Линктер

Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси боюнча парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын Facebook баракчасына жарыяланган пикири орусчадан которулду.

Биз жаңылганды үйрөндүк, бирок аны оңдогонду үйрөнө алган жокпуз. Биз шерттешкенди үйрөндүк, бирок аны сактоону үйрөнө алган жокпуз. Баш мыйзамдын негизин кой, андагы жазылгандарды так сактоого жетише элекпиз.

Коомдук талкууга коюлган Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр долбоору теңирден тескери жана куру өмгөккө салынып эле чыгарылгандыктан, аны кандайдыр бир эксперттик талдоого алуунун деле кажети жок. Мындайда баарына кол шилтеп кайдыгер карап туруп алсак, анын залакасы барып-келип кайра эле бардыгыбызга тиет, ошондуктан каалабасак да айла жок өзгөртүүлөр долбооруна токтоло кетүү абзел.

Бийлик – биринчи иретте адамдар, алардын эч кимди кайталабаган "кол жазуусу" бар, анын изи артында сөзсүз калат. Мына ушул жагдайды эске алып мен ушул жерде айрым өзгөртүүлөргө токтоло кетмекчимин...

1.Мындай долбоорду мыйзам жазуу техникасынан ныпым түшүнүгү жок адамдар жазышканы баамга урунат. Конституция өлкөнүн негизги укуктук документи, ал ачык так, жөнөкөй жана таамай жазылышы керек. Текст ичинде өзү түшүнүп алаар дегендей туюк нерселер болбошу абзел (баалуулуктар тууралуу айтып жатам). Ар бир укуктун артында кимдир бирөөлөрдүн жоопкерчилиги турат. Аны окуган ар бир адам бул үчүн кандай жоопкерчилик тартарын так билиши зарыл.

2.Мыйзам долбоору конституциялык укук, парламентаризм тууралуу, бийлик бөлүштүрүлүшү жана алардын “ооздукталып турушу жана каршы туруусун” иликтеген атайын илимден кабары жок адамдар тарабынан жазылган. Долбоордо эч кандай “ооздуктоочу” жагдайлары жок эле премьер-министрдин кызматын күчөтүшкөн. Долбоор президенттин бийлигин алсыратууга багытталган эмес. Бул жерде парламент менен сот бийлигин алсыратуу максаты коюлган. Эгер бул өзгөртүүлөр кабыл алынып кетсе айрым мамлекеттик органдар ортосундагы мамиле-катнаштар саясий чогоолдук менен чайкоочулукка гана негизденип калат. Андай жагдай, аз-аздан кыйроого гана алып келет.

3.Мыйзам долбоору өзүмбилемдик менен талкууга коюлууда. Анан да мыйзам долбоору калаты шартта сунуш кылынууда. Негизи Конституция эки учурда алмаштырылат:

1) коомчулук талап кылганда; 2) утурумдук кызыкчылыктар күчөп кеткенде. Көбүнесе ушул экинчи жагдай үстөмдүк кылганда Баш мыйзам алмаштырылат. Коомго бийликтин ысык-суугу анчалык деле маанилүү эмес, президент күчтүүбү же парламент кубаттуубу, өкмөт кантип түзүлөт, ким кимдин алдында жооп берери элге анчалык деле маанилүү эмес. Адамга биринчи иретте өзүнүн айланасы, керт башынын мыйзам тарабынан кандай корголору маанилүү. Себеп дегенде, баары башына кыйынчылык түшкөндө андан өзү гана чыгарын билишет.

Тилекке каршы, бардыгы эле бийлик бутактарынын ортосундагы мамиле-катнаштын конституциялык архитектурасы канчалык туура курулганына, мамлекет тарабынан адам укугу менен кызыкчылыктары канчалык деңгээлде натыйжалуу корголуп жатканын аңдай бербейт. Мындай жагдайда өлкө саясий туруксуздуктан чыга албай, бийлик башындагылардын карапайым калк менен иши деле болбой калат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору боюнча каржылык калбаат иштерге уруксатты жалгыз эле премьер-министр бербестен, президенттен да уруксат алуу көрсөтүлгөн. Долбоордун түшүндүрмө катында мунун негиздемеси берилген эмес. Бирок да бул парламентти алсыздандыруунун эң өтүмдүү рычагы. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси – кош миздүү курал. Аны аябай кысталыш чакта гана ишке киргизүү зарыл. Мына ушул маанилүү мыйзам жол берген ыкма жаңы мыйзам долбоору боюнча такай көз боёмочулукка жол ачылганы турат. Мунун парламентаризм менен эч кандай жалпылыгы жок.

Конституциялык палатанын өз бүтүмүн Президент жана Жогорку Кеңеш менен “макулдашуусу” – бул биздин өлкөдөгү конституционализмдин таап алган, башка жерде кезикпеген “жаңылыгы”. Андай алсыз Конституциялык палатаны түзүүнүн зарылдыгы барбы?

Парламенттин өкмөткө ишеним көрсөтпөөсү долбоордо эл өкүлдөрүнүн үчтөн экиси аркылуу деп көрсөтүлгөн. Долбоордун авторлору “ооздуктоо жана каршы турууну” мына ушундай жөнөкөй математикалык алмашуу аркылуу ишке ашырууга чындап эле ишенип отурушабы?! Парламенттик демократия шартында ар бир өкмөт көпчүлүктүн ишенимине канчалык татыктуу болсо ошончолук убакыт гана бийликте отура алат. Өкмөт парламент тарабынан шайланчу бийлик. Мыйзам долбоорунун авторлору сунуш кылган өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча парламенттин 2/3 добушу зарыл деш парламентаризмдин канондоруна каршы келет.

Соттордун иш тартиби менен уюштуруу маселелерин жөндөө мыйзамга улай чыкчу актылар деңгээлине түшүрүлгөн. Соттор мыйзамга улай чыкчу актыларды чыгарууга укугу жок болуп калган. Андай актыларды же президент же өкмөт гана жарыялай алат. Бул сот системасына такай таасир көрсөтүп туруунун ыктуу жолу.

Конституцияны кайра карап чыгуу идеясын жакшы көрсөтүш үчүн өзгөртүүнүн авторлору аны эрикпей бурмалап чыгышканы көрүнүп эле турат.

Достор! Баарыңарды куттуктагым келет! Биздин Конституция эң мыкты!

Аны шашпай кызыгуу менен талдап чыккан адам оркоюп көрүнүп турган одоно кемтикти таба албайт. Албетте, ар бир Конституциянын кемтиги болот. Бирок алар кайсы бир өз көмөчүнө күл тарткан тар чөйрөдөгүлөрдүн кызыкчылыгына иштебеш керек. Андан да, 2020-жылга чейин сөзсүз киргизилбесе болбой турган өзгөртүүлөрдү долбоордон таба албайсың.

Ушу тапта иштеп аткан Конституция оор саясий жагдайда иштелип чыккан. Бири экинчисине деле кошулбаган, бирин экинчиси жаратпаган кайчы көз караштардын арасынан Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү өлкөдө тынчтык менен туруктуулук болушуна кызыкдарлыгынан туура жол табышкан. Ушу азыр иштеп аткан Конституцияга Венеция комиссиясы берген бийик бааны башка бир да долбоор алган эмес. Баш мыйзамды өзгөртүү долбоорлору бизде абдан эле көп болбодубу.

Айтса, 2015-жылы даярдалган Конституциянын долбоору ушул эле комиссия тарабынан бир топ жоболору кабатырлыкты жаратары белгиленген. Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү долбоорду жактырып колдорун коюшкан, алардын баары Баш мыйзамдын жетишкендиги жана мүчүлүштүктөрү үчүн коллективдүү жоопкер.

Жөрөлгөлөр боюнча...

2010-жылкы Конституцияны ишке киргизүү тууралуу мыйзамга ылайык Баш мыйзам ишке киргенге чейин колдонулуп келген мыйзамдар менен нормативдик укуктук актылардын баарынын Конституцияга кайчы келбеген бөлүктөрү гана колдонулат.

Ушу тапта иштеп аткан “Референдум жөнүндөгү” конституциялык мыйзам Конституцияга кайчы келет. Маселен, иштеп аткан мыйзам боюнча референдум президент тарабынан, ал эми Конституция боюнча парламент тарабынан дайындалат. Ошондой эле Конституцияда өзгөртүүлөрдү кабыл алуунун механизми көрсөтүлгөн эмес. Конституциянын 114-беренесинин 2- жана 3-пункттары 2020-жылдан тарта иштей башташы мүмкүн, себеп дегенде анда 2020-жылдан кийин гана иштей турган парламенттин полномочиеси тууралуу айтылган. Мындан башка механизми жок. Демек, бүгүнкү күндө референдум өткөрүү үчүн укуктук негиз жок.

Аида Салянова, Жогорку Кеңештин депутаты

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG