Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Атамбаев II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын расмий түрдө ачты


Ысык-Көлдө бүгүн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылуу салтанаты болуп, ага катышып жаткан 40 мамлекеттин спортчулары параддан өтүштү.

Кыргызстандын курамасы менен аянтка чыккан президент Алмазбек Атамбаев Көчмөндөр оюндарын ачып жатып, чет элден келген конокторду Кыргызстан зор кубанычта күтүп алганын белгиледи:

"Урматтуу мекендештерим. Кадырлуу меймандар. Урматтуу экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары. Ала-Тоо жергесине дүйнөнүн төрт тарабынан келген конокторду, 62 өлкөнүн өкүлдөрүн, чабандестерин тосуп жаткандарыбызга сыймыктанам. Бул майрамга Кыргызстандын бардык облустары жана райондорунан да аксакалдар, айыл ардагерлери, чабандестер келишкен. Кыргызда конок тосуу өзгөчө жакшылык болуп саналат. Элибизде конок менен кошо кут кирет деген сөз бар. Ошондуктан кыргыздар конокту дайыма кубаныч менен, ак тилек менен, жакшы ниет менен бүгүнкүдөй тосуп алат", - деди Атамбаев.

Ошондой эле мамлекет башчы Кыргызстанда көчмөн элдердин мурасын жандандыруу аракети дүйнөнү кызыктырып жатканын кошумчалады:

"Көчмөн элдердин мурастарын жандандырып жатканыбыз дүйнөнүн бардык элдерин кызыктырып жатат. Эки жыл мурда ушул жерден биринчи оюндарды өткөргөндө 19 өлкө катышса, мына бүгүн 62 өлкөнүн оюнчулары катышууда. 2012-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин президенттери Азербайжандын, Казакстандын жана Түркиянын президенттери Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөргүлө деп Кыргызстанды колдоп бергендерине ушул жерден дагы бир жолу рахмат айткым келет", - деди Атамбаев.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Ага 40 мамлекеттин спортчулары катышып, улуттук спорттун 23 түрүнөн күч сынашат. (SE)

XS
SM
MD
LG