Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Франция. 1895-жыл. 28-декабрь. Бул күн бүткүл дүйнөлүк кинематограф тарыхында олуттуу окуяны өзүнө камтыйт. Анткени дал ушул күнү биз билген искусствонун жаңы тармагы – кино жарык дүйнөнү көргөн.

Ошол учурда Капуциндер бульварындагы “Гран кафе” аттуу жерде француз эли биринчи болуп кинонун алгачкы кадрларын өз көзү менен көргөн.

Ал эми “Поезддин келиши” аттуу тасма калктын назарына тартууланган. Мындай маанилүү окуянын башында албетте Люмьер үй-бүлөсүнөн чыккан Огюст жана Луи аттуу бир туугандар болушкан. Ошондуктан кинонун жаралышы учурда жер жүзү боюнча кулач жайып, жашообуздун мүнөзүнө таасир эткенинин бирден бир себеби Люмьер бир туугандары болуп чыгаар десек жаңылышпайбыз.

Жогоруда айтылган тарых барагына эки жыл мурда интернет булактарынан кокустан дуушар болуп калдым. Ушундай ынтызаарлык менен буга чейин бир дагы текстти окуп көргөн эмесмин. Ошол учурда элесимен эмне деген гана көз ирмемдер өткөн жок. Себеби окуянын ар бир жазылган сөзү мага кандайдыр бир белги берип турду. Кийин ал белгилер менин кинорежиссер болгум келет деген кыялымды жаратты.

Арийне, канчалаган жылдар өттү, азыр киноиндустрия болуп көрбөгөн ылдамдык менен өз турпатын өзгөртүп, жаңы деңгээлдерге жетип келүүдө.

Тарыхка баш багып көрсөк, Европанын Италия, Франция сыяктуу өлкөлөрүн кинонун кандай гана толкундары каптабады, канчалаган фильмдер жарык көрбөдү - азыркы күндөргө чейин алардын тасмалары улуу классикага айланган.

Ал эми биздин кинематограф да мындай толкундардан четте калган эмес. Тарыхта ал толкун “Кыргыз керемети” деп аталат. Дал ошол 1960-1970-жылдарда атамекендик тасмалар алардын ичинде “Ак кеме”, “Акбаранын көз жашы”, “Көк серек” ж.б. биздин улуттук гана эмес, Совет чөлкөмү боюнча классикалык тасмаларына айланган.

Айтылуу улуу доор бир гана тарых барактарында калды, элибиз күткөн “Кыргыз кереметинин” улануусун биз көрө албадык. Тилекке каршы Союз доорунан кийин биздин кинематограф кыйла төмөндөдү. Мындай өйдө-төмөн жагдайлар ар бир элде болушу зарыл. Анткени кандай гана учур болбосун ушундай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн калк, кийин сөзсүз чоң ийгиликтерди да көрөт.

Тарыхка кайрылганым бекер жерден эмес. Себеби режиссер кесиби мен үчүн абдан кызыктуу, иши жагынан көп кырдуу көрүнсө да, бул кесиптин мүнөзү чын-чындыгына келгенде өтө чоң кылдаттыкты жана терең ойлонууну талап кылат. Себеби тасма жаратууда ар бир режиссерго тиркеле турган өзүнүн стили, философиясы жана бере турган идеясы болушу кажет. Бул үч нерсе менин тандаган кесибим үчүн абдан маанилүү деп эсептейм.

Мисалы, белгилүү америкалык кинорежиссер Квентин Тарантино өзүнүн тасмаларында дайыма өзгөчө стилди колдонот. Анын кинолорунда драма, өч алуу, зомбулук ж.б. көп кездешет. Анткени Тарантинонун кайсы гана киносун көрсөң ошол кино ага таандык болгонун түшүнөсүң. Өзгөчө “Бошотулган Джанго” тасмасы буга далил.

Экинчиден, ар бир тасма көрүүчүнү таасир этчү тарбиялык касиетке ээ болушу абзел. Жөнөкөй тил менен айтканда “бош” же маданиятыбызга терс көрүнүштөрдү алып келген тасма бизге эч кандай пайда бербейт, тескерисинче элдин жүрүш-турушун бузат. Азыркы күндө мындай тасмалар көп, аларды айтууга да тилим барбайт. Ошондуктан, бул кесип агартуучулук сапатка ээ десем туура чыгаар. Анткени жазуучу өзүнүн оюн калем аркылуу кагазга түшүрүп, эл анын жазганын окуп тарбияланса, ал эми режиссер элди өзүнүн тасмасы аркылуу тарбиялайт. Бул нерсе мен үчүн чоң мааниге ээ. Себеби элди туура жолго үгүттөш үчүн менин ой-жүгүртүүм биздин накта жана дурус кыргыз маданиятына дал келиши зарыл.

Кесибимдин жолу канчалык опурталдуу боло турганын билсем да, бул жолду карай кадам алгым келет. Себеби кыргыз маданиятын дүйнө элине таанытуунун жолу - кино. Азырынча бул жол мен үчүн кандай нукта жүрөт, келечекте кайсыл жакка алып барат экен? Мен үчүн бул суроо бойдон калууда.

Эгер келечекте мен жарата турган тасмаларым дүйнө жүзүнө тарап, элибизге оң таасирин бере алат деп күтсөм, ага чейин мен өзүмдүн бере турган ой-жүгүртүүмдөн тартынбашым керек. Балким ошондо мен жана биздин муун “жаңы кыргыз керемети” деген толкунду тарых барактарында калтырып кетет.

Үмүт Арстанбекова, Д.П. Зубков атындагы мектеп, Кант шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG