Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Кыргызстан-Кытай: иммиграция көзөмөлдөбү?


Соода-экономикалык алакалардын өнүгүшү Кытайдан келген жарандардын агымын күчөтүп, Кыргызстан калкынын демографиялык коопсуздугуна шек келтириши мүмкүн.

Мындай божомолдорун билдирген көз каранды эмес серепчилер өлкөдө мыйзамсыз иммиграцияны көзөмөлдөөчү бирдиктүү тутумдун жок экендигин айтып чыгышты.

Кыргызстанда иштөөгө жана жашоого уруксат берүү боюнча чет элдиктер үчүн бекитилген квотанын 75 пайызга жакынын Кытай жарандары түзүшөт. Алар жол оңдоо, курулуш, тоо-кен өнөр жай, айыл чарба жана эң көп бөлүгү соода тармактарында эмгектенишет.

Кыргызстандын эмгек жана миграция министри Алмазбек Абытов убактылуу уруксат алып иштеп жатышкан Кытай жарандарынын саны жылдан жылга көбөйүп жатканына токтолду:

- 10 650нүн ичинен негизинен миңден ашууну соода тармагында иштегендер. Калгандары жылда жумушка келип тургандар. Кээ бирөөлөрү жаңыдан келишет. Мунун бардыгына уруксат берилип, анан иштей башташат.

Ошол эле учурда көз каранды эмес талдоочулар Кыргызстанга келип, отурукташкан кытайлыктардын чыныгы саны расмий көрсөткүчтөн алда канча жогору экенин белгилешет.

Мындан сырткары Кыргызстанга келген кытайлыктардын арасынан бул жакта жүрүү мөөнөтүн улам узартып, биротоло узак мөөнөткө отурукташууга байыр алгандар бар экени байкалган.

Серепчи Нурлан Орозбаев Кыргызстанга мыйзамсыз жолдор менен кирип, расмий каттоодон өтпөгөн Кытай жарандары көп экенин белгиледи:

- Мамлекеттик квотадан сырткары дагы канча адам каттоого турбай жүрүшөт! Алардын канчалык деңгээлде мыйзамдуу жүргөнүн милиция изилдеш керек болчу.

Экспансия эпкини

Кытай калкынын саны 2010-жылдын ноябрь айындагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча 1 миллиард 339 миллион 724 миң адамды түзөт. Анда 1979-жылдан бери төрөлүүнү кыскартуу үчүн бир баладан ашык балалуу болууга тыйуу салынган. Бирок бул тыйуу кийин төрөлгөн балдарды мамлекеттик каттоого албай, күбөлүк бербей койуу менен гана чектелгени белгилүү.

Ал гана эмес мына ошол каттоосуз адамдарды өлкөдөн сырткары аймактарга жайгаштырууга Кытайдын өкмөтү жашыруун колдоо көрсөтөөрү да айтылып жүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча адис Талант Раззаков “кытайлык демографиялык экспансияга” каршы алдын ала чаралар иштелип чыгышы керек деп эсептейт:

- Чет өлкөнүн жарандар үчүн келип-кетүү тартибин аныктаган ачык доска турушу керек. Соода-экономикалык байланыштардын кеңейиши менен биздин кыздардын кытайлыктарга турмушка чыккан учурлары бар.

Чет элдиктер келип-кетүү тартибинин негизинде гана Кыргызстанга киргизилген. Экономикалык байланыштын күчөшү адамдардын ортосундагы мамилеге да таасир этти. Биздин кыздар кытай жигитине турмушка чыгып, андан төрөдү. Күйөө балдар пайда болушту. Мыйзамсыз жүрүшкөндөрдү депортация кылмакчыбыз.

Анткен менен Кыргызстанда кытайлашуу жараяны жүрүп, бүтүндөй өлкө анын таасиринде калып кетет деп кооптонууга негиз жок дегендер да жок эмес. Алардын айтымында, мындай жараянга тоскоол боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар.

Саясат таануучу Санжар Тажиматов Кытайдын демографиялык экспансиясы тууралуу божомолдорду уламыш катары баалады:

- Борбор Азияга болгон Кытайдын коркунучу Орусияга карата ушул сыяктуу коркунучка караганда бир кыйла аз. Кытайлаштыруу, же болбосо анын маданиятын таркатуу керек деген бул миф. Эч убакта андай болбойт. Бул чындыкка коошпойт.

2003-жылдан тарта Орусия менен Казакстан атайын текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен аталган өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз жүргөн миңдеген кытайлык мигрантты мекенине кайтарышкан. Алардын көпчүлүгү кайра Кыргызстанга келип, отурукташканы айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG