Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Кыргызстан Кытай абагындагы жарандарын алып келет


Кытайда камалган кыргыз жарандарынын көпчүлүгү Үрүмчү шаарында.
Кытайда камалган кыргыз жарандарынын көпчүлүгү Үрүмчү шаарында.

Башкы прокуратура Кытайда соттолгон 17 кыргыз жаранын мекенине алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Кытайда соттолгондордун көбү маңзат менен кармалгандар. Бирок депутаттардын айтымында, Кытай абактарында мындан да көп адам бар болушу мүмкүн.

Кытайда абакта жаткан жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо максатында бул өлкө менен келишимдин долбоору каралууда. Ал келишим Кытайда соттолуп кеткен кыргызстандыктарды алып келип, бул жакта абакта кармоо максатын көздөйт. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Людмила Усманова 28-майда парламенттеги эл аралык мамилелер комитетинин жыйынында билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын өкүлү Руслан Маткеримов мындай дейт:

- Бул келишим боюнча башкы прокуратура иштеп жатат. Өткөн жылы бул боюнча Кытайдан эксперттер келип, анда келишимдин долбоору такталган. Азыр ал жакта да, бул жакта да ички процедуралар өтүп жатат. Ошолор даяр болгондон кийин эки тараптуу кол коюу боюнча маселе көтөрүлөт.

Тооруган маңзат

Кыргызстандыктардын 15и Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң уйгур автоном районунда, ал эми экөөсү Гуанжчоу шаарындагы абактарда.

Кыргыз тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы өкүлү Азат Эркебаевдин айтымында, алардын арасында маңзат менен кармалгандар арбын.

- Үрүмчү шаарында 15 соттолгон жаран бар. 15 адамдын 13ү маңзаттарына байланыштуу кармалгандар. Ал эми бирөөсү каракчылык, дагы бири баалуу мүйүздөрдү сатууга байланыштуу аткезчилик боюнча соттолгон.

Азат Эркебаев Кыргызстанга алынып келингени менен алар келишимге ылайык, жазаларын толук өтөп бүтүүгө милдеттүү болоорун да кошумчалады.

- Бул адамдарды Кыргызстанга алып өтүү аларды биротоло жазадан бошотуу, эркиндикке чыгаруу дегенди түшүндүрбөйт. Келишимде алар кандай беренелер менен соттолгон болсо, жазаларын Кыргызстандын мыйзамдары боюнча толук өтөшөт. Бирок алар өзүнүн Ата Мекенинде болот.

Келишим иштеп кетеби?

Ошол эле кезде кылмыш кылган үчүн төрт кытай жараны Кыргызстандын абактарында жазаларын өтөп жатат. Эгер келишим түзүлүп калса, алар да Кытайга өткөрүлүп берилмекчи. Аталган келишимди Жогорку Кеңештеги эл аралык мамилелер комитети жактырып, колдоп берди.

Бирок комитеттин мүчөсү, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева Кытайда абакта жаткандардын саны расмий айтылган 17 адамдан да көп болсо керек деп эсептейт. Ошондой эле ал келишим эки өлкөгө бирдей иштээринен да күмөн саноодо.

- Түрмөдө отурган адамдарды алмашуу боюнча бул келишим абдан керек. Бирок ал эки тарапка тең бирдей иштеш керек. Көп эле эки тараптуу келишимдер кабыл алынат, бирок көп учурда алар бир тараптын пайдасына гана иштеп калган учурлар бар.

Баш прокурор Аида Салянова өткөн бейшемби күнү парламенттеги баяндамасында, башка мамлекеттердин абагында жалпысынан 780 кыргызстандык камалып турганын айткан.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары абакта жаткан негизги мамлекеттер Орусия, Казакстан, Өзбекстан болуп эсептелет. Мындан тышкары, Түркияда, Кытайда бар. Жалпы саны 780 адам. Ошол эле кезде Кыргызстандын абактарында жаткан чет элдик жарандар да бар, алар 300дөн ашык адам.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2011-жылы бөтөн өлкөлөрдө кылмыштын айынан ар кандай жазага, маселен бир-эки ай камакта болгондон тарта бир нече жылга кесилгендердин саны эки миңдей адамды түзгөн.

XS
SM
MD
LG