Линктер

Быйыл Эгемендик күнүнө карата президент Алмазбек Атамбаев узун тизмелүү жарлык чыгарып, бир катар замандаштарыбызга мамлекеттик сыйлык, наам ыйгарды. Булардын баш сабында элге аздыр-көптүр таанылган өнөр адамдары турат.

Мамлекеттик сый-ургалдар жең ичинен соодаланып, көбүнчө татыктууларга эмес, тааныш-билиштерге, паралагандарга берилип, чайкоо товарына айлангандыктан, бир топ жылдан бери мораторий коюлуп, эч кимге ыйгарылбай келгендиги баарыбызга белгилүү.

Сыйлануучулар тизмеси бул ирет демейкиден узун түзүлгөндүгүн да ушул мезгил аралыгында талапкерлердин арбын топтолуп калгандыгы менен түшүндүрүүгө болот. Эми мындан ары сыйлык-наамдарды ыплас оюндардан коргоп, баркын сактап калууга болобу? Болсо, кантип?..

Бул суроолорго жооп издерден мурун бийлик менен өнөр адамдарынын мамилесине токтололу.

Эзелки ажырым

Сөз өнөрүнүн ажайып бермети болгон «Шахнамени» жараткан улуу акын Фирдоусинин улуулугун кеч түшүнгөн өкүмдар Махмуддун алтын жүктөп жиберген төөлөрү шаардын бир дарбазасына кирип баратканда, залкардын сөөгү шаардын башка дарбазасынан чыгып бараткан болот деп уламышта айтылат (бул дастандын өзөк идеясы кандайча бурмаланып келгендиги тууралуу кийин өзүнчө сөз кылмакчыбыз).

Орустун улуу акыны А. С. Пушкиндин падыша Александр I менен болгон татаал мамилеси да далай ирет талкууга алынып, түркүн көз караштагы авторлордун талаш-тартышына себеп болуп келген. Азырынча акын сөз өнөрүн өкүмдардын бийлигинен, даңазасынан (айтылуу Александр көктирек түркүгүнөн – орус падышасынын эмес, байыркы доордо дүйнөнүн тең жарымын жеңип алган Македонскийдин көз кайкыта бийик тургузулган эстелигинен) өйдө деп билгендигин айтып, буга үтүрлүү чекит коё туралы да, кепти өзүбүздүн маданиятка, адабиятка буралы.

Кет Бука, Токтогул, анан Арзымат…

«Өнөр алды – кызыл тил» деген кыргыз эли акындыкты, чечендикти бийлик менен байлыктан эле эмес, башка дөөлөттөрдөн да жогору койгон. Сөз кунун билген башчылар бийлик жүргүзгөн доорлордо кыргыз өнүп-өскөн, уучу узарган, тескерисинче, кеп жебес, «сөз билбей, муштуму менен коркуткандардын» тушунда эл төгүлүп-чачылган.

Чыңгызханга уулу өлгөнүн комуз менен угузуп, канкордун каарынан калкын сактап калган Кет Бука, Жаныбек хандын доорунда элдин таламын коргоп чыккан деп уламышта айтылган Токтогул ырчы, бай-манаптардын ынсапсыздыгын ашкерелеп ырдагандыгы үчүн Сибирге айдалган экинчи Токтогул (Сатылганов), андан мурдараак жашап өткөн, «Каарың тоону бузса да, Кашыгың көлдү сузса да, Эл менен сен бийиксиң, Элден азсаң кийиксиң» деп Арыстанбек… дегеле элдин эсинде кошоматчы жамакчылар эмес, чындык үчүн кылычтан жалтанбаган акындар сакталып келет. Ушул ыңгайдан алганда, кыргыз адабиятынын жазма тарыхына «Бекти көрсө мактап, бечараны каптагандыгы» үчүн Токтогулдан жеңилген Арзымат да кыстарылып калганы кызык.

«Партиячыл адабияттын» мурасы

Эркин чыгармачылык маселеси, б.а. сүрөткерге карата бийликтин жана коомдун мамилеси тууралуу эзелки талаш суроо социализм доорунда деле чечилбеген бойдон кала берген. Ырас, социалисттик реализмдин талабы деген шылтоо менен жүргүзүлгөн идеологиялык чектөөлөргө карабастан, кыргыз адабияты дал ушул совет доорунда таң каларлык бийиктиктерге жеткендиги анык чындык. Анткени совет бийлиги чыгармачылык нугун чектерден мурун жазуучу, акындарга, жалпы эле өнөр адамдарына жетиштүү кам көрүп, окурман, көрөрман, угармандардын да көркөм табитин өркүндөтүүгө шарт түзүп берген. Таланттууларды бери эле дегенде филфактан, катуу умтулгандарын Адабият институту, Кинематографисттер институту сыяктуу атайын окуу жайлардан окутуп, эргүүсүнө эч ким, эч нерсе кедерги болбосун деп жазган-сызгандарды биздеги Арашан, Москвага жакын Переделкинодой сонун үй-жайларга жашатып, китептерин чыгарып, калем акысын ар бир сабына же сөзүнө санап төлөп турчу эмес беле.

Албетте, ошончо бапестегенине жараша бийлик биринчи кезекте «өкмөт менен партиянын баранандуу ишмердигин» чагылдырууну талап кылганы да түшүнүктүү. Ошол саясий, идеологиялык талапка шайкеш жаза, ырдай, бийлей билгендер атайын наамдарга, сыйлыктарга да жетишчү. Азыр кээ бир замандаштар алышым керек эле деп күйүп-бышкан «эмгек сиңирген», «эл акыны», «эл жазуучусу», «баатыр» ж.б.у.с. дүңгүрөктөр ошол совет доорунан калган мурас экендигин, алардын берилиш максаты азыркыдан кыйла башка болгондугун унутпашыбыз керек.

Армандуунун дарманы же таланттын чыныгы баасын ким аныктайт?

Сыйлык, наамдарга ашкере кызыккан, бийликтен чапан-чепкен кийбей калса катуу арман кылган замандаштарыбызга кыйытып, Айтматовдон башка айрым жазуучу, акындар тууралуу сөз кылалы (улуу жазуучунун тоталитардык коомдогу чыгармачыл жолу жөнүндө «17-поюзду Айтматов кантип токтотту» деген макаламда жазганмын).

Айтылуу «Ак боз аттын» автору Шатман Садыбакасов жарык дүйнө менен кош айтышарга жакын өкмөттөн алган грамота, наам ж.б.у.с. бардык кагаздарын тытып салган экен дешет. «Эл жазуучуларынын» көбүнө салыштырмалуу жакшы жазган Касым Каимовдун эч кандай расмий наамы болбоптур. Стили, көркөм деңгээли жагынан кыргыз прозасында даана айырмаланып турган ажайып аңгеме, повесттердин автору Мурза Гапаров да бийлик тараптан сый көрбөй өтүп кетти.

Гапаров демекчи, анын «эл жазуучусу» аталбай калышынын негизги себеби бийликке кошомат кылбай, тескерисинче катуу сындап жүргөндүгү болгон. Ал өлгөндө жакын досу Шайлообек Дүйшеев минтип эскерген:

«… чөктү нардай дөөлөр да, чөккөн жок ал,

Чөнтөгүнө Акүйдүн кирип-чыгып,

Булоолонуп батташкан фуршеттерде

Булгаган жок жүрөгүн идиш кылып.

Үзөңгү-Кууш Кытайга кеткен кезде,

Кеткен кези эл-журтту эзген кезде,

Үстөлүндө үргүлөп миң жазуучу,

Үйлөрүнө үңкүрдөй кире качып,

Үн катпастан жатканда миң жазуучу…

……

“… көксөп күтөм силерди көрүмдө…” деп,

сөгүп кетти сөөгү асыл бир жазуучу».

Ушинтип жазган Шайлообек акын өзү бийлик менен кандай мамиледе болду? Бул тууралуу буга чейинкиден да көп сөз айтылар келечекте. Биерде Аскар Акаевдин колунан үй алса да, эмне үчүн оппозициядагы «Асаба» гезитинен кетпегендиги, Бакиевдин жарлыгы менен «Эл акыны» наамына ээ болуп, бирок ага кошомат кылбагандыгы жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Биринчиден, президент Акаев акынга үйдү өз чөнтөгүнөн төлөп сатып берген эмес, мамлекеттик (же муниципалдык) бюжеттен ажыратууга кол койгон. Ырас, ал дайыма мактап, кошомат кылып турсун же эч болбосо сындабай жүрсүн деп ойлогондур. Бакиев да расмий наамды ушундай мүдөө менен ыйгарган болушу ыктымал. Бирок акындын (жазуучунун, ар бир чыгармачыл инсандын) парзы – акыйкаттан тайбай ак сүйлөө. Ошондуктан Дүйшеевди мен бул жагынан эч айыптай албайм.

Чүпүрөк болбо…

Албетте, бул маселеге өтө катуу карагандар да болот. Жакында эле арабыздан кеткен Талип Ибраимов мыкты чыгармалары менен «Русская премияга» арзыса да, биздин өкмөттөн эч кандай сыйлык же наам албады. Анткени бул киши да кошоматтан алыс эле, кээде бийликти катуу сындачу. Акаевдин тушунда бир ирет көчөдөн кездешкенде «Сокурлар баштаган сентименталдуу саякат» («Сентиментальное путешествие со слепыми поводырями») деген макаласын окуганымды айтсам, каткырып күлгөн:

- Ой, Ак үйдөгүлөргө катуу тийиптир, чакырып, кызмат да сунуш кылышты!

- Чакырса, бара бербейсизби?

- Жок, эч качан! Барсаң, чүпүрөктөй пайдаланышат…

Быйыл көз жумган Жолдошбек Зарлыкбеков кыргызда Пастернактын деңгээлиндеги поэзияны жетик түшүнгөн чыныгы акындардын бири эле. Ал китебин шайлоо өнөктүгүнөн пайдаланып чыгаралы дегендерге макул болбой койгон экен. Журналист катары утурумдук ызы-чууларды жазганы менен, көркөм чыгармачылыкты бул чөйрөдөн алыс кармоо керек деп эсептеген окшойт. Бир жолку маегинде: «Ал оокатыма шайтан-шабырларды аралаштырбайм», - дегенин окудум эле.

Булардан такыр башка «позицияны» кармангандар абдан көп. Алар сыйлык же наам алганда же алам деп үмүттөнүп, күтүп жүргөн кезде курч маселелер боюнча ооз ачпай калат, а кээде бийликтин камчысын чаба баштайт.

Мындан он беш жылдай илгери бир жазуучу биздин редакциянын телефонун эки күн катары менен пайдаланып, «элдик» наамга көрсөтөбүз деген кайрылууга кол койдуруу үчүн ар кайсы калемдештерине чалып жалынып-жалбарганы абдан таң калтырган эле: «Айланайын Сүкө! …», «Балакетиңди алайын, Төкө! Мени да катарыңарга кошуп алгылачы?..»

2005-жылы 24-мартка чейин оппозицияны каралап келип, бирок ошол аңтар-теңтер болгон күнү кечинде теледен чыгып: «Эми элдик бийликти колдошубуз керек», - деп чыккан төрт таанымал жазуучуну көргөнүмдө ого бетер таң калганмын. Төртөөнүн тең расмий «элдик» наамы бар, бир-экөө атүгүл «баатыр» да болчу…

Расмий сыйлык – ооз басырыкпы?

Эми макаланы аяктап жатып, баш жагында коюлган суроого толук, туура жоопту баарыбыз чогуу издешибиз керек демекмин. Кимдир бирөө орден-медалдарды «кожоюнга» берилгендиктин белгиси катары көрүп, кошоматчыга айланар. Кимдир бирөө расмий сыйлыктардан жаа бою алыс качып, берейин десе да баш тартар. Ал эми кээ бирөөлөр Шайлообек Дүйшеевчесинен бийликтин бергенин унчукпай алып, бирок оозун кемечтетпей койгонго чамасы келер (акындын «баатыр» наамынан эмне үчүн баш тарткандыгын «Агындыларынан» окуп койсо жаман болбос эле сыйлык-наам дегенде эки көзү төрт болгон ар бир талапкер)…

Жолдош Турдубаев, публицист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG