Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Мигранттар жыргаганынан четте иштеп жүрүптүрбү?


Дүйнө жүзүндө миңдеген улут, түркүн эл жашайт. Алардын кээ бири мээ кайнаткан ысык чөлдү мекендешсе, кээси борошо кары сапырылган ак бурганак аймактарда жашашат. Ал эми көйкөлгөн көк ирим көлү бар, белден буралган бетеге чөбү бар, асман тиреген бийик-бийик тоолордун, ак мөңгүлүү аска зоолордун, таза аба, мөлтүр тунук суусу аккан, көз жоосун алган жаратылыш, токоюнда аркар, кулжа, элик, илбирс мекендеген, булбулу кубулжуп сайраган керемет жер, албетте, ал биздин ата-мекенибиз - Кыргызстан!

Эзелтен байыркы касиеттүү бабаларыбыз Борбордук Азияда уруктан уруу курап, уруудан улутка жетилип, орошон хандык күтүп, асабасын колдон түшүрбөй, канча кылымдарды карытып келди. Улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүү менен жашап, каада-салтты бек кармап, кыргыз деген уңгулуу, көрөңгөлүү элдин жасаган эрдиктери тарыхыбыздын карт барактарында калды. Башына каран түн, мүшкүл иш түшсө да моюбастан, ажыдаардай айбатынан тайбай, нечендеген душмандардын күлүн көккө сапырып, жер менен жексен кылышкан.

"Бөтөн жердин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол," дегендей чыгаан эр жүрөк баатырларыбыз эли-жери үчүн гана жан үрөп, кашык каны калганча күрөшкөн. Алар кан майданда, айыгышкан жоодо баатырларча курман болуу - чыныгы өлүм деп эсептешкен.

Кыргыздын чачылганын жыйнап, үзүлгөнүн улаган, өчкөн отун тамызган Манас, Семетей, Сейтек аталарыбыз, баатырдыгы жанда жок Барсбек кагандарды ким билбейт. Эркектерден кем калышпаган, ат жалында шамалдай ойногон, кыздан чыккан кыраандардан да элибиздин уучу кур эмес. Даңкы далайга, атагы Алайга тараган даанышман энебиз Курманжан датка канынан жаралган баласынын өмүрүнөн элинин амандыгын, кадырын бийик койгон.

Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал сындуу баатыр кыздар кыргыз элинин көчмөндүк доорунда элин сактаган. Биздин ата-бабаларыбыз урпактарына жаркын келечек, кубаттуу өлкөнү белек, аманат кылып тапшырышты. Аманат дегеним, биз дагы кийинки муундарга чып-чыргасын коротпой, мындан дагы мыкты, прогрессивдүү кылып тапшыруубуз зарыл. Бул - Ата-Журттун нанын жеп, суусун ичип, абасын жутуп чоңойгон ар бир жарандын мойнундагы парзы, ыйык милдети, кайтара турган карызы.

Кыргыз эли кандай гана бактылуу элбиз! Миллиондогон калкы туруп, эгемен мамлекет боло албай, ак эткенден так этишкен канча калктар бар. Ал эми биздин республика - байрагы желбиреп турган Кыргыз Республикасы - жашоонун мыкты, келечек ыңгайына айлануунун босогосунда турат. Сыймыктана турган мамлекеттик атрибуттарыбыз, кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз тилибиз бар.

Жаштарга татыктуу билим, таалим-тарбия берген мектеп, окуу жайлар курулган. Ири ишкана, завод, фабрикалар, андагы жумушчулар тыным албай эмгектенишүүдө. Экспорт, импорт жүрүп жатат. Канча деген көрүнүктүү өлкөлөр менен элчилик байланыштар, соода-сатык мамилери жүргүзүлүп жатат. Канчалаган союздарга мүчө болуудабыз.

Мына Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарынан чыгарылды. Калкыбыздын саны артып, 6 миллиондон ашты. Спортчуларыбыз олимпиадаларда жогорку орундарга жетишип, маданият кызматкерлерибиз ар кандай ийгиликтердин ээси болуп желегибизди желбиретип келе жатышат.

Кыргыз рухунун туу чокусу "Манас"эпосун, улуу акын жазуучуларыбыздын чыгармаларын дүйнө эли таанып, кызыгуу менен окушат. Булардын баары элибиздин жетишкендиги, сыймыгы. Дагы айта кетчү нерсе, Кыргызстан табигый, тарыхый баалуу эстеликтерге бай, кендери арбын. Ордолуу Оштун так ортосунда бой тиреп, заңгыраган Сулайман-Тоо кыйла кылымдардан бери табийгат берген турпатын сактап, турган турушунда кылын кыйшайтпай, ташын таратпай сактап келет. Батыштан чыгышка карай суналып жаткан, беш урчуктуу уютулган, чулу таштай касиеттүү тоо. Жалал-Абад облусундагы ажайып кооз, табияттын туундусу - Арстанбап токоюн кимдер гана билбейт?! Бийиктиги 21,67 метр, диаметри 9 метрге жеткен археологиялык, архитектуралык комплекс - Бурана мунарасына суктангандар аз эмес. Асман тиреген тоолордун койнунда орун алган Таш-Рабат кербен сарайы уникалдуу объектибиз.

Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл сындуу көлдөрүбүзчү! Таластагы айкөл Манас атабыздын күмбөзү тууралуу эл арасында канча уламыштар айтылган. Бул да болсо анын улуулугун, байыркылыгын айгинелейт. Ат-Башы жергесиндеги Кошой-Коргон комплексине барган сайын элдин кызыгуусу артып, аягы тыйылбайт. Алтын чөйчөк аталган Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш тарыхый комплекси эң бир кооз жай.

Азыркы учурда айрым замандаштарыбыз мамлекеттин келечегин капарына албай, өз көмөчүнө гана күл тартышууда. Биздин колдон биртоп нерсе келет.

Мекендештерибиз ар кайсы өлкөлөрдө иштеп жатышат. Алар чет жерде эмгектенип Кыргызстанга миллиондогон акча салып жатышат, тажрыйба топтошууда. Эгер кылган иштерибизди бул жерде жасасак, биз кыялданган Кыргызстан тез арада өнүгөт. Албетте, алар деле жыргаганынан, кыларга иши жоктугунан мигрант болушкан жок. Балдарынын келечегин ойлоп, жашоо-турмушун оңдоону ниеттенип тынбай иштешет. Алардын жаш балдары ата-эне мээриминен алыс болуп, тарбиясы жетишсиз болуп жатканы орчун проблема.

Жаштар келечек ээлери, президент, депутат, мугалим, врач, кабарчы же болбосо ар кандай тармакта иштей тургандар. Келечекте кыргыз мигранттарынын саны азайып, балдары менен бакубат жашап, эч бир баланын көз жашы төгүлбөсө экен! Кээде айланамдагы адамдардын: "Биздин өлкө жакыр, эч шарт жок, эмнеге Америка, Түркия, Орусиядай эмес"- деп айткандарын угуп, бир эсе жиним келсе, бир эсе таңданам. Кыргыз болуп туруп, мындай ээн-жайкын сөздөрдү айтуусу уят. Ал эми учурдун оор маселеси кыргызча билип туруп эле, орусча сүйлөгөндү модага айланткандар. Ырас, орус тили расмий тилибиз, бирок эне тилибиздин көлөкөдө калып калышын каалабайм.

Келечекте балалыгымдан көксөп келген максатым - журналист болуу. Карапайым калктын үнүн угузуп, болуп жаткан окуяларды, ачуу чындыктарды ачыкка чыгарсам дейм. "Жакшы тилек - жарым ырыс," - деп бекеринен айтылбайт. Анын сыңарындай, мен Кыргызстанымдын гүлдөп-өсүшүн каалайм, андай болушуна ишенем!

Нуралиева Сезим, Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылынын №8 Абдыжапаров Маатмуса атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу.

XS
SM
MD
LG