Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:14

Пархат Турду: Оштун өнүгүшүнө биз да кызыкдарбыз


Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири.
Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири.

Учурда Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турду жетектеген топ Ош жергесин кыдырып жүрөт.

- Пархат мырза, бул кыдырууңуздар Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбековдун быйыл апрель айында сиздерге жасаган сапарына жообуңуздар эмеспи?

- Туура, Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков жетектеген топ быйыл апрелде Кытайга барышпады беле. Ошондо алардын максаты, биринчиден, Ош облусунун экономикасын өйдөлөтүү үчүн инвестиция тартуу, экинчиден, ал аркылуу элдин жашоо-шартын жакшыртуу жана карапайым калктын кирешесин арттыруу эле. Биз жакта бир катар келишимдерге кол коюлган. Азыр ошол келишимдер кандайча аткарылат, ошону такташтырып жана жүзөгө ашырылышын маңдай-тескей олтуруп масилеттешип атабыз. Анткени, дагы кенен-чонон сүйлөшүп албасак, келишимдерге кол коюу менен маселе чечилгидей эмес. Эгерде милдеттенмелер кагаз бетинде калып кетсе, албетте экономика дегеле өнүкпөйт.

- Өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көбүнчө эмнелерге басым жасап жатасыздар?

- Биринчиден, Кыргызстандын дыйкандарына айыл чарба багытындагы парниктерде иштөөнү, анын ичинде мөмө-жемиштерди эгүүнү жана өндүрүүнү үйрөтмөкчүбүз. Экинчиден, андан ары айыл чарбасын жана өнөр жайын өнүктүрүү багытында тыгыз иштешмекчибиз. Ошого улай агартуу тармагында дагы алкабыз мындан ары жакшырат. Маданият, спорт багытында дагы ийиндеше иштешмекчибиз. Мына, Оштун бизге көрсөтө турган жактары абдан көп. Аны биз дагы үйрөнүүгө куштарбыз. Ошол эле учурда биз дагы жетишкендиктерден куру эмеспиз. Ошондо гана байланыш чыңдалат деген үмүттөбүз.

Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрелинде Кытайга барганда «Парниктерде жер-жемиш өстүргөндү үйрөтсөңөр болоор эле?» деген болчу. Ошон үчүн Кызыл-Суу кыргыз өкмөтүнүн казынасынан 200 миң юань алып келдик. Бизде өзү парник 800-100 миң юандын тегерегинде бүтөт. Ошону Ошко дагы орнотуп, тажрыйба кылып көрүүнү чечтик. Эгерде наркы арзанга түшсө, үчтү кылабыз. Болбосо, эки парник сөзсүз курулат. Анан Оштун жумушчулары Кытайга барып жол-жобосун үйрөнүп келишсе, калганын өздөрү кыла беришет. Эң башкысы: жер жана суу эле болсо, ал мөмө-жемиштер күн нуру менен быша берет.

- Пархат мырза, Кыргызстандын башка облустары менен дагы ушундай өңүттө байланышасыздарбы?

- Албетте, Кыргызстандын башка облустары менен дагы байма-бай катташабыз. Бул ирет Ошту кыдырдык. Эртеңден баштап Жалал-Абатка, Таласка, андан ары Бишкек шаарына, Нарынга жана Ысык-Көл облустарына сапарлайбыз. Биз ал жактагы боордоштор менен дагы экономикалык жана соода-сатык жагынган бекем алака кылалы деген ниетибиз бар. Балким, мындайда аларга биздин дагы керегибиз тийип калаттыр. Ошолор туурасында маңдай-тескей сүйлөшмөкчүбүз.

- Маегиңиз үчүн ыракмат.

XS
SM
MD
LG