Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Кытайдан оор жүк ташууну токтотуу талабы коюлууда


Министрликке талап койгону келген айдоочулар, 18-июль.
Министрликке талап койгону келген айдоочулар, 18-июль.

Кытайдан жүк ташыган айдоочулар унаа жана байланыш министрине кошуна өлкөнүн оор жүк тарткан унааларын Кыргызстанга киргизбөө талабын койду.

Айдоочулар жүктөрдү чек арадан бери Кыргызстандын Камаздары ташысын деп, ага уруксат берүү үчүн министрликке үч күн убакыт беришти.

Аткарылбай келген талаптар

Торугарт аркылуу Кытайдан жүк тарткан кыргызстандык айдоочулар бир жылдан бери талаптары аткарылбай жатканына нааразы. Алар Кытайдын оор жүк тарткан машинелерин Кыргызстанга ичкери киргизбеш керек деп талап коюуда. Кытайдын салмагы өтө оор машинелери бир жагынан жолду талкаласа, экинчи жагынан жергиликтүү айдоочулардын көбүн ишсиз калтырууда – дешет кыргызстандык айдоочулар.

Нааразы айдоочулар министр менен жолугушууда, 18-июль.
Элүүгө чукул айдоочу мындай талаптарын 18 июлда Унаа жана байланыш министри Эркин Исаков менен болгон жолугушууда билдиришти. Айдоочулардын таламын коргогон “Калыс” коомдук уюмунун төрагасы Орунбек Чондоев мындай дейт.

- Үрүмчүдөн Топого келгенге чейин 44 тонналык жүк менен келет. Андан бери Кыргызстандын мыйзамынын жоктугунан пайдаланып, 85 тоннага чейин олчойто жүктөйт. Жолдорду талкалап, Бишкекке келип жатышат. Ал эми 44 тонна жүктүн акчасы өкмөткө түшөт. А калган жүктүкү кайда кетет?

Эки өлкө - эки башка мамиле

Айдоочу Орозмат Бечелов кытай жана кыргыз айдоочуларына эки өлкөдө бирдей укук берилбегенине нааразы. Кытайдын машинелери Бишкектин көчөлөрүндө ээн-эркин жүрсө, кыргызстандык айдоочулар кошуна өлкөдө атайын жайларга гана токтой алышат экен. Кокус Кытайда жолго кандайдыр бир зыян келтирилсе, олчойгон айып пул салынат:

- Биз Кытайга киргенде машина бузулуп калып, тирегич койсок, эгер андан жолдун кичине жери сынып калса, 4-5 миң доллар айып пул салат. Ошондой эле жолго май эле тамып, же агып калса 3-4 миң доллар айыпка жыгат.

Кыргыз айдоочулар ошондой эле Торугарт өткөөл бекетине жүктөрдү түшүрүүчү терминал куруу талабын коюп жатышат. Терминал курулса кыргызстандык айдоочулар Кытайга кирүүдөн баш тартууга даяр, ошого жараша Кытайдын унаалары да жүктөрдү терминалга чейин гана жеткирип артка кайтууга тийиш деп эсептешет.

Ал ортодо Унаа жана байланыш министри Эркин Исаков терминал курууга өкмөттө каржат жок экендигин айтууда.

- Терминал деген бул жөн гана бир кампа салып коюу эмес. Бул деген чоң комплекс. Анын ичинде бажы жана унаа түзүмдөрү, мал доктур, жүктөөчү шаймандар жана башка бардык керектүү нерселер болот. Мен аны курууга жок эле дегенде 10 млн. доллар кетет деп ойлоп жатам.

Катуу талап, татаал маселе

Бирок министр Исаковдун жообу айдоочуларды ынандыра алган жок. Алар терминал курулганга чейин эле Кытай унаалары жүктөрдү чек арага түшүрүп, андан бери жергиликтүү айдоочулар ташысын деген талап коюшту. Буга уруксат берүү үчүн министрге үч күн убакыт беришти.

Анткен менен министр Исаков бул маселе оңой эле чечиле койбосун “Азаттыкка” билдирди:

- Биз Бажы кызматы жана Тышкы иштер министрлиги менен кеңешебиз. Экинчи жагынан бул базар, жүктөр болсо менчик. Ал Дордойдогуларга таандык. Эртең алар да чыгышы мүмкүн. Менин оюмча, бул социалдык жарылуу болот. Анткени алар айтат да, “мен Үрүмчүдөн бери келишим менен алып келе жатсам, эмне үчүн силер орто жолдон түшүрүп, башкага жүктөйсүңөр” деп. Бул маселеде жүк ташуучулар менен Унаа жана байланыш министрлиги гана болуп жаткан жок. Мында Дордой, Кара-Суу базарлары да бар. Көйгөй ошондо.

Жогорку Кеңеште июнь айында “Автомобиль жолдору жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, 44 тоннадан ашкан жүгү бар оор автоунаалар Кыргызстанга киргизилбеши керек. Бул мыйзам азыр президенттин кароосунда турганы айтылууда. Эгер мыйзам күчүнө кирсе, унаалардын салмагын билүү үчүн чек арага баасы 1,5 млн. сом турган 24 тараза орнотулуш керек. А бирок айдоочулар бул мыйзамдан майнап чыгаарына анчалык ишенбей турушат.

XS
SM
MD
LG