Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Бүгүн жана эртең


Кыргыз эли эзелтеден өзгөдө жок өзгөчөлүгү менен айырмаланган, каада-салтты бийик тутуп, жазылбаган нарк түшүнүгү аркылуу жашап келген.

Улууга урмат, кичүүгө ызаат деген чакырыктын алдында, урпактан-урпакка адамдык баалуулуктарды сыйлоо маданиятын бекем кармашкан. Коомдо аксакал деген улуу наам калк башкарган кандын да кадырынан бийик турган. Алсак, уруу үчүн өтө маанилүү маселелер, кооптуу көйгөйлөр, капыстан чыккан окуялар, бардыгы аксакалдар, уруу билермандары менен биргеликте чечилип келген.

Алар турмуштук баштан өткөн тажрыйбаларына таянып, ата-бабалардан калган үрп-адаттардын негизинде, коом үчүн пайдалуу калыс чечимдерди чыгарышкан. Тең салмактуулук, калыс көз-караш сапаттары ар кандай чыр-чатактардын туура чечилишине көмөк берген. Албетте бул маданий мурастарыбызда, улуу дастандарыбызда ачык байкалат. Маселен, Бакайдай калыс, Кошойдой кеменгер, Көкөтөйдөй көсөм улуу каармандар, калкыбызга дайым үлгү болуп келгенин эч ким тана албас. Чынында, арасында Жакыптай ач көз, Тейиттей карөзгөй терс каармандарыбыз да бардыр. Бирок алар да келечеги жок кесирлүү түшүнүктөрү менен көп турмуштук тарбияларды берип тургансыйт.

Анткен менен бүгүнкү күндө, бул эзелтен келе жаткан эски нарк четке кагылып, жаштарыбыз эле эмес, карыларыбыз да ата жолунан адашып калгандай элес калтырат. Каада күтүп, санжыра cөздөн кеп кыла турган аксакалдарыбыз, ар кандай ушак-айыңдардын эпкинине кептелип, күнүмдүк кызыкчылыктардын артынан калыстыктан тайып, ыйык наамын ылайлатып жатышкансыйт. Базар экономикасы сасык тумоодой, алардын берген баталарына чейин тарап, жада калса “сакалымды сыйласаң, муну кылып кой, аны аткарып кой” деген “дежүр” чалдар күн санап көбөйүп барат.

Бийлик үчүн баарына кайыл кээ бир саясатчыларыбыздын артынан ээрчип, ичкиликти курдаш, аракечти сырдаш кылып, себеби жок кан ордого каргыш айтып, калжаңдап карыганда жаш баланын оюнун кылган аларды көргөндө чын эле зээниң кейийт.

Жаштарга керектүү кеңештерин берип, ийрисин түзөп, туура жолго салгандын ордуна, кимдир бирөөнүн камчысына айланып, акча бергендин айдагына баш ийип жүргөн улуу муун келечектен эмнени күтөт деген ой кетет.

Балдарына акыл көрөңгөсүн, насаат керээзин таштап өтүүнүн ордуна, байлык топтоп, акча десе акылынан адашкан абийирсиз, пайдакор келечекти тарбиялап, аларды ууландырган уюткуну мурас кылган улутубуздун көч башчыларын ким жолго салат деген көкөй кескен көйгөй көпчүлүктү карайлатып тургансыйт. Ишенгеним сен болсоң демекчи, караңгыда көз, капилеттен сөз табаар деп аталардан бата сурап отуруп, аягында акчалай акысын төлөй турган болсок, балким келечекте биз дагы бата сатып, базарда отуруп калабызбы деп корком.

Бүгүнкү күндө, азыркы жаштар мындай, жүрүм-туруму тигиндей, ары жок абийирсиз деген көптөгөн сындарды угуп калабыз. Албетте алардын да чындыгы бар, бирок бир беткей жаман деп айтууга да болбойт. Жогорудагыдай алдыга жол баштап, келечектин тизгинин кармаган улуу муундарыбыздын жоопкерчиликсиз аракеттерин көргөндө, кимди жактаарыңды билбейсиң.

"Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деп бекер айтпаса керек. Маселен, бүгүнкү күндө элибизди эриктирбей, эки күндө бир, борбордо болуп жаткан митинг, пикеттерди эске алалы. Эгемен, эркин өлкөдө алардын да болуп туруусу шарт деңизчи, бирок туңгуюк идеологияны туу тутуп, натыйжасыз көчөгө чыгып алып кыйкыра бериштин эмне кажети бар? Эң өкүнүчтүүсү ошол үнүнүн жетишинче кыйкырык салып, “обончулардын” арасында обу жок жаштарга тең тайлаша жүгүрүп жүргөн карылар, ким үчүн пикетте жүргөндүктөрүн билбей жаткандыгы. Элдин эртеңи үчүнбү же күнүмдүк кызыкчылыкпы? Балким арасында эл деп соккон жүрөгү, акыйкат, аруу тилектүү аксакалдарыбыз да жок эместир. Бирок бийликтин этегин кармап, акчаны көргөндө алдастап, ак чапанды ар кимге жаап, ак калпакты биринен алып, бирине кийгизип отурган “аксакалдар” жок деп ким айта алат.

Албетте ар кимдин колун карап, кемтигибиз кеңейип, келечегибиз бүдөмүк болуп турган чакта бул да турмуштун бир сынагыдыр. Бардык күнөөнү эле улуу муунга жүктөгүм келбейт. Тыйындын эки тарабы бар сыяктуу ааламдашуу мыйзамы жаштардын психологиясына, жакшы жана жаман таасирин тийгизип келет.

Дүйнө көп түрдүү, технологияга байланган бир “айылчага” айланып, жекечилик, өзүмчүлдүк жашоо образы жаштарды жарга сүрүп барат. Улууга эле эмес, өзүн төрөп, өстүргөн ата-энесине да теңтушундай мамиле кылып, карыганда карабай кеткен кайрымсыз балдар, абийирсиз аракеттер, тоголок Жер шарын томолотуп жиберчүдөй, адамдык улуу жолду жокко чыгарчудай терс ой жаратат. Андыктан адамдык улуу касиетти сактап калуу милдети бардыгыбыздын мойнубуздагы ары оор, ары маанилүү жоопкерчилик экендигин билишибиз зарыл.

Жаштардан жакшы келечек чыксын десеңиздер, “аксакал” деген кадырлуу ысымды таза сактаңыздар, урматтуу улуу муун. Улуу сөзү биздин элде улук, улутубуздун уңгусун түзөт. Акыйкат, калыс сапаттар менен алдыга чыйыр салгыла, келечек жаштардын колунда болсо, бүгүнкү күндүн эки чылбыр, бир тизгини силердин колуңарда!

Жайыл Русланов
Кыргыз-Түрк “Манас” университети, журналистика факультети, 2-курс
XS
SM
MD
LG