Линктер

Кыргызстанга келгенде коомдук иш-чараларынын бирине катышып калдым. Ошол жерден менде кыргыз ооз комузчусунун ойногонун көрүү мүмкүндүгү пайда болду. Кооз, бай, куюлушкан музыка мага кыргыздардын байыркы дүйнөсүн, алардын умтулууларын, баалуулуктарын, кубанычын, бакытын жана күрөшүн сүрөттөп жатты. Акыйкатта музыка элдин руханий маңызын ачып, анын ички дүйнөсүн, башынан өткөргөндөрүн жана тарыхын чагылдырып берет. Мен ошондо жапон айндарынын "муккури" аттуу аспабынын үнүнө куюп койгондой окшош кыргыздын жыгач ооз комуз музыкалык аспабынын үнүн угуп таң калгам. Бишкектин көчөлөрүндө көп учурларда мени жаңылышып кыргыз деп ойлошуп, түшүнбөгөнүмө карабай ал тилде сүйлөшөт. Эми мен жапондор менен кыргыздардын тууган экенине ишенип калдым! Биз байыркы музыка менен бай маданиятты жер жана суунун кеңири мейкиндиктерине тараткан көчүп-конуп жашаган элдердин тукумдарыбыз. Элдер бүтүндөй тарыхта орун которуп, өздөрү менен тилдерин, өнөрлөрүн, табиятты түшүнүүсүн жана жашоо акылмандыгын алып жүргөн. Мен кыргыз элинин тамыры тереңге кеткен көчмөндүк мурасы бар экенин билдим. Жапонияда да тарыхта ат үстүндө көчмөн болуп жашаган адамдар көп болгон. Чындыгында, жапондор - Ыраакы Чыгыштагы аралга көп кылым мурда көчүп барган эл.

Миграция эрдикти талап кылат. Жакында мен курбум менен Жибек Жолундагы будда жазмаларын издеп, кыдырып чыккан белгилүү монах Генжо Хошинин (биздин замандын 7- кылымы) саякаты жөнүндө сүйлөшүп калдым. Бир убакта ал көзүн чоң ачып, мындай деди: «Мындай саякат Айга жетем дегендерден да көбүрөөк эрдикти талап кылат!» Ооба. Баамымда анын ою туура. Алардын смартфондору да, Интернети да, жарытылуу карталары да болгон эмес, алар кийинки эс алуучу жайды качан таба алышарын билишкен эмес, жадагалса үй-бүлөлөрүн кайра көрүүгө, аман-эсен үйгө кайтарына да көздөрү жеткен эмес. Генжонун бактысына, ал ошондо Токмокко жакын жердеги бир кансарайга токтоп, Индиядан Тянь-Шань менен Гиндукушка чейинки аймактардан баалуу жазмаларды жыйнап, кайрадан Кытайга жете алган. Ошондой аралыктарды жеңген эр жүрөк адамдардын арты менен, азыр дүйнө маданиятка, өнөргө жана билимге бай.

Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын үч пайызга жакыны өзү туулуп-өскөн өлкөлөрүнөн сыртта жашап жүрүшөт. Адамдар түрдүү себептер боюнча орун которушат: изилдөөлөр, жумуш издөө, экологиялык кризистер, согуштар ж.б. Жаңы жерге көчкөндө, адамдар өздөрү менен жолунда учураткан элдерди жана маданияттарды байыта алуучу эң баалуу нерселерди алып келишет. Ошонун арты менен мен жапон болуп туруп Борбордук Азиянын бийик тоолорунда соккон желдин үнүн биздин элдерибизге таандык болгон кичинекей музыкалык аспаптан угуу мүмкүндүгүнө ээ болдум.

Бирок ошол көчүп-конуп жүргөн адамдардын ичинде 60 миллион качкындар жана орун которуштургандар да бар. Алар глобалдык миграциянын бөлүгү болгону менен, согуш жана куугунтуктан жанын алып качуудан башка аргалары калган эмес. Алар кооптуу сапарга зомбулуктан, коркуудан жана үмүттүн үзүлгөнүнөн гана эмес, үмүт жана эрдик менен да чыгышат. Алар өз үй-бүлөлөрү коопсуздук жана абройлуулук шарттарында жашоосун кайрадан баштай ала турган келечекти табуу үмүтү менен сапарга аттанышат. Мындай тайманбастыкка алар өз балдарын сактап калуу үчүн барышат.

БУУнун качкындар иштери боюнча агенттиги (БУУ КББК) конуштарын таштап кетүүгө аргасыз болгон ушундай адамдарды коргоо ишинде өкмөттөргө көмөк көрсөтөт. Алар кадимки эле адамдар, алардын көбү аларга баш калканч берген коомдорду байыта ала турган билимдүү кесипкөйлөр. Бул жерде, Кыргызстанда, ушул жерде өсүп, жергиликтүү тилдерде сүйлөп, согуш ойрон кылган өз үйлөрүн эстей да албаган жаш качкындар бар. Алар өз жашоолорун кайрадан куруп, кыргыз коому менен маданиятынын конструктивдүү мүчөлөрү болуш үчүн бир мүмкүндүк алууга татыктуу. Сапардагы жолоочуларга түнөк менен тамак сунуштоо көчмөндөрдүн духуна туура келет эмеспи, андыктан, дүйнө элдери биргелешип, мындай качкындарга, алар үчүн жаңы болгон өлкөлөрдө, мүмкүндүк бере алышат деп ишенем.

Маки Шинохара

Автор тууралуу: Маки Шинохара айым, 2015-жылдын февраль айынан бери Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча башкы башкармалык комиссарынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү. Шинохара айым буга чейин ушул уюмдун иши менен Югославияда, Ооганстанда, Иракта, Пакистанда, Дарфурда, Түштүк Судан, Косоводо, Македонияда, ошондой эле уюмдун Швейцариянын Женева шаарындагы башкы кеңсесинде 1992-жылдан бери иштеп келет. Шинохара айым 2004 – 2007- жылдар аралыгында Жапониянын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (JICA) президентинин атайын жардамчысы кызматын өтөгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG