Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

Ош - Баткен - Исфана жолунун биринчи баскычы сентябрда аяктап, ага ылайык Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен айланма жолу пайдаланууга берилгени турат.

Буга байланыштуу Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Кубанычбек Мамаевди сөзгө тарттык.

“Азаттык”: Ош - Баткен - Исфана жолунун биринчи фазасы аягына чыгып жатыптыр. Пайдаланууга качан берилет?


Мамаев: Буйруса сентябрь айынын орто ченинде тапшырабыз деп турабыз. Кээ бир маалымат каражаттарында жолдун узундугу 110 чакырым деп жазылып жүрөт. Так айтып коёлу: Ош - Баткен - Исфана жолунун биринчи фазасы: Пүлгөн - Бүргөндү - Баткен жолунун узундугу 97 чакырым. Бул жол Ош - Баткен жолундагы Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү айланма жол. Ал анклавды төмөн жагынан айланып өтүп, Баткендин Чоң-Кара айлына келип кошулат. Ош - Баткен-Исфана жолунун 123-чакырымдан 155-чакырымга чейинки курулушун Дүйнөлүк банк каржылады, 45% грант, 55% кредит.

Ал эми 155-чакырымдан 220-чакырымга чейинки 65 чакырым аралыктагы жолду Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы каржылады. Ал эми Сохтон өткөн көпүрөнүн эки жагындагы 4,7 чакырым жолу менен чогуу курулушуна мамлекеттин капиталдык салымдарынан сарпталды. Транспорт министрлигинин “Транспорттук көз карандысыздык: Үзгүлтүксүз транспорт каттамы” стратегиясынын алкагында Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондору жана Ош областы, андан ары Бишкек менен байланыштырууда үзгүлтүксүз кыймылды камсыз кылуу долбоорунун 1-этабы аяктап жатат. Азыркы учурда асфальттын экинчи кабаты басылып жатат, жол жээктери жасалып, белгилер коюлуп жатат.

“Азаттык”: Экинчи фазасы кайсы жол?

Мамаев: 2007-жылы биз Төрт-Күл суу сактагычына куйган каналды бойлоп кеткен 23 чакырым аралыктагы Баткен – Ак-Татыр жолун курганбыз. Эми ушул жол аркылуу Ак-Татыр менен Лейлекти бириктирүү керек. Бул жолдун курулушун каржылоого Кытайдын “Эксим банкы” менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бериңиздер деп өкмөттөн өтүнүп жатабыз, анткени Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга жол системасын каржылоого 30 млн. доллардан, Дүйнөлүк банк 15 млн. доллардан ашык каражат бере албайт.

Бул жолдун узундугу 107 чакырым. Анын үстүнө Баткен шаарын аралап өтүүчү кыймылды азайтуу зарыл, ошондой эле Оштон келе жатканда Ноокаттын ашуусундагы жол да аябай начарлап кетти. Ошондуктан транзиттик транспорттун баарын айланма жолго чыгаруу зарылчылыгы бар. Ноокаттын ичиндеги жолдун абалы да өтө начарлап кетти, буга да транспорттук кыймылдын көбөйүшү жана селдин жолду жууп кетип атканы себеп болуп атат.

“Азаттык”: Демек, Оштон Пүлгөнгө чейинки аралык Ош - Баткен - Исфана жолунун 3-фазасы болуп калабы?

Мамаев: Ооба. Бул жолду быйыл сентябрь-октябрь айларында баштаганы турабыз. Жолдун курулушуна Дүйнөлүк банктан 16 млн. доллар бөлүнүп, ратификация болду. Азыр тендер ойнолуп жатат. Пүлгөн менен Көк-Талаанын ортосунда да көйгөй бар, анткени ошол жердеги Марказ деген аймак илгертен Кыргызстандын балансында деп айтылып келгени менен Өзбекстандын территориясында деп эсептелип калып атат, ошондуктан, биз Пүлгөн – Көк-Талаа жолун да курушубуз керек. Бул узундугу 15 чакырым жол 2000-жылы башталып, бирок бүтпөй калган. Азыр Евробиримдик бул жолдун курулушуна акча бөлүп атат, жакын арада башталып калат.

“Азаттык”: Ош - Баткен - Исфана жолунун 2-фазасына донорлор акча бөлөбү? Мына азыр алар менен чогуу карап жүрөт экенсиздер, үмүт барбы?

Мамаев: Донорлор акча бөлүүгө даяр, бирок биздин өкмөт ошол акчаны приоритеттүү түрдө жумшоо тууралуу өзүнүн чечимин кабыл алышы керек. Менимче, инфраструктуралуу долбоорлор приоритеттүү болушу керек, анткени Кыргызстан бир эле автожол менен байланышат. Болгону 430 чакырым темир жолубуз да Өзбекстан аркылуу өтөт, ошондуктан андан эффект жок.

“Азаттык”: Өзбек бийлиги ушул Пүлгөн - Бүргөндү - Баткен айланма жолунун Бүргөндү массивинен өткөн курулушуна каршылыгын билдирбедиби. Алар бул аймак тактала элек чек ара деп эсептеп жатышат. Кыргыз тарап ага карабай жол курду, келечеги кандай болот?

Мамаев: Чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо процесси өзүнүн комиссиясы менен жүрүшү керек. Биз жол курганда жерлерди бөлүштүргөнбүз. Бизге облустук, райондук бийлик ушул жерлерди көрсөтүп берген. Өзбек тарап бир документтерге таянып атышат, тактала элек чек ара аймактарына курулуш болбошу керек деп. Бизде мындай келишимдер Тажикстан менен да бар, бирок ал протоколдо “эгерде инфраструктуралык долбоорлор кошуна жайгашкан мамлекеттердин элдерине ыңгайлуу болсо, анда куруш керек” деген жери бар.

“Азаттык”: Өзбек тарап каршы чыгып жаткан жер алар Сох анклавына өтүүгө коридор сурап жаткан тилкеби?

Мамаев: Ооба. Сох-Риштан жолу мурда Өзбекстандын балансында турган, бирок эгемендүүлүк алгандан кийин биз аны өзүбүздүн балансыбызга алдык. Анткени ал жол биздин территорияда. Чек ара кайсы арыктан, кайсы чекиттен өтөт, бул чек араны аныктоочу комиссиянын милдети.

Биз буга чейин 2007-жылдары Сох дарыясына көпүрө курдук, анда алар унчуккан эмес. Жергиликтүү тургундар жакшы билет, Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтүүчү 23 чакырым жолдон өтүүдө биздин жарандар көп кыйынчылыктарга кабылчу. Баткенден Айдаркенге жеткиче төрт чек ара түйүнүнөн өтүүгө туура келчү. Ага салыштырмалуу биздин жолдор аркылуу Өзбекстандын жүктөрү ээн-эркин өтүп атат...
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG