуу, чет өлкөлүк инвесторлорго ушундай укук берип, аны толугу менен тааныдык.

Бүгүнкү глобализация доорунда бул өңдүү эл аралык келишимдерди тааныбай, «өзүм билем» деген саясат жүргүзүү бизге окшогон чакан, кедей жана адам ресурсу чектелүү мамлекеттерди аябагандай чоң чыгашаларга дуушар кылат.

Адатта арбитраждык соттор бардык мамлекеттерде бар. Кыргызстанда дагы. Алар ар бир мамлекеттин соода палаталарынын алдында түзүлүп, келишимдик, коммерциялык талаш-тартыш маселелерди карайт. Бирок адилеттүү, абройлуу деп Европанын эки соту эсептелет. Бири Лондондун арбитраждык соту, экинчиси Стокгольм арбитраждык соту. Лондон арбитражында жакында эле Березовский жана Абрамович иши каралып бүттү, азыр Векскльберг (биздин Кара-Балта тоо кен комбинатыбыздын ээси) жана Дерипасканын (Ельциндин күйөө баласы) «Орус алюминийин» бөлүү боюнча чатактары каралганы турат. Ал эми Стокгольмдо «Газпром» менен Литванын газ боюнча чатагы каралууда.

Эл аралык инвесторлор жергиликтүү өкмөткө же сотко ишеним арта албаган учурда келишимде ушул конвенцияга шилтеме жасап, «эгер чыр чыкса, акыркы чечим эл аралык сотто коюлат» деп белгилешет.

Мисал катары Азия универсал банкынын ээси Михаил Наделдин аракетин айтсак болот. Ал кыргыз өкмөтүн "банкымды тартып алды" деп эл аралык сотко берип атат. Биздин өкмөт Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп берет деп Winston & Strawn аттуу эл аралык юридикалык компанияны жалдады. Мындан сырткары "Манас" банкынын ээси Белоконь менен да ушундай процесс башталганы турат.

Азыр массалык маалымат каражаттарында Winston & Strawn компаниясына кыргыз өкмөтү 1 млн. доллар төлөптүр деген маалымат пайда болду. Менин маалыматым боюнча өкмөт азырынча төлөй элек, бирок төлөө тууралуу милдеттеме алган. Себеби мындай компаниялардын кызматы аябай кымбат. Бул биринчиден мындай алешемдиктерге – туура эмес чечим кабыл алып, ашыкча чыгымдарды төлөөгө аргасыз кылган аткаминерлердин жумшак айтканда "чала сабат" ишинин кесепети. Андыктан бул биздин элибиздин төлөй турган чыгашаларынын башталышы гана болуп эсептелет.

Түрктөрдүн "Систем Мюхендислик" аттуу компаниясы биздин мамлекетибизди эл аралык сотто 11 млн. долларга утуп алды. Эл аралык сот эртеби-кечпи бизди бул акчаны төлөттүрөт. Эгер төлөбөсөк Кыргызстандын чет мамлекеттердеги мүлктөрүнө, керек болсо элчиликтерге, акцияларга (ошол «Кумтөрдүн»), чет мамлекетке чыккан учактарга (керек болсо президенттин учагына) арест салынып, конфискация болушу мүмкүн.

Ошондуктан «улутташтыруу», «тартып алуу» өңдүү иштер боюнча чечим кабыл алуучу органдар жоопкерчиликтүү мамиле кылып, Кыргызстандын ичиндеги эле түшүнүктөр менен эмес, эл аралык стандарттар менен иш алып баруусу зарыл. Башкача айтканда Кыргызстан дүйнөнүн түркүгү эместигин, чакан жана жарды, бирок ошол эле учурда глобализациялык процесстин катардагы катышуучусу экендигин эске алуу керек.

Андыктан мындай олуттуу чечимдерди кабыл алууда жети өлчөп бир кесүү абзел. Антпесек, анын кесепети айланып келип эле бюджет аркылуу салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан ЖЭЭНБЕКОВ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG