Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Жакында эле интернетте Швейцариянын туристтик сезонго даярдык көргөнүн маалымдоо каражаттарынан көрдүк. Анда өлкө тургундары эч ким мажбурлабаса деле кайчы менен чөп тегиздеп, көлдөн куураган жалбырактарды сузуп чыгарып, актап-сырдап, биртоп ушундай иштерди жасап жатканын көрүүгө болот. Ал эми биздечи?

Мына быйыл да Cоң-Көлгө миңдеген туристтер келгени турат. Бардык туристтик маршруттар ушул жер аркылуу өтөт. Жүздөгөн үй-бүлөлөр боз үй тигип, чет өлкөлүк конокторду кабыл алууга даярдык көрүүдө. Бул турист күткөн мекендештер кыска убакта тапканы менен үй-бүлөсүн багып, кышкы оокатын камдашат.

Ошол эле маалда ички туризм да өнүгүп жатат, аймактардан жана Бишкектен бул жерге келгендер арбын. Алардын айрымдары калаанын ызы-чууcунан жадап, табият коюнунда кулак-мээсин сергитүү үчүн келсе, башкалары Соң-Көлдүн айтылуу кымызынан даба издешет.

Өткөн жылы биз бир ай бою ушул жайлоодо айлана-чөйрөнүн ар кандай маселелери боюнча иликтөө жүргүзгөн элек. Ошол кезде бул керемет жер жыл сайын булганып жатканына өз көзүбүз менен күбө болдук.

Соң-Көлдөгү таштандылар

Соң-Көлдөгү таштандылар

Желим жана шише бөтөлкөлөр туш келди жерде чачылып жатат. Соң-Көлдүн ичи болсо браконьерлердин торуна толуп калган. Ага чалынган балыктар өлүп, экологиялык оор кырдаал жаралууда.

Жергиликтүү балыкчылар мурда бул көлдөн заматта эле кап толо балык кармашканын эскеришет. Азыр анча балык кармоо үчүн беш-алты саат кезерип күтүшүң керек.

Балык кармоого тыюу салуунун укуктук статусу ачык-айкын эместигинен, мыйзам иштебегенинен кереметүү көлдө балык жылдан жылга азаюуда.

“Жаман жашоонун” айынан жайыттар тозуп, топурак учуп, көл булганып, жаныбарлар жоголуп, табият бизден өч ала баштаганы байкалат.

Бирок жергиликтүү туристтер мунун баарын көрмөксөнгө салышат. Ичип-жеп, артында тоодой таштанды калтырып басып кетишет.

Жергиликтүү эл ушул жайлоодо малын жаят, ушул жерден баар табышат. Бирок жери булганып атса кайдыгер басып жүргөнүнө, жолдо жаткан желим баштыкты эңкейип алып койбогонуна зээниң кейийт.

Соң-Көлдү топураган туристтерге көрсөткөнү баштап келген гиддер таштандыларды аралап баскандан уялышат, маданияттуу азаматтар деле бут алдында жаткан желим бөтөлкөлөрдү, таштандыларды алып коюштун ордуна айланып өтүшөт.

Чет өлкөлүк туристтер келгенде Ала-Тоону алы жетишинче мактап, улуу тоолорго, кооз табиятка суктангандарды карап туруп, ары жакта үйүлгөн таштандыдан уяласың.

Соң-Көлдү тазалоо боюнча кез-кез ар кандай акциялар уюштурулат. Мисалы, бир канча фирмалар жергиликтүү жашоочулар менен бирге сезондун аягында толуп калган акыр-чикирди ташып чыгарышка аракет кылат. Тилекке каршы, бул акциялар деле такай өткөрүлбөйт.

Айтсак, СБТ коомдук бирикмесинин милдети туризмди алдыга сүрөө менен катар айлана-чөйрөнү коргоого да багытталган. Бирок уюм бул ишин ийгиликтүү аткарып жатат деп айтыш кыйын.

Соң-Көл

Соң-Көл

Жергиликтүү калктан “таштандыларды ташып кетишеби” деп сураганыбызда, алар “ооба, аларды биз өрттөйбүз же көмөбүз” деп жооп беришет. Таштандыларды тазалоо дегенди алар ушундай түшүнөт экен. Кыязы, алар каучуктун 200 жылда, целлофандын 200 жылда, резинанын жана металлдын 100 жылда, айнектин 1000 жылда чирий турганын билишпейт окшойт.

Таштандыны көмүү топуракка зыян, анан, ал жерге чөп чыкпай какырга айланат. Таштандыларды өрттөө абаны ууландырып, жандыктардын жашоосуна зыянын тийгизет. Тилекке каршы, таштанды таштап, жерди булгап жаткандар биздин эл, Кыргыз Республикасынын жарандары. Конституция боюнча бул жерлер жана токойлор аларга тиешелүү.

Биз көп учурда чет элдик туристтердин таштандыларын ылайыктуу жерге ташташ үчүн көтөрүп жүргөнүн байкадык. Анда, алар биздин табиятыбызды, көлүбүздү жана жайлоолорубузду көбүрөөк урматташабы? Кийин кайра келбесе деле өзү жүргөн жерге сый мамиле жасоо ириде алардын ички маданиятына байланыштуу, анан алар Кыргызстанды көбүрөөк сыйлашат. Ошентип, кимибиз конокпуз, бизби же аларбы?

Экологдор жана инспекторлор көпчүлүк учурда бүлгүнчүлөрдү кармашат, алар болсо ошол эле кармаган балыгын же акча берип, жазадан кутулуп кетишет. Жаратылышты коргоо милдети ушyну менен аяктайт. Мындайда айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө инспекциясынын ресурстары жетиштүү болсо, алар көбүрөөк сыртка чыгып, таштандыларды туш келди ыргыткандарга айыппул салат беле деген алдамчы ой да келбей койбойт экен.

Соң-Көл

Соң-Көл

Соң-Көл балык чарбасынын көлдү тазалоого мүмкүнчүлүгү жок. Анткени балык кармоого тыюу салынгандан бери чарбаны каражат маселеси кыйнап келет. Чарба эч кандай иш жүргүзө албайт, ага күчү да жетпейт. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен акча бөлүнөт, бирок алар жетиштүү эмес.

Туристтик операторлор да жергиликтүү малчылар сыяктуу акча табышат, бирок андан бюджетке көп деле киреше түшпөйт. Канча салык cалынат? Мисалы, СБТнин Батай-Арал деген жерде тигилген жүздөй боз үйүндө жашап кетүүнүн патент акысы канча экенин биле алган жокпуз.

Айыл өкмөтү жана жайыт комитети туристтик боз үйлөрдөн жердин ижара акысын чогултуп алганы менен, жайлоонун тазалыгына кайдыгер караганы өкүндүрөт. Көлдүн бир бөлүгү болгон Каратал-Жапырык коругу өзүнүн жашоосу менен алек жана бул маселелерге түздөн-түз тиешеси жок.

Кыязы, көл менен аны курчаган жайлоолор эч кимге керек эместей. Көл менен жайлоолор акча табууда, улуттук оюндарды же башка шаан-шөкөттөрдү өткөрүүдө гана керек. Аны таза кармоо, акыр-чикирге бастырбоо ойго келе элек. Чет өлкөлүктөр көчмөн маданиятыбызга суктанышат, “биздикилер” болсо шатыра-шатман шаңга ыраазы, дөңгөлөк жетчү жердин баарына чапкылап, кыйма-чийме машине издерин калтырууда.

Бул ишке аралашкандарга кыйын болуп аткандыгы талашсыз. Көптөрү иш баштоо үчүн насыя алышат. Тоо шарты татаал. Мындай шартта көл менен анын тегерегиндеги жайлоолорду коргоо боюнча азыноолак да иштер жасалбай жатканы кооптонтот. Өз жерине өгөй мамиле жасоо бай көчмөн тарыхы жана маданияты бар улуттун баалуулугунун баркын кетирип, бара-бара чет элдик конокторду деле кызыктырбай калышы ыктымал.

Баса, жергиликтүү активист Руслан Тажиев Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жардамы менен Соң-Көлдүн күңгөй жээгин бойлой металл контейнерлерди орнотту. Бул, албетте, пейзажды бузат, бирок жоктон көрө жогору.

- Таштанды үкөктөрүн орнотуунун максаты - биринчиден, келген туристтер таштандыларын таштай турган жер таппай көтөрүп жүрүшөт. Экинчиден, жергиликтүү элди маданияттуулукка үндөө аракети. Кайсы бир мезгилде эл таштанды таштабай калган мезгилде таштанды үкөктөрүн кайра алып коюу көп деле маселе жаратпайт. Эми ар бирибиз Соң-Көлдүн тазалыгы боюнча жоопкерчиликти өзүбүзгө алсак өзүбүз да, көлүбүз да, таза болот эле. Азыркы жаштарды жаратылышты пайдаланууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат элем, - дейт Руслан Тажиев.

Эми сунуштар:

- Соода-сатык максатта бул аймакты колдонгон туроператорлор жана бейөкмөт уюмдар жана туристтик компаниялар менен облустук деңгээлде келишим түзүү (кайрадан кароо). Бул макулдашуунун максаты - чогултулган минималдуу каражатты таштандыларды тазалоого колдонуу;

- Жергиликтүү жаштар уюмдары менен биргеликте бир катар акцияларды өткөрүү;

- Жаратылышты коргоо фондунан таштанды тазалоого жылына каражат караштырып берүү;

- Мамлекеттик деңгээлде жергиликтүү элге таштандыга кандай мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- Жергиликтүү малчыларга тазалыкты кармоо үчүн акы төлөө жагын карап чыгуу;

Cоң-Көл, биринчи кезекте Нарын облусунун жашоочуларына керек эмеспи...

Руслан Рахимов

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG