Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56
(Агайымдын аңгемелеринен)

Талас районунун Талды-Булак айылында Касым Токтогонов аттуу агай жашайт. Жашы 70тен ашып калды. Өмүр бою мектепте немис тилден сабак берип, пенсияга чыккан. Чымындуу киши. Убактысынын теңи ыр жазууга, котормого кетет. Немистин алп акындары: Гөте, Гейне, Шиллердин бир нече ырларын кыргызчалаган. Бизди билимге жетелеген карапайым агайым жөнүндө ой толгодум.

Шумкар-Уяга жашырылган буюмдар

Мындан бир нече жыл мурда «Сынган жаргылчак же чоң эненин көз жашы» деген эки көшөгөлүү драма жазган. Аны драматург Жаныш Кулманбетов окуп чыгып, оң баа берген экен. Чыгарманын жаралышына жаргылчак себеп болгон экен. Эмесе, кепти ушундан баштасак.

Улуу Ата Мекендик согуш чыккан кезде Касым агай там-туң баскан бала болуптур. Атасы согушка кетип, ошол бойдон кайтпай калат. Баланы чоң эне багып, эрезеге жеткирет.

Касым Токтогонов

Касым Токтогонов

Көр оокат айынан, бир чети башкарманын кыстоосу менен карыган кемпир кырманга ашпозчу болуп орношот. Кап-кап арпа-буудайды түндөп жаргылчакка тартып, эртеси андан орокчуларга жарма жасайт.

- 40-жылдары Шумкар-Уянын этегиндеги кайракы жерге эгин айдашчу. Арыктын жээгинде кырман болоор эле. Биздин алачык ошол кырман четинде турчу. Ошол жылы апам жарыктык аябай тытынып иштеди. Же ал эмгекти бирөө бааласачы. Жыйым-терим бүткөндөн кийин бизди журтка таштап кетишти. Колхоздон бирөө келип, көчүрүп кетеби деген ойдо 3-4 күн жол карадык. Акыры алардан кайыр болбосуна көзүбүз жетип, өзүбүз эле кыймылдай берүүнү чечтик. Апам ушул жаргылчакты, казан-тулганы, самоорун, кычкач-көсөөсүн, жууркан-төшөгүн бүт бир чуңкурга салып, үстүнө саман таштап, анан топурак менен көөмп салды. «Жайчылык убакта алып кетебиз» дегени. Ошентип жесир кемпир менен жетим бала жетелешип алып, жөө-жалаңдап айылга келгенбиз, -деп эскерет Касым агай.

Чоң эненин аманаты 30 жылдан кийин аткарылды

Чоң эне 86 жашка чыкканда дүйнө салат. Көзү тирүүсүндө «баягыларды таап келсеңчи» деп небересине айтып калчу экен. Неберенин болсо ал жакка барууга чолоосу тийбейт. Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин чет тилдер факультетине тапшырат. Анан жолдомо менен Ак-Талаага кетет. Ал жакта немис тил мугалими болуп бир топ жыл иштейт. Анан өзүнүн киндик кан тамган Таласына, Талды-Булак айылына кайтып келип отурукташат. Арадан 30 жыл өткөндөн кийин гана 70-жылдары чоң эненин аманаты аткарылат.

- Буудай талаасына канал казылат дегенди угуп калдым. Барсам жумушчулар кызуу иштеп жаткан экен. Бульдозер айдаган жигитке болгон окуяны айтсам боору ооруп, «кайсы жерге көмүлгөнүн эсте, алып берейин» деди. Көпкө издедим. Апам көөмп бүткөндөн кийин белги деп таш койгон эле. 30 жылдан кийин деле ордунан жылбаптыр. Сүйүнүп кетип ушул десем, чукугучу менен жерди бир-эки чолуп тартканда эле баягы буюмдар чыга түштү! Жаргылчактан башкасы бүт чирип калыптыр. Чоң энем менен согушка кеткен атамды жоктоп ыйлап, үйгө көтөрүп келдим. Азыр аны көргөн сайын апамдын арпа наны менен жармасынын даамы таңдайга келет,-деп айтып жатып жашып кетти.

Бүгүн ал жаргылчакты Касым агайдын бардык коңшулары урунат. Өзгөчө чөп чабык башталганда «жарма жасайт элек, талкан тартып алалы» деп келгендер эшик тындырбайт. Агай сурагандын баарына берет, эч кимдин шагын сындыра элек.

Байдылда жана жоголгон дептер

Касым агайдын котормого кызыгып калуусуна айтылуу акын Байдылда Сарногоев себепчи болуптур. 1-курста окуп жүргөндө бирин-экин ыр чүргөп, Жазуучулар союзуна көтөрүп барып жолугуп калат. Байдылда акын студенттин чет тилдер факультетинде окуурун билген соң, «ыр жазуу азаптуу түйшүк. Тил үйрөнүү да татаал. Экөөнүн бирөөн тандашың керек. Сен андан көрө котормого кириш. Чет элдик акындардын ырларын котор. Анан 5-курска жеткенде мага кел, ошондо окуп көрүп эмне кылышты айтам» деп колуна калың дептер карматып узатат. Ал кеңештин арты менен Касым агай котормого оойт. Адегенде эле Гейненин «Мээлейин», Гөтенин «Табылгасын» которот. Экөө тең университеттин гезитине жарыяланат.

5-курста баягы кара дептерди толтуруп, Жазуучулар үйүнө барса Байдылда Сарногоев иштен бошоп кеткен болот. Шаабайы сууган жигит ойлонуп келе жатып, дептер салынган баштыгын троллейбуска унуткан бойдон түшүп кетпейби. 5 жылдык мээнети, жаштык деми, жүрөк жалыны катылган дептер ошол бойдон жоголот. Байдылда акындын сынынан өтпөй калганга Касым агай алигүнчө арманда. Улуу акынга дагы бир жолугамбы деген кыязда котормого баш-оту менен сүңгүп, немистин далай акынын кыргызча сүйлөтөт. Ошентип жүрүп, Генрих Гейне кумирине айланат.

- Көп окуй берсең, жактырсаң жүрөгүңө сиңип калат тура. Азыр кандай ыр жазбайын Гейненикине окшошуп калат. Айрыкча жүрөк түпкүрүнөн чыккан махабат ырларын жактырам. Гөте болсо салмактуу акын. Лирикаларын котордум, «Фаустуна» алым жетпей койду, - деди коштошуп жатып.

Касым агай немис тилден сабак бергени менен бир да жолу Германияга барган эмес. Ошентсе да өмүр бою Гейненин мекенин көрүп келүү кыялы менен жашап келет. Балким, Касым агайымдын кыялы орундалып калчу күн да алыс эместир.

Иоганн Вольфганг фон Гөте

Табылга


Эч максатсыз жөн гана,
Мен токойду бойлодум.
Көңүлүмдү жайгара,
Эс алууну ойлодум.

Көлөкөдөн көрдүм мен,
Бир түп гүлдү ачылган,
Карегиндей сулуунун,
Жылдызданып чачылган.

Ыкыс берип ал гүлдү,
Үзмөк болдум пейлимен.
Деди: «Үзбө аягын,
Солуюнбу эми мен?!»

Үзгөнүм жок түбүнөн,
Казып алдым мен аны.
Алып келип бакчама,
Ачылсын деп жамалы.

Олтургуздум барк алып,
Тынч орунга мыктылап,
Баштагыдай жайкалып,
Гүлдөп турат буркурап.

(Касым Токтогонов кыргызчалаган)

Даярдаган Санжи Туйтунова,
журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG