Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Das Ding an sich же философ кыздын сабагында жазылган ыр


Кыргыз президенти Роза Отунбаева Европа Биримдигинин Кеңешинин жетекчилиги менен жолугушууга келген чакта. Брүссел шаары, Белгия. 2011-жылдын 1-марты. REUTERS.
Кыргыз президенти Роза Отунбаева Европа Биримдигинин Кеңешинин жетекчилиги менен жолугушууга келген чакта. Брүссел шаары, Белгия. 2011-жылдын 1-марты. REUTERS.

«Сыртта эмчектеги ымыркай баласын бирөөгө калтырып коюп, айтылуу Гегелдин философиясынан “Өз тулкусундагы зат, өзү үчүн зат” (“Динг анзиш, Динг фүрзиш” - “Вещь в себе, вещь для себя”) деп, же болбосо Канттын “трансценденттик”, “трансценденталдык” деген түшүнүктөрүн жаттап отурган келин-кыздарга тан берчүмүн», - деп Роза Отунбаеванын айтканы бар.

Оо, курбум, метафизик дебе мени,
Гүл десем философ-кыз эжекени.
Албетте, идеалдуу аял болбойт…
Бирок ал талдайт экен Эчтекени.

Турпатын көргөн кезде эжекенин,
Мен да өзүнө кезиккенсип периштенин,
Априори айтууга батынбадым
Форма менен мааниси келишкенин.

Апасына бата көп тийген белем,
Кыймылы да эженин ийкем экен?!
Тезистен антитезис пайда болуп,
Бүтүптүр бир керемет синтез менен.

Йога дене тарбиясынын кыймылдарын аткаруу учуру. Роза Отунбаева. Ысык-Көл кылаасы. 2008-жыл. "Азаттыктын" окурманы Жеңиш Кадырбек уулунун сүрөтү.

Элестетип Көлгө түшүп жаткан чагын,
Байкап көрдүм өзгөчөлүк, жалпы жагын.
Милостук Венерадан кем калбаган
Саны менен сапатына таңданамын!


Алла-Таалам материалист эжекенин
Жарык кылып жаратса да бешенесин,
Ал, менимче, чечалбай жүрөт окшойт
Махабаттын негизги маселесин.

Жакшы кызга жалынып келбейт кимдер…
Эжени да ээрчиген жатат издер.
Бирок алар көбүнчө болуш керек
Жалаң гана софист менен догматиктер.


Ким биринчи, ким экинчи… башым катат,
Агностиктер биле албайсың дешип жатат.
Эжей болсо сабагынан чыккан сайын
Мезгил менен мейкиндикте жалгыз басат.


Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Эл акыны Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. 21.02.2011. Кыргыз президентинин басма сөз кызматы.
Ооба, билем, чындыкка жетиш үчүн
Диалогду Сократтай куруш керек.
Абсолюттук чындыкты сезиш үчүн
Трансценденттик шараптан жутуш керек.


Оо, курбум, метафизик дебе мени,
Ай десем философ-кыз эжекени.
Албетте, идеалдуу аял болбойт…
Бирок ал сүйөт экен Эчтекени.


Калп айтпасам, өнүгүүнүн түпкү күчү
Гегелдин китебинде күрөш делет.
Мен деле эжекенин жүрөгү үчүн
Бу дүйнөдөн күрөшүп өтсөм нетет?

Көрүнүшү эженин эргүү берет,
А мен бирок маңызын көргүм келет.
“Das Ding an sich” 1- «Өзүндө зат»- болсо дагы
“Das Ding für uns” 2 -
"Биз үчүн нерсе" болооруна көзүм жетет.

Удургутуп, умсунтуп, мезгил агат,
Ушунчалык бул эжем мага жагат.
Абсолюттук Рух деген шумдук нерсе
Көөдөнүмдөн көкөлөп, оргуп жатат.

1 - "Das Ding an sich" (Дас Динг ан зих), кыскача - “Ding an sich" ( Динг ан зих),
классикалык немис философиясындагы категория (“Өз тулкусундагы зат, өзү үчүн зат” ).
2 - "Das Ding für uns" (Дас Динг фүр унс) - "Биз үчүн нерсе" (Вещь для нас)»

U Ming,
"Азаттыктын" окурманы.
XS
SM
MD
LG