Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:17

Кыргызстандагы диний ишенимдердин ар түрдүүлүгүнөн чыгып жаткан талаштуу маселелер "Азаттыктын" таңкы талкуусуна коюлду.

Кыргызстандагы салттуу дин өкүлдөрү диний азчылыктын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлашабы? Бир улуттагы жарандардын ар башка диний ишенимдерде болушу эмне үчүн кыргыз коомчулугуна жакпайт? Диний ишенимдерге сабырдуу, сый мамилени калыптоо үчүн муфтият, мамлекет жана коомчулук кандай аракеттерди жасашы керек? Жарандардын ислам ишениминен протестанттык ишенимдерге ооп кетишине кандай жагдайлар таасир этип жатат?


Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз





Ушул жана башка суроолордун айланасында “Азаттыкта” “арай көз чарай” талкуу болду. Ага Теңир жыйынынын пастору Кайырбек Маныбаев, Кыргызстан муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын байкоочулар кеңешинин төрайымы, тарых илимдеринин доктору Назира Курбанова катышты.

“Азаттык”: Каалайбызбы-каалабайбызбы, СССРдин тутумунан чыгып, эгемен өлкө катары өнүгө баштаганы диндердин да ар түрдүүлүгү пайда болду. Исламдын дагы салттуу, радикалдуу агымдары чыкты. Бирок биз бүгүн ислам жөнүндө эмес, протестанттык жаңы агымдардын коомдогу ордун талкуулайлы деп жатабыз.

Алгачкы суроо: Кыргызстандагы салттуу дин өкүлдөрү диний азчылыктын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлашабы?

Замир Ракиев: Кыргызстандын калкынын 80 пайыздан ашыгы мусулман болуп саналат. Муну да эске алышыбыз керек. Биз 70 жыл динсиз жашаганбыз. Акыркы жыйырма жылда, дүйнөдө ишенимсиз эч бир адам жашай албайт экен, ишенимдерди издеп ушул маалга келип жеттик. Биздин ыйык кураныбызда кудай тааланын динге кир деп мажбурлоо жок деген сөзү бар. Динди кабыл кылдырууда биздин негизги көз карашыбыз курандын көз карашы, Кудайдын, пайгамбарыбыздын койгон мыйзамы ушундай.

Туура башка ишенимдерди ээрчиген адамдарыбыз болду. Буга да биздин мусулмандар тарабынан диний көз карашыбыз туура. Адамдын өзүнүн эрки. Дин – мамиленин туу чокусу. Курандын тарыхын билип, пайгамбардын айткандарын акылына камтыган адамдардын бардыгы бул нерсени туура түшүнөт. Мейли дини, ишеничи башка болсун, бул жүрөктөгү нерсе. Бирок биздин динибиз дагы адамды адам катары сыйлоого, урматтоого чакырат. Ошондуктан эч кандай башка нерсеге басмырлоо жок деп да айта алам.

Кайырбек Маныбаев: Биз, биринчиден, уюмубузду чиркөө деп айтпайбыз. Чиркөө десе эле орустарга таандык уюм деп ойлошот. Экинчиден, Замир мырзанын айтканына кошулам. Басмырлоо жок. Бул жерде чоң маселе эле өлгөн адамды көргө коюу маселеси. Мисалы, Куланакта үч жыл мурун, былтыр болсо Ысык-Көлдөгү Шапак айылында, Түптө, Ак-Теректе, Бостериде сөөктү көргө койбой, каршы болушту. Бостериде коюп койгон кишини кайра каздырып, казып алып кетпесеңер биз экскаватор чакырабыз деген абдан чоң кыйынчылыктар болгон. Ушу сөөк коюу маселеси абдан курч турат.

Назира Курбанова: 1991-жылы биринчи жолу Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам абдан либералдуу болуп калган. Кыргызстан ошол кезде демократиянын аралчасы, башка диндерге да уруксат болуш керек деген объективдүү себептер болгон.

Биринчиден, ал кезде коммунисттик идеология кыйраган мезгил, экинчиден, Замир мырза айткандай, кыргыздар өз динин билбей калышкан, үчүнчүдөн эл кыйналган кез болгон. Ошол учурда келген протестанттык уюмдар абдан чоң жардамдарды көрсөткөн. Анан протестанттык уюмдарга өткөн кыргыздарга үй-бүлөдө жасалгандай абдан аяр, жакшы мамиле жасалып, каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Ошол мезгилде элибиз кайсы дин болбосун жакшылыкка алып келет деп ойлошту. Бирок ошол мезгилдеги мусулмандардын жетекчилигинин кемчилиги – иштешкен жок.

Мына азыр 15 миңден 30 миңге чейинки киши протестанттык агымдарга өтүп кетти деп айтып атабыз. Бирок алар биздин жарандарыбыз да. Анан дайыма эле чыр-чатактар боло бербеши үчүн мамлекет шарт түзүп бериши керек да, туурабы? Экинчиден, бизде илимий изилдөөлөр жүргөн жок. Биз, мына Арабаев атындагы университеттин тарых жана социалдык изилдөө институтунун бир топ окумуштуулары азыркы күндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзөлү деп атабыз. Эмне себептен өтүп кетишти, азыркы күндө кандай проблемалары болуп атат деп анкета жүргүзөбүз. Сот жараяндарынын материалдарын карап чыгалы деп атабыз. Кандайдыр бир жыйынтык чыкса, ошонун негизинде мамлекет да иш жүргүзүш керек деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG