Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Нарын облусундагы “Тянь-Шань” асыл тукум мал заводунан 2010-жылы апрель окуяларынан кийин таланып-тонолуп кеткен миңдеген кой кайтарыла элек.

Мал-жанды чукул арада калыбына келтирүү боюнча 2010-2011-жылдары ошол кездеги президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев тиешелүү мекеме-органдарга тапшырма берген, бирок аткарылган эмес.

2010-жылы “Тянь-Шань” асыл тукум мал заводун Салыбек Чөлиев жетектеп турган. Анын айтымында, апрель окуяларынан кийин Нарын районундагы Кара-Кужур айыл аймагынын эли келип, малды талап кеткен. Ал өзү үч жылдын ичинде бир канча жолу иштен бошогон, кайра сот аркылуу ордуна барып турган. Чөлиев малды калыбына келтирүү боюнча өкмөттүн 2011-жылдагы тапшырмасы аткарылбай жатканын айтты:

- Мен чарбаны 2003-жылы эки миңге жетпеген кой менен алгам. 2010-жылы койдун башы 10 миңге жеткенде таланды. 2010-жылдан бери эч кимге унчукпай келдик. Мени камап да көрүштү, эки жолу кылмыш ишин козгоп, экөөндө тең акталдым. Мени кызматтан жети жолу бошотуп, алты жолу сот аркылуу кайра ордума бардым. Ошол бошогон сайын эле менин ордума бир баланы алып барып коюшат. Мына азыр эч нерсе жок калды. Мен кетип жатканда 6 529 кой таланган. 4 000 кой, 117 топоз, 100дөн ашык жылкы калган.

Салыбек Чөлиев койдун таланышы боюнча эң ириде апрель окуяларынан кийин кыска убакытка губернатор болгон Адылбек Эсенбековду күнөөлөп келет. Эсенбеков ошол кезде “Ата Мекен” партиясынын аймактык координатору болгон.

- Бул деле морадерлук да. Бул жерде “Ата Мекен” партиясынын колу бар. Бир нерсе десе эле Икрам Илмияновго шоопур деп асылып калышат. Өмүрбек Текебаев менен Азимбек Бекназаров 7-апрелде Нарын облусунун губернатору кылып "шоопур" Адылбек Эсенбековду коюшкан. Ал ошол убакта телефондон эле талагыла деп команда берип жатты. Малды ошол жердеги элдин баары эле алган. Менде аларды тизмеси да бар. Азыр эми Текебаев талап-тоногондордун баары КСДПда деп айтып жатпайбы. Ошол адамдардын баары кийин КСДПга кирип кетишти. Калган төрт миң кой менен эле көбөйтүп кетсе болот эле да. Анын баарын жеп бүтүштү. Ушул Тянь-Шань койлору боюнча эмгек жазган 2-3 илимдин доктору, 17-18 илимдин кандидаты бар. Эми бул койдун породасы жоголуп кетсе алар эмне кылышат?

"Азаттык" бул айтылган доомат боюнча Адылбек Эсенбековго кайрылды. Ал “Ата Мекен” партиясынан чыгып кеткенине көп болгонун, былтыр парламенттик шайлоого “Бир бол” партиясынын тизмеси менен барганын жана анын саясий кеңешинин мүчөсү экенин айтты:

Эл жыйында малды беребиз деп кол көтөрүп макул болгон, ошону менен кылмыш иш токтогон.

- 300дөн кой айдап кеткен, атайын таратты деген дооматты четке кагам. Койлорду эл мен кызматтан түшкөндөн кийин алып кеткен. Ошо Чөлиевдин айынан таланган. Ал өз эрки менен директорлукту бербей койгондуктан болгон. Азыркы Айбек деген директору да тастыктап берет. Менин ал жерге тиешем жок. Тескерисинче, УКМК, прокуратура жана милиция менен барып, ошол жерде ыйлап турган видеом бар. Ошол жерде элге кайрылып, ыйлап, "албагыла, талабагыла, уят болот" деп ыйлап турган видеом бар. Чолиев болсо директорлук кызматты кайра алыш үчүн атайын таратып жиберген. Ага элдин баары азыркыга чейин асылып жүрбөйбү.

“Тянь-Шань” асыл тукум мал чарба заводунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Айбек Өмүровго бул чарбанын абалын сурап кайрылдык. Ал колунда койдун эсеп-кысабы жоктугун айтып, кененирээк комментарий берүүдөн баш тартты:

- Азыр мен талаада, чабандарды кыдырып жүрөм. Маалыматты тактап туруп анан байланышалы. Азыр колумда документтер жок. Азыр козуларды бөлүп жатабыз. Мен баарын тактап туруп айтышым керек.

Чачылган малды чогултуу аракети

Мал завод Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу Мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтуна карайт. Институттун директору Таалайбек Турдубаев мал заводдун мурунку жетекчиси Салыбек Чөлиев менен соттошкондору, азыркы жагдайы тууралуу учкай айтып берди. 2010-жылдан бери малдын саны көбөйбөй, тескерисинче, кескин азайып кеткен себебин мамлекет жардам бербей жатканы менен түшүндүрдү:

- Ал аксакал менен эки жолу соттошуп, Жогорку Соттон утуп алганбыз. Биз аны алты жолу жумуштан алып, азыр ал жакта жаңы директор иштеп жатат. Азыр ал жерде өзгөрүүлөр болуп жатат. Быйылкы төл дагы кошумча болду. Мен азыр ошол мал чарбадан кайтып келатам. Биздин институттун бир адиси ошол жерде болуп жардам берип жүрөт. Тандоо-талдоо жүргүзүп жатат. Азыр асыл тукум заводдорунун баарында эле көрсөткүчтөр түшүп кеткен. Анткени мамлекеттен жардам аз болуп жатат. Булар өзүн-өзү каржылайт да. Ошон үчүн аябай оор болуп жатат. Биз ак койдун тукумун сактоо боюнча иш жүргүзөбүз. Сактап, жакшыртып, оңдоп кармап турабыз.

“Тянь-Шань” мал заводунун абалы кейиштүү экенин Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев да бышыктады. Анын маалыматы боюнча, былтыр элден 150 кой чогулган, быйыл да кошулмакчы:

- Азыр заводдо эки миңге жакын кой бар деп жатабыз. Ошол койлорду талап кеткен кишилер жылына бирден ургаачы токту берет деп график түзгөнбүз. Быйыл дагы бирден токту алабыз. Былтыртан баштап ала баштаганбыз. Былтыр 150сүн алганбыз, быйыл 200дөй алабыз. Кээ бирлеринин койлору өлүп калыптыр, кээ бир көчүп кетиптир, айрымдарынын болсо жашоо-шарты оор экен. Бирок колдон келишинче айыл өкмөтү менен биргеликте чогултуп жатабыз. Азыр заводдун абалы көп жакшы эмес. Чыгаша болуп жатат. Азыркы жетекчиси техникаларды иштете албай жатат. Мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунан пайда жок, жардам жок. Кадр маселелерин ошолор чечет. Бул окуя боюнча кылмыш иш козголгон. Тергөө башталган. Анан Жогорку Кеңештин чечими чыккан, ошол боюнча элден малды кайтарып алуу боюнча график бекиген. Анан ошону менен кылмыш иш токтогон. Эл жыйында малды беребиз деп кол көтөрүп макул болгон, ошону менен кылмыш иш токтогон.

“Тянь-Шань” асыл тукум мал заводунун таржымалы 1927-жылдан башталат. Алгач СССРдин Коргоо министрлигине караштуу №57 жылкы заводу болуп түзүлгөн. Ошол кездеги аскер башчылардын бири Семён Будённыйга караштуу чарбалардан болгон.

50-жылдары аскер иштерине жылкы колдонулбай калганына байланыштуу “Тянь-Шань” деген асыл тукум кой багылчу заводго айланган. Анда бүтүндөй Советтер Союзуна белгилүү Австралиядан, Англиядан кочкорлорду алып келип, аргындаштырып “тянь-шань” деп аталган эт-жүн багытында пайдаланылган койдун жаңы породасы чыгарылган жана бул үчүн адистер убагында Ленин ордени менен да сыйланышкан.

Союз тараар алдында мындай породадагы койдун саны 1,5 миллион болчу. Жүндүн сапаты боюнча Советтер Союздун тушунда биринчи орунда турган, баасы да кымбат болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG