Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Гуо Ян эмнеге акталды?


Атайын прокуратура кытай жаранын актаган райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн жогорку инстанцияга жолдоду.

Гуо Ян аттуу кытай жараны 2008-жылы Бишкекте көз бойомочулук үчүн жатак абакка кесилгенден кийин качып кеткен. Быйыл жазында кыргыз-кытай чек арасынан өтүп баратканда кайра кармалган.

Райондук сот кытай жараны тил билбей жатак абакка чыкканын түшүнбөй калганын негиз кылып актаса, покурорлор Гуо Ян Бишкекке тилмеч катары келгенин, бул жакта бир катар окуу жайларда окуганын айтууда.

Атайын прокуратурадагы маалыматка ылайык, Гуо Ян төрт жаранды алдап кеткен үчүн 2008-жылы августта соттолуп, 5 жыл жатак абакка кесилген экен. Бирок 4,5 айдан кийин качып кетип, дайынын таптырбай жүргөн.

Атайын прокурордун ага жардамчысы Талипбек Керимбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул жылы жазында Торугарт кыргыз-кытай чек арасынан өтүп баратканда кайра колго түшкөн:

- Гуо Ян издөөдө жүрүп, мыйзамга түшүнүксүз мүмкүнчүлүктөр менен Кытай мамлекетинин жараны деген жаңы паспорт алган. Ошол паспорттун негизинде качууга аракет кылган. Паспортту каяктан, кантип алганы тууралуу суроо чала текшерилди. Себеби соттун жүрүшүндө ага толук баа берүү мүмкүн эмес эле. Ал үчүн кайра жаңы иш жүргүзүш керек. Ушул жана башка толгон мүчүлүштүктөргө карабастан судья Нурбек Эсеналиев Гуо Ян орус тилин түшүнбөй, билбегендиги үчүн акталууга жатат деп чечим чыгарды.

Прокуратура кытай жараны орус тилин билген эмес деген сот далилине ынабай жатат.

Атайын прокурордун ага жардамчысы Талипбек Керимбаев Гуо Ян үч жогорку окуу жайда, тактап айтканда кыргыз-орус Славян университетинде тил үйрөнгөнү, Туризм академиясынын даярдоо курсунда окуганы, ошондой эле Арабаев атындагы университетке тапшырганы мурунку соттук териштирүүдө эле далиденгенин билдирди:

- Гуо Ян 2004-жылы Кыргызстанга тилмеч катары келип, жумушка орношкон. 2004-жылы Туризм академиясына тапшырган. Андан сырткары Славянда кыргыз-кытай тили боюнча курсту бүткөн. Сот ошолордун баарын көрүп турат, мунун баары мурунку сот өкүмүндө жазылып турат. Ошого карабай акталып кеткен. Бул жерде судья Эсеналиевдин түздөн-түз кызыкчылыгы бар. Актаганга эч кандай негиз жок болчу. Бул акыйкаттыкка келтирилген шек деп эсептейм.

Свердлов райондук соттун судьясынын кытай жаранына байланыштуу өкүмү тууралуу Жогорку Соттун ММК менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азиз Досмамбетов комментарий берди. Анын айтымында, Гуо Ян жатак абакка чыгып, мөөнөтү бүткүчө Кыргызстандан чыкпоо тууралуу тил катка тилмечи жок түшүнбөй кол койгон. Ошон үчүн качып кеткени тууралуу иш боюнча акталган:

- Свердлов райсоту карап атканда анча-мынча орус тилинде сүйлөгөнү менен, толук түшүнбөгөнү далилденген. Анан жатак абакта жүргөндө Гуо Яндын колунда паспорту болгон. Эң башкы факты, тил катка кол койгондо эмне жөнүндө кол койгонун түшүнгөн эмес. Мыйзам боюнча четтен келген киши расмий же мамлекеттик тилди билбесе, ага котормочу бериш керек болчу. Котормочуну Жаза аткаруу кызматы бермек. Ошон үчүн качып кеткен факт боюнча толук акталып, мурдагы чечим менен кетип жатат.

Гуо Янга байланыштуу прокурорлор менен соттордун чыры эмне менен аяктары белгисиз. Учурда Атайын прокуратура райондук соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча жогорку инстанцияга өтүнүч жолдоду.

Кыргызстанда соттор дарегине сын көп айтылат. Ушундан улам мурунку президент Роза Отунбаеванын тушунда эле сот тармагын реформалоо башталган. Азыркыга чейин реформа аяктай элек.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG