Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Экс-спикер Мукар Чолпонбаев көз жумду


Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

Коронавирус жугуп, ооруканага түшкөн коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев каза болду.

Мукар Чолпонбаев Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында ​24-майда түш ченде көз жумду.

COVID-19га каршы Республикалык штаб тараткан кабарга ылайык, коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер, 70 жаштагы Мукар Чолпонбаевге коронавирус инфекциясы жугуп 5-майда ооруканага түшкөн. Ошол эле күнү реанимацияга которулуп, андан бери абалы оор болчу.

Кемел Ашыралиев.
Кемел Ашыралиев.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты Кемел Ашыралиев маркум Чолпонбаевди мындайча эскерди:

“Курч канжардай эле. Жигиттик сапаты жогору, сергек жан эле. Кандай маселе болсо да ачык-айкын сүйлөчү. Аны менен көп жыйындарда чогуу болдум. Аскар Акаевдин учурунда бийликтин ишине адилет пикирин билдирген саналуу саясатчылардын бири эле. Тилекке каршы, андайлар саясат айдыңынан сүрүлүп калат. Мукар Чолпонбаев Кыргызстандын алгачкы Конституциясынын – 1993-жылдагы Баш мыйзамдын жазылышына чоң салым кошкон. Юстициянын Чүй облустук башкармалыгында иштеп жүрүп, "Легендарлуу парламентке" депутат болуп келген”.

Кемел Ашыралиев Чолпонбаевди кыргыз коому, кыргыз бийлиги өз убагында барктай албаганын кошумчалады.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Чыныбай Турсунбеков да маркум тирүүсүндө баркталбай калганына өкүнүчүн билдирди:

“Коомдогу ар бир маселеге өз позициясын билдирип, көз карашын татыктуу коргоп келди. Бизде мыкты инсандарга татыктуу баа дайыма өлгөндөн кийин берилет. Тилекке каршы, өлгөнгө чейин жылуу сөз айтылганын уга элекмин”.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова Мукар Чолпонбаевди мамлекеттин келечегине күйгөн жупуну коомдук ишмер катары эскерди:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

“Жөн эле сүйлөп койчу эмес. Иш-чараларды уюштуруп, саясатчылардын, коомдук ишмерлердин башын бириктирип, кайсы бир маселени талкуулап эле жүрчү. Ушул жашка чыкканга чейин эмгектенди. Адвокаттык кылып жүргөнүн билем. Таза киши болчу”.

Мукар Чолпонбаев 2019-жылдын октябрь айында “Азаттыкка” интервью бергенде Кыргызстан эгемендик алган күндөн бери аксап келаткан мамлекеттик башкаруунун негизги көйгөйлөрүнө кайрылган эле. Ал мамлекеттик башкарууда кесипкөй жана эрктүү жетекчилердин таңкыстыгы улуттук кызыкчылыкты жетиштүү коргоого тоскоол болгонун белгилеген. Ошондой эле азыркы парламенттеги депутаттарда саясий эрктин жоктугун сындаган:

“Жоопкерчилик саясий жана укуктук болуп бөлүнөт. Эгер шайлоочуларыңдын талабына жооп бере албасаң, алар сени кайра шайлабайт. Бул – саясий жоопкерчилик. Ал эми кылмыш кылсаң, укуктук жоопкерчилик пайда болот. Азыркы депутаттар бири-биринин укуктук жоопкерчиликке тартылышына жол беришпейт. Укуктук жоопкерчилик жоктугуна байланыштуу алар каалаганын жасашат. Парламенттин жыйынына катышабы, катышпайбы эч кимдин иши жок. Жогорку Кеңештеги азыркы 120 депутаттын арасынан 30дайынан башкасынын эмне иш кыларын билбейм. Алар өз жумуштары менен алек. Мамлекеттик бийликте турган ыйгарым укуктарын – имаратты, иш бөлмөнү, телефондорду өз кызыкчылыгына пайдаланышат. Бул баюуга жол ачат. Ушул системаны оңдобой туруп Кыргызстанды өнүктүрө албайбыз”.

Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында төрөлгөн. 1976-1984-жылдары Фрунзе шаарынын 1-Май районунун прокуратурасында тергөөчү, Транспорт прокуратурасында улук тергөөчү, Кыргыз ССРинин башкы прокуроруна караштуу өзгөчө иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.

1984-жылдан 1995-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы, Чүй облустук юстиция башкармалыгынын жетекчиси, Президенттик аппаратта бөлүм башчы болуп иштеген.

Мукар Чолпонбаев 1993-95-жылдары юстиция министри болгон. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы да болуп эмгектенген.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышынын жана Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын депутаты болгон. 2005-жылы түзүлгөн «Мекеним-Кыргызстан» кыймылынын уюштуруучуларынын жана жетекчилеринин бири эле.

"Азаттык" радиосунун жамааты Мукар Чолпонбаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Мукар Чолпонбаевдин "Азаттык" радиосуна 2019-жылдын октябрында берген маеги:

Кыргызстанда 18-марттан бери коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 1403 адамга жетти. Алардын 980и сакайып, 15 адам жашоо менен кош айтышты. Ушул тапта 409 адам стационарда жатат, 11 адам оор абалда, төртөө жандандыруу бөлүмүндө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG