Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Эркеликти таштап, билимге умтулдум


Кыргыз-түрк Манас университети. 10-июль, 2010-жыл.
Кыргыз-түрк Манас университети. 10-июль, 2010-жыл.
Менин ата-энем Бишкекте жашагандыктан, ачка калып кыйналган күндөрүм болгон жок. Борбор шаарыбыз Бишкекте окуп-чоңойгон үчүн жакындарымдан алыстаган жокмун. Бөтөн мен тааныбаган шаар эмес. Жал кичи районунда жашайт элек, ошол райондо жайгашкан №72 орто мектепти аяктадым. Мектепте идиректүү окуучулардын катарына кирсем дагы сабакты эч качан тырышып окуган эмесмин. Биздин мектепке жакын жерде Манас университети жайгашкан. Мектептен кийин ага суктана карап, айланасында кыялданып жүрө берчүбүз. Мен бул факультетке тапшырам, мен бул кесиптин ээси болом деп сүйлөшчүбүз. Убакыт бат эле өтүп 11-классты да аяктадык. Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн сынактар башталды. Адам баласы бир нерсени чындап кааласа, ошого жетет экен. Кудай буйруп, мен Манас университетинин студенти болдум. Окуу жайга өткөнүмө сүйүнгөнүм дагы деле эсимде.

Ошентип сентябрь айы да келди, окуу башталды. Башында университеттин курулганы, заманбап жана акысыз болгону мени кызыктырса бара-бара мугалимдерди, окуган студенттерди сүйө баштадым. Мен үчүн биздин студенттер башка окуу жайлардын студенттеринен айырмаланып тургандай. Студенттер арасында ким кандай кийинип келди, ким кандай унаа айдап келди деп көп деле кызыгышпайт. Балким андай көрүнүштөр бардыр, бирок мен байкаган жокмун. Көп студенттер жөнөкөй, кичипейил, тырышып окуп, билим алууну биринчи орунга койгон жаштар. Китепканага кирсең, сабакка даярдангандар ушунча көп, орун таппайсың.

Өзүм болсо биринчи курста абдан кыйналдым, эртең сынак деген күнү өмүрүмдө биринчи жолу түнү менен уктабай, даярдандым. Убакыт өткөн сайын менин мүнөзүм, ой жүгүртүүм өзгөрдү. Эрке талтаң эселек кыз, жөнөкөй, кичипейил, ошол эле учурда жоопкерчиликти сезе билген, токтоо кызга айланды. Жашоодо кийимден, сайрандоодон да башка маанилүү нерселер бар экенин түшүндүм. Билим алууга каалоом күчөдү. Атан-энем да менин жакшы жакка өзгөргөнүмө сүйүндү. Манас университетинде билим алуу акысыз болгондуктанбы, же башка студенттердин таасиринен уламбы акча үнөмдөөнү да үйрөндүм. Үйдөгүлөрүм да сен абдан өзгөрдүң, бизди кыйнап мурдагыдай көп акча да сурабай калдың деп күлүп калышат. Адамдар үчүн студенттик күндөрү ачка калып, же болбосо шаңдуу күндөрү менен эсте калса, менин студенттик күндөрүм менин өзгөрүүмө, жашоомдун өзгөрүүсүнө себепкер болду. Балким мен окуган окуу жайды мактап жаткандай көрүнөттүр, бирок бул менин көз карашымды өзгөрткөн кымбат, алтын уя.

Асел Олжобаева, Кыргыз-түрк Манас университетинин студенти.
XS
SM
MD
LG