Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Жаштардан ыйман качтыбы?


Самара Сагынбаева
Самара Сагынбаева
Радиодо иштегеним үчүн күн сайын көп адамдар менен баарлашып, пикир алышып турам. Байланышка чыккандардын басымдуу бөлүгү жаштардай сезилет. Эфир маалында, бейтааныш угарман телефон номурумду сурады. Бердим. Күндө байланышып, кээде смс жазып, акыбал сурашып калчубуз. Бир күнү жолугалы дегенинен эмнеге экенине деле кызыкпай, “Ии жолугалы, жумушка кел” деп койгом. Радиодо иштегиси келген катардагы бирөөдөй көргөм. Эки-үч күндөн кийин ак жуумал, сулуу кыз мени күтүп атыптыр. Өзүн тааныштырып, сүйлөшүп турган соң “мага бир күн убактыңызды бөлүңүзчү”- деп суранып калды. Чынында мындай сунуш күтүүсүз болду. Эс алуу күнүнө жолугууну белгилеп алып, адаттагыдай эле жумушка алаксып кеттим. Бирок жалооруган көздөрү, сулуу, анан муңая карап суранган жүзү табышмактай сезилип, жолуга турган күндү күттүм.

Жолуктук. Маектешимдин аты Мика экен. (Өз атын айткан жок). Мика айылда төрөлүп, 4-класста Бишкекке келиптир. Көр оокаттын айынан атасы менен апасы Россияга кетип, таежелеринин колунда калат. Айтуусунда тамак аш, кийим кечектен өксүбөптүр. 7- классында эле жигиттер менен сүйлөшүп,тамеки тартканды үйрөнүп, дискотека, түнкү клубдарга тынымсыз каттап, өзү айткандай “шаардык кыз” статусуна ээ болуптур.

“Азыр 9-класста окуйм. Мен сизге бул нерсени эле айтайын деп жолукканым жок. Сүйлөшүп жүргөн жигитимден сентябрда боюмда болуп калыптыр, аны билгеним жок. Кусуп кыйналып жүргөнүмдө таежемдер урушканда деле маани бербей аларга актанган болчумун. Качан гана ичим чыгып калганда, үйдөгүлөр сезип калышты. Доктурга барсак үч жарым айлык боюнда бар дешти. Кулак мээм калган жок, апаңа айтабыз деп коркутушту. Апамдын кыйналышын каалаган жокмун,андан көрө өлүп калайын деп, венамды кесип жибергем, калганын билбейм. Көзүмдү ачсам ооруканада экем. Эжемдер “жигитиңдин ата-энесине барабыз, сага үйлөнсүн”- дейт. Мен болсо мектептеги классташтарымдан, эжей-агайларымдан уялам. Улуу таежеме жалдырап атып, боюмдан алдыртууга макул кылдым. Врачка барсак, коркутушту. “төрөй албай каласың, биринчи баланы алдырба”- деп. Айла жок, алдырдык. Чынын айтсам мен баланы алдырганга сүйүндүм. Баардык балээден кутулгандай жеңилдей түштүм. Үйдөгүлөр болсо мени көрөөргө көздөрү жок, кагып-силкип, айтор мамилелери өзгөрдү. Жигитим менен кийин деле жолугуп жүрдүм. Менден 5 жашка улуу болчу. Бир күнү анын башка кыз менен кучакташып баратканын көрдүм, ызаландым, ыйладым. Тамекини мурункудан да көп тартып калдым. Ал жөн гана мага, “мен сени зордогон эмесмин, сен өзүң жатып бербедиң беле” деп, басып кетти. Ошол күндөн тарта, башкача ойлонууну баштадым. Бардык эркектерди жаман көрүп калдым. Өзүмдүн классташ, теңтуш кыздарымды жигиттеринен коруй берем. Ким билет, алар эмне болуп атканын. Менин тарыхымды апам билсе жүрөгү кармап өлүп калышы мүмкүн. Келечегимден, кийинкимден корком - кантип турмушка чыгам, ойлоном. Бирок эркектер жаман экен, күйөөгө тийбейм го. Күн сайын ойлоно берип, жүдөп баратам. Эже, радиодо кыздарды тарбияга, тартипке чакырган берүү даярдасак эмне болот. Мен сизге жөн гана жардамчы болоюн...”

Мика сүйлөп жатты. Мен болсо таптакыр башка нерселерди ойлонуп, тунжурап отуруп калдым. 9-класста балалыктын доорун сүрүп, оюнда эч нерсе жок, ойной турган убакта да. Баарынын эле тагдыры окшош жазылбаса керек, жаңылышып, жаш болсо да терең ойго баткан, таза сезим наристе гүлдөй элек жатып куураганына кабыргам кайышып, ичимден өксүп жаттым. Анан да мени каадалуу чоң адам катары элестетип, акылдашып келгенине ыраазы болгонум менен ичим өрттөнүп баратты.
  • Макул, даярдайлы. Сен эмне кылып жардам бересиң?
  • Мен өзүмдүн башымдан өткөнүн, кыздарга акылдуу болгула, алданбагыла, андан көрө сабак окугула деп айтып берем. Анан эже, шаарда мага окшогон кыздар көп, өзүмдүн эле досторум жапжаш туруп тамеки тартышат. Тамекинин зыян жактарын айтабыз. (Мика өзү тамеки тартып жатты).
  • Мика, апаң сенден кабар алып турабы?
  • Ооба, бирок менин минтип жүргөнүмдү билбейт.
  • Мектепте, табиялык сааттарга катышасыңбы?
  • Ал эмне?
  • Ммм, да. А сен тамекини таштаганга аракет кылып көрдүң беле? Билесиң да, тамеки зыян экенин?
  • Ооба, бирок болбойатат. Досторумдун баары тартат, анан алар менен отурганда айла жок кошулуп кетем.
“Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп кыргызда айтылгандай, Мика жашынан жаңылганын моюнуна алып, аны трагедияга айландырбай, жөн гана баарын оңдоого аракет кылган анын оптимистик мүнөзү мага аябай жакты. Бирок жаштыгына салып, терең маанисин түшүнбөй жатпайбы. Келечекте эне болоорун, балага болгон сүйүүнү, бала - бакыт, өмүр улоочу экенин аңдап, маанисине жете элек. Албетте, 15 жаш. Өзү бала бойдон. Апасы кызына ишенип иштеп жүрөт. Анын мындай жоругун кайдан билсин. Мүмкүн ЭНЕ эмеспи - жүрөгү сезген чыгаттыр. Бирок ошол балдарын багам деп талаалап жүргөнүн баласы түшүнбөйт.

Чоң энем “кызга кырк үйдөн тыюу, түкүнчөнүн кызы мындай деген жаман атка калтыра көрбө, апаңды” - деп кулагыма кумдай куяар эле.
Бирок кызын тыя турган энелердин көпчүлүгү талаалап, баш-көз болчусу жок жаштайынан тагдырын талкалап алып жатышпайбы. Мектепте канчалык деңгээлде тарбиялык сааттар, кыздарга арналган кол эмгек сабактары өтүп жатат, кабарым деле жок. Окуучулардын психологдору болобу, билбейм. Анткени мен окуучу кезде мектептин психологу бар дегенди уккан эмесмин. Баарыбыздын эле башыбыздан өткөөл курак өткөндүр. Ошол тапта мүнөзүң өзгөрүп, өзүңдү кыйын элестетип, көзүбүз тумандап калат. Мен да сабактан качып, дискотекага тынбай каттап, эси дартым оюн-күлкү болуп калган кез болгон. Бирок үйдө тартип катуу сакталгандыктан, ар бир кыймылыма көз салып турушчу. Ойлосом ошондо катуу кармашпаганда, азыр башкача болуп калышым толук ыктымал эле. Бирөөгө жалаа жапканга акым жок. Баласын карабады деп ата-энени, бузулду деп балдарын күнөөлөгүм келбейт. Албетте, бир тагдыр менен баарын салыштыруудан алысмын. Баары эле Мика эмес да... Арасында акылдуулары андан көп. Жаза баскан жаштардын тагдырында ата-эненин канчалык күнөөсү бар, билбейм. Атамдын иниси, баласын жакшы билим алсын деп эң кымбат мектептерге окутуп, жакшы шарт түзүп берип жатса да, оюн-зоок, интернет клубдан башын чыгара албай койду. Анысы ар кимдин чөнтөк телефондорун уурдайт, атасы анын айынан азап чегип жүргөнү жүргөн. Чоң эле немени байлап кое да албайт. Балким бузулду деп заманды күнөөлөйттүрбүз. Улуулар отуруп алып, “Жаштар бузулдуңар, силерде ыйман-ынсап калбай калды” деп көп айтышат го. Бирок жаштарга ким тарбия берип, биз кимдерди карап, багыт алып бара жатканыбызды ойлошот бекен?...

Микага жолукканыма бир апта болду, ошондон бери ойлонуп жүрөм. Микадай өспүрүмдөр көп да, алар эмнени ойлонуп жатты болду экен?...

Өткөн жумада кошунамдын 11-класстагы баласы 25-майга бүтүрүү кечесине акча сураганынан, "акча жок" деп бербей койсо, 60 жаштан ашкан чоң энесин коюп жибериптир. Эже көз жашын көлдөтүп, жаштарды бузган заманга наалат айтып, көгөргөн көзүн элден жашырып сыртка чыга албай үйүндө отурат.

Бизден ыйман качкан жокпу, ыя?..


Самара Сагынбаева, журналист
XS
SM
MD
LG