Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Калемдештери жазуучунун жоктугу Кыргызстанга абдан сезилип жатканын белгилешүүдө.

Ошол эле учурда Чыңгыз Айтматовго эстелик алигиче тургузулбаганына, анын даңкына дал келе турган аракеттер жасалбаганына нааразылар көп.


“Айтматов тирүү болгондо...”


Алп адам, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына эки жарым жыл болду. Анын калемдештери ушул маалда Айтматовдун жоктугу Кыргызстан элине абдан эле сезилип жатканын айтышат. Жазуучунун кеңешине, данакерлиги жана таалимине муктаждык чоң экендигин белгилешет. Жазуучу менен ондогон жыл чогуу иштешип келген Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиевдин айтымында, Айтматов тирүү болгондо, Кыргызстанда саясий абалы кыйла жакшы болмок:

- Чыңгыз агабыздын дүйнөдөн кайтканына эки жарым жыл болду. Агайдын жоктугунан улам, биздин руханий дүйнөбүздө чоң эле жоготуу болгону, бөксөрүү болгону көрүнүп турат. Азыркы саясий абал дагы эгерде Айтматов тирүү болгондо мындай болмок эмес эле деп ойлойм. Мына ошол лидерибиз жок экендигин, тообуз кулагандыгын сезип, бөксө тоодой болуп турабыз.


Калемдештеринин пикиринде, Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын руханий лидери болчу. Өлкө учурда турган абалда андай лидерге өзгөчө муктаждык бар эле. Жазуучунун бир тууганы Ильгиз Айтматов дагы буга кошулат:

- Айтматовдун жоктугу абдан эле сезилип жатат. Анткени кайсы жерде болбосун айтылып, Чыңгызды эскерип, анын айткан философиясын колдошубуз керек деп бардыгы айтып жатышат.


Жазуучуга татыктуу эстелик тургузула элек


Чыңгыз Айтматовдун аты Кыргызстандын аймагындагы ар кыл окуу жайлар, мекемелерге ыйгарылып келет. Мындай аракеттердин ичинен атактуу жазуучунун деңгээлине татыктуусу жасалбай жатканына нааразылар көп. Бир катар жазуучулар Айтматовду чет өлкөлүктөр даңктап жатканда, мекенинде арзыбаган көңүл бурулганына сын айтышты. Ошол эле учурда ар кыл тармакка Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгара берүү да туура эмес деген пикирлер бар.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев майда-барат тармактарга Айтматовдун ысымын ыйгара берүү менен жазуучунун баркын түшүрүп албоо керек дейт:

Бексултан Жакиев
- Чыкемдин деңгээлине жеткире эч нерсе атай албай жатабыз. Мына бу бизде Коммунизм чокусу деген бар. Аны Айтматов чокусу десек анын ысымы бүт дүйнөгө тарамак. Андан тышкары Бишкекте чоң бульвар, же проспектини анын атынан атоо керек. Андан тышкары Чыкеме эстелик коюлушу керек. Анан бардык эл жерге майдалап, чүйдөлөп аттарын коё берүүнүн кажети жок. Анда биз Чыкемдин баркын кетирип алабыз.

Чыңгыз Айтматовдун аты ар кыл тармакка берилип жатканы менен ага арналып алигиче эстелик тургузула элек. Бул жагдай Айтматовдун бир катар калемдештеринде, жакын туугандарында өкүнүч жаратууда. Алардын баамында эстелик тургузуу милдети өкмөттүн көз жаздымында калып келет.

Ал эми Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз билдиргендей, Айтматовдун атын Бишкектеги бир көчөгө ыйгаруу жана эстелик тургузуу маселелерин чечүү азырынча мүмкүн болбой жатат.

Жазуучунун кызы Ширин Айтматова алп жазуучунун атын түбөлүккө калтыруу багытында алгалыктуу аракеттер жасалса болмок деген пикирде:

- Мындай бийик деңгээлдеги адамдын эстелигин үй-бүлөсү гана чечип койбойт. Албетте эстеликти коюп коюу биздин колдон деле келмек. Бирок бул багытта чечимди коом дагы, өкмөт дагы кабыл алса жакшы болмок.


Ошентип, жазуучунун жоктугу эл ичинде сезилгени менен аны даңктоо аракети жыйынтык көрсөтпөй келет. Башка маселелер өңдүү Айтматовдун атагын чыгарып, аны даңктоо жагы жаңы өкмөткө түшчү милдет болууда.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 170 тилине которулуп, чет өлкөлөрдө жалпы нускасы 40 миллион нуска менен чыккан. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Ч.Айтматов көп жылдардан бери дүйнөнүн эң окумдуу жазуучуларынын бири болчу. Атактуу жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Ньюнберг шаарында катуу оорундан каза болгон. Айтматов тирүү болгондо ушул жылдын 12-декабрында 82 жашка чыкмак.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG