Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Уу көмүрдүн арты чууга апкелди


Кыргызстанда сырттан сатылып келген уулуу көмүргө байланыштуу чуу күчөдү. Жарандык лидерлер Казакстандын Кулан кенинен ташылып келинген көмүр бир катар мектептер менен карылар үйлөрүнө таратылганын билдиришти. Тиешелүү органдар бул маселе боюнча ачык түшүндүрмө бере албай жатышат.

Уулуу көмүр маселесин көтөрүп чыккан "Таза табигат" бейөкмөт уюмунун төрайымы Анара Дауталиева Чүй облусунун мекемелерине ташылып келген 12 миң тоннадан ашык көмүрдүн радиактивдүүлүгү жогору деп далилдөөдө:

- Жалпысынан төмөнкүдөй сандагы радиациялуу көмүр алып келинди: Чүй районуна 41 тонна, Ысык-Атадагы Төмөнкү Серафимовка карылар үйүнө 650 тонна, Сокулуктагы мектептерге 17 тонна, Жайыл, Москва райондоруна жана Кара-Балта шаарына 10 миң тонна, Беловодсктогу мекемелерге 400 тонна ташылып келген.

Бул көмүрдүн радиоактивдүүлүгү жогору болгонун мекемелер аралык комиссия аныктап, аларды колдонууга тыюу салганын Дауталиева кошумчалады. Бирок мектептер жана башка социалдык мекемелер көмүрдүн басымдуу бөлүгүн жагып салышкан сыягы бар:

- Чүй районунда 8000ден ашык окуучу окуйт. Эгер 14 мектепти жана 1 балдар бакчасын эсептей турган болсок, азыр 5000ден ашык окуучу радиацияга ууланып жатат. Муну менен катар бул көмүрдү жаккан соң анын күлүнүн радиоактивдүүлүгү 3-4 эсе көп болот экен. Муну мекемелер аралык комиссиянын 30-декабрдагы жыйынтыгы да далилдеди.

Уулуу көмүр таратылып берилди делген айрым жайларда иштеген адамдардын саламаттыгы начарлап жатканы да айтылууда. Маселен, Чүйдөгү Он бир жылга айылындагы мектепте ушундай көрүнүш байкалганын айыл башчысы Закир Артыкбаев "Азаттыкка" билдирди:

- Биздин айылга 30 тонна көмүр түшкөн эле. Октябрдан бери радиоактивдүү көмүр экен, алынып кетет деп айтылып жатат. Бирок ташылып кете элек. Мектепте иштеген 4 от жаккыч ооруп жатат. Мурдунан кан агып, баштары ооруп, кыйналып жатышат. Өкмөт радиоактивдүү көмүр деп эскерткенче бир тобу жагылып кеткен эле.
Эми ушул көмүрлөрдөн күн сайын радиациялык нурдануу болуп, бардык жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө.

Чүй облусуна уулуу көмүрдүн ташылып келиши боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлиги маалыматка ээ эмес экен. Министрликтин статс-катчысы Баатыркул Баетовдун айтымында, Куландан ташылып келген көмүрдү жергиликтүү бийлик органдары жана билим берүү мекемелери өз-өзүнчө тендер өткөрүп, андан соң сатып алышкан:

- Бизде бул боюнча эч маалымат жок. Ал жөнүндө ММКдан гана окуп жатканбыз. Аны ким сатып алса, ким ташып келсе, ошолор жоопкерчиликтүү болушат.

Чүй облусундагы 14 мектепке уулуу көмүр берилгенби? Бул суроо менен Билим берүү министрлигине кайрылдык. Министрликтин өкүлү Бакыт Кадыркулов уулуу көмүр бир да мектепке таратылбаганын айтты.

Өкмөт башчынын аты аталды

Ал ортодо Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев уулуу көмүрдүн ташылып келишине түздөн-түз жоопкер катары өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун атын атады. Кулан кенинен көмүр сатып алуу боюнча токтомго Өмүрбек Бабанов өткөн жылы өкмөт башчынын милдетин аткарып турган учурда кол койгон деди Ташиев:
- Өкмөт токтом кабыл алып, анын негизинде уулуу көмүр сатылып келген. Өкмөт мурун коллегиялуу түрдө токтом кабыл алса, бул ирет Бабанов өзү жалгыз чечим кабыл алган. Мына эми ошол көмүр Чүй облусундагы мектептерге, социалдык мекемелерге таратылган. Эми ушул көмүрлөрдөн күн сайын радиациялык нурдануу болуп, бардык жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө. Бул боюнча мамлекеттик органдардын тиешелүү бүтүмдөрү бар. Ошондуктан эгер буга өкмөт башчысы жооп бербесе, ким жооп бериши керек?

Бирок өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Султан Каназаров премьер-министр Бабановдун уулуу көмүргө тиешеси жок деп депутаттын дооматын четке какты:

- Бул көмүргө өкмөт башчынын эч тиешеси жок. Cоциалдык объекттер өз алдынча кожоюндуктарда, аларга сатып алынган көмүргө өкмөттүн эч тиешеси жок. Бирок мындай көмүр мамлекеттин чек арасынан мыйзам өтсө жана ал аныкталса, ага жооптуу адамдар өз жазасын алыш керек.

Ошол эле учурда Казакстандан ташылып келген уулуу көмүрдүн айрым социалдык жайларга таратылганына байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону тууралуу маалымат тарады.

Былтыр кыш кычаган кезде бир катар депутаттар Кыргызстанга Казакстандан сатылып келинген көмүрдүн радиация деңгээли кыйла жогору экенин билдирген. Андан көп өтпөй өкмөт өкүлдөрү көмүрдү жагууга тыюу салганын жана казак тарап артка кайтарып алып жатканын айтышкан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG