Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:10

Акыркы убакта кыргыз тили үчүн күйгөн намыскөй жарандар көбөйүүдө. Кайсы сайтты ачпайын сөзсүз «кыргызча жазгыла!», «кыргызча сүйлөгүлө!» дегендер сансыз кездешет. Өткөндө бир ооруканада унаа кырсыгынан кийин жаткан өспүрүм кыз: «Мамочка, мне так больно!..» - деп ооруганына чыдабай онтоп жатса, жанында жаткандар кызга: «Кыргызча онто! Эмнеге кыргызча онтобойсуң? Маңкуртсуң» - деп асылышыптыр. Жада калса, кырсыктан жабыркаган кызынын колун кармап отурган энесине дагы жабылып кыйкырышыптыр: «Кызың эмне үчүн орусча онтойт?!» - деп.

Ушундай патриоттордун социалдык тармактардагы баракчаларына кирип, жазгандарын окуп чыгайын дедим. Фейсбук жана Инстаграмда азыр кыргыздар көп. Ошолордун кыргызча сүйлөгөн деңгээли болсо мындай:

«Дозум менен апшения кармап отурабыз Маладай жакта».

«Мага коноко гелгиле чогу отуруп кишка чойолу братандар!»

«Жанулья я так тебя скучаю!» - «И я тебя жанм... Кагда придеш радная мая?»

«Даканса барам сен үчүн брат!» (сүрөтүндө тапанча кармап алган)

«Кыргыздар үчүн барын тытавс, а кому не нраветься тот пусть идет в другую месту! Потриотизм ушундан башталат!»

Менин оюмча маңкурт деген ушул. Улам бир баракчаны ачып отурсаң, чачың тикесинен тик турат. Же кыргызчадан, же орусчадан жок. «Кыргызча сүйлөгүлө!» - деп кыйкыргандар кыргызча катасыз бир да сүйлөм түзө алышпайт. Билим деңгээлин айтпай эле коёюн. Бир жыл мурун журналисттер Эркиндик бульварындагы отургучтарга буту менен чыгып отуруп алып, семичке чагып отургандардан: «Айтматов деген ким?» - деп сураса, бирөө: «Ммм... режиссербу?» - деп жооп бериптир. Кыргыз маданиятынын жана искусствосунун башка өкүлдөрүн атабай эле коёюн.

Азыркы жаштардын бири-бири менен сүйлөшкөнүн угуп, жазышканын окуп, булар деги мектепке барышты беле деген суроого кабыласың. Орусча аралаштырбай оюн толук түшүндүрө алышпайт, кыргызча сүйлөсө – жалаң жаргон жана сленг менен сүйлөшөт. Түрмөдөн качып чыккан немелерче баарлашканда өздөрүн «крутой» сезишеби, ким билет. Жада калса, «ооба» деген сөздүн тамтыгын чыгарып, «оова», «ова», «оба», анан керек болсо, «оа» деп жазып калышыптыр.

Мончодо отурсам, эки жаш кыз мынтип сүйлөшүп жатышат:

- Прикинь, өткөндө Назира бир крутой джип тээп жүрөт! Анан, ты че, где взяла такую тачку десем, пареним алып берди дейт.

- Ой, гонит ал!.. Ошонун парени эле прям ушундай работать этет имиш. Наверное, как всегда алдап койду, аны билесиң го, всегда жакшы көрөт кишини завидовать эттиргенди.

- Ну билбейм, может и алып берди. Налогывыйда иштесе, жакшы эле алса керек взятканы. Менин братымдын девушкасынын бир родственниги бар, ал дагы налогывыйда. Эки этаж особнягы бар, путешествияларга барып турат пастиянна, рубашкаларын толка кымбат магазиндерден алат.

- Уфф, че-то жарко болуп кетти... Жүрчү, питания кылып келели. Анан дагы париться этебиз, менин гряздарым жакшы чыкпай атат. Давно не ходила баняга.

Өзүбүздүн күндө сүйлөгөнүбүздү байкап көрсөк, бирибиз да таза кыргызча сүйлөй албай калыптырбыз. Анда эмне үчүн башкаларга асылабыз? Кыргызча эптеп жазымыш болгондордун ар бир сөзүндө жок дегенде бирден ката бар, кыргыз тилинин грамматикасынын эң негизги эрежелери сакталбайт. Же кыргызча-орусча тантырап аралаштырып сүйлөсөк эле жарай береби? Анан отуруп алып, чет элдик агенттерди, башка улуттарды жамандап коёбуз, кыргыздарды жок кылышат ушулар деп. Кыргыз тилинин тамтыгын өзүбүз эле чыгарып жатпайбызбы. «Мырк» болгубуз келбей, орусча сүйлөп калабыз элдин көзүнчө.

Кыргыз элинин намысы үчүн күрөшүп жүргөн улутчул жигиттерибиз айыл жергесине барып, кыргызча китептерди таратып, өспүрүмдөрдү адабиятка жакын болууга үгүттөп, элибиздин билим деңгээлин жогорулаткандын ордуна улам бир кызды сабап, кемсинтип, телефонуна тартып, интернетке жүктөп мактанып отурушат. Кыйратып кыргыз үчүн чоң иш кылып койгонсуп. Өздөрү "зэктерче" сүйлөп, көчөгө түкүрүп-какырып, энесин калтырбай сөгүнүп, мас болуп алып ыймансыз нерселерди жасап, жиндиликке кабылып жүргөндөрү менен иши жок. Айланып барып эле баягы алсыз кыздарга асылып жатып калмай.

Эл тилден башталат эмеспи. Чыныгы патриотторду азыр кыргыз тилинин аярлуу акыбалына көңүл бурууга үндөгүм келет. Азыр алар ар кайсы кыздын артынан кууп жүрүп, чыныгы көйгөйдү байкабай жатышат. Биринчиден, кыргызча таза, жагымдуу, жаргонсуз сүйлөгөндөн башташса гана. Эң биринчиден, биз азыр элибиздин билим деңгээлине көңүл бурбасак, барып отуруп караңгы сабатсыз коомго айланып кетебиз. Ал эми сабатсыз улут эч качан жарыбайт, аны айткандын кажети жок деп ойлойм. Канчалык патриот болуп, кыздарыбызды хижабга ороп, ыймандын туу чокусуна чыгарсак дагы, ата-энеси сабатсыз үйдөн акылдуу бала чыкпайт. Балдарыбызга, келечек тукумдарга эмнени калтырабыз?

«Жүр, корточкада отуруп, насвай чикать этип, апшения-пичения кармап, ха-ха тебебиз!» - дегендиби?

Биздин бийликте отургандардын сүйлөгөндөрүн угуп отурсаң да бир топ нес болосуң.

«Мен как депутат катары айтарым, бул законду обязательно өткөрүш керек! Потому что дегенде, мунун влияниясы аябай чоң! До каких пор ушинтип отура беребиз, решения принимать этпей? Ар ким өзүнүн местасын билиш керек! Кыргыз болгондон кийин, бул биз үчүн аябай важная проблема деп ойлойм!» - деп кыйкырышат.

Анан өлкөдө таптакыр көйгөй түгөнүп калгансып, көп аял алууну жумалап талкуулашат. Биздин мектептерде 12 миллион (!) китеп жетишпей, окуучулар жана мугалимдер кышы бою жылыбаган класстарда калтырап-титиреп бала окутканы менен кимдин иши бар? Мектептер, китепканалар урап, оңдолбой, чирип жатат. Жарыбаган маянанын айынан чыгаан мугалимдерибиз Орусияга идиш-аяк жууганы кетип жатышат. Кыргыз калкы билимсиз, сабатсыз болуп, мурунку Советтер Союзунун республикаларынын ичинен билим деңгээли боюнча бир нече жылдан бери акыркы орунду ээлеп келе жатабыз. Интеллигенция дегендин изи да жок. Жалаң эле өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн пара алгыч-бергич бок курсактар калгандай сезилет.

Критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүү деген эмне экенин билбейбиз, оозубузга салган маалыматты ойлонбостон жутуп коёбуз, акча бергендин артынан ээрчип кете беребиз. Ушундай биздей сабатсыз элдин арасынан террористтер чыгып жатат. Биздин эле кыргыз келин-жигиттерибиз экстремисттердин жалган динине, жалган акчасына алданып, Сирияга кетип атышат. Дүйнөдөгү эң кедей мамлекеттерди алып карасаңар – бардыгынын калкынын көпчүлүк бөлүгү сабатсыз, өзүнүн тилин, маданиятын жоготуп койгондор. Түштүк Корея билимге басым жасап отуруп, жарым кылымдын ичинде экономикасын бутуна тургузуп, дүйнөлүк рынокко чыгып кетти. Анткени аларда же мунай, же алтын жок. Алардын бийликте тургандары убагында адам ресурсун көбөйтүүгө каражат жумшап, корей калкынын билим деңгээлин жогорулатууга умтулган.

А биз болсо, ар кимди күнөөлөп, өз ара урушуп-талашып, жакшы-жаманга, урууларга, күңгөй-тескейге бөлүнүп отурабыз.

Отуруп алып эле ар кимге: «Кыргызча сүйлө!» - деп асылгандан эч качан пайда чыкпайт. Адегенде өзүбүздөн, өзүбүздүн балдарыбыздан баштайлы. Акылдуу, адамгерчиликтүү, толеранттуу, ийгиликтүү жана интеллигенттүү адам таза кыргызча сүйлөп турса, анын артынан ким ээрчигиси келбесин? Башкаларды үйрөтөм десең, биринчи аларга өзүң үлгү боло алышың керек. Сени карап, инилериң, сиңдилериң сендей ажарлуу жана сабаттуу адам болгусу келип, сыймыктанып, суктанып отурса – ушундан өткөн патриоттуулук болобу?

Алия Суранова

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG