Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Азия өнүктүрүү банкы каржылаган 100 миллион долларлык Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо долбоору боюнча тендерден чыр чыкканы калды.

Тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү жеңүүчүнү аныктоо маселесиндеги талаштарды жана мыйзам бузууларды иликтөө боюнча арызданганы белгилүү болду. Алардын айтымында, тендердик комиссиянын ишине сырттан кийлигишүү жүрүүдө. Буга байланыштуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жагдайды иликтөө жагы тапшырылды. Ошондой эле парламенттин укук тартиби жана коррупцияга каршы туруу комитети депутаттык иликтөө жүргүзүү үчүн жумушчу топ түздү.

Тендердик комиссия арызданды

Жолду оңдоого жеңүүчү компанияны аныктоо иши ар кандай себептер менен он айдан бери создугуп келген. Жакында тендердик комиссия макулдашууга ылайык, Азия өнүктүрүү банкына сунушун киргизип, бирок ал сунуш четке кагылган.

Жол жана транспорт министрлигинин астында түзүлгөн тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү сынактын шарттары бузулуп жаткан жагдайды иликтөөнү өтүнүп, өкмөт менен парламентке кайрылды. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына ал жагдайларды иликтөө жагы тапшырылганы белгилүү болду.

Парламенттин укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин мүчөсү Талант Мамытов муну иликтөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн айтты:

- Тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү өкмөткө, парламентке жана УКМКга арыз менен кайрылган экен. Ошол арызды карап чыгып, анда келтирилген жагдайларды иликтөө боюнча комитеттин алкагында депутаттык комиссия туздүк. Арызда тендердик комиссиянын ишине сырттан кийлигишүү болуп, бир топ тоскоолдуктар болуп жатканы көрсөтүлгөн. Текшерүүгө негиз боло турган жагдайлар көп экен. Ошондуктан биз аны иликтөөгө алуу чечимине келдик.

Былтыр 15-декабрда жалпы узундугу 52,5 чакырымды түзгөн Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендер жарыяланган. Бул жол долбоорунун жалпы баасы 120 миллион долларды түзүп, анын 100 миллион долларын Азия өнүктүрүү банкы каржылайт. Ал акчанын 65 миллиону жеңилдетилген насыя, калган 35 миллион доллары грант түрүндө берилет. Буга кошумча бюджеттен 20 миллион доллар бөлүү жагы каралган. Жолдун өзүнүн долбоору 92 миллион долларга барабар.

Жол жана транспорт министри тендердик комиссия менен долбоорду каржылоочу донордун ортосунда пикир келишпестик болуп жатканын жүйө келтирди. Парламент депутаты Бакирдин Субанбеков мында ички-тышкы күчтөрдүн чоң кызыкчылыктары кагылышып жатканын белгиледи:

- Мында эки ортодо тендердик комиссия жана жетекчилердин жеке кызыкчылыгы болуп жатканы көрүнүп турат. Ошондуктан ушуга окшогон талаш-тартыш жүрүп жатат да. Премьер-министрдин наамына кат жазылып жатат. Биз эми бул тендерди өткөрөбүзбү же талашып-тартышып жүрө беребизби. Деги эле Азия өнүктүрүү банкынын “бул компания тендерден өтсүн” дегенге укугу барбы? Анда ал ишенген компания жолду жасай берсин да. Анда тендердик комиссия түзүүнүн эмне кереги бар эле? Ушул тендердин айынан дагы көбү кызматтан кетет окшойт деген тыянакка келип калдык.

Донордун талабы, министрдин “карааны”

Жол куруу боюнча бул тендерге катышууга Италиядан, Казакстандан, Кытайдан, Орусиядан, Түркиядан, Кыргызстандан жана Азербайжандан 36 компания сунуш берип, анын он алтысынын документтери кабыл алынган. Тандоонун жүрүшүндө жумушту 70 миллион долларга баалаган кытайлык China Railway компаниясы менен 82 миллион доллар сунуштаган азербайжандык Azvirt LLC жол куруу компаниялары алдыга озуп чыкты.

Тендердик комиссия "кытайлык компания өтө эле төмөн бааны сунуштап, демпинг ыкмасын колдонду" деген негизде азербайжандык компанияны тандоону сунуштаган. Бирок министрдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы жумушту 12 миллион долларга арзан бүтүрүүнү сунуштаган кытайлык компанияга басым жасаган.

Деги эле Азия өнүктүрүү банкынын “бул компания тендерден өтсүн” дегенге укугу барбы? Анда ал ишенген компания жолду жасай берсин да.

Тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү бул сунушталган баага 1-категориядагы сапаттуу жол салууга мүмкүн эмес дешет. Тендердик комиссиянын мүчөсү Алмазбек Сабырбеков буга карата донордун шарттарын гана бетине карманган министрдин мамилеси түшүнүксүз болуп жатканына токтолду:

- Мен тендер бүткөнгө чейин комментарий бербей турайын дедим эле. Бирок азыр министрдин жасап жаткан иштери аябай туура эмес болуп жатат. Анын соңку аракеттерин тендердик комиссияга басым деп эсептейбиз. Өткөн жума күнү Азия өнүктүрүү банкы кат жөнөтүптүр, анан биздин тендердик окмиссия аны карап чыга электе эле министр өз алдынча аны аталган кытайлык компанияга жөнөтүп жиберген. Анан ал жактын катын кайра донорго жөнөтүптүр. Бул туура эмес. Тендердик комиссия азыр ишин жыйынтыктай элек. Жеңүүчү толук аныктала элек.

“Банк кепилдиги – сапаттын кепилдиги”

Жол жана транспорт министри Замирбек Айдаров мындай дооматты четке какты. Ал тендердик комиссиянын ишине кийлигишпей турганын айтты. Макулдашуунун шарты боюнча, тендердик комиссия өзүнүн тандоосун Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашууга тийиш. Ал кубаттагандан кийин гана жеңүүчү компания аныкталат. Бирок мында эки тараптын тандоосу эки башкача болуп жаткандай. Ошол эле кезде утуп чыккан тараптардан 20 пайыз банктык кепилдик суралган.

Жол жана транспорт министри Замирбек Айдаров бул шартты аткарууга кытайлык компания макул болгонун белгиледи:

- China Railway компаниясы 20 пайызга чейин банктык кепилдик койгонго макул болду. Анын каты Азия өнүктүрүү банкына жөнөтүлдү. Бирок муну бүгүнкү күнгө чейин тендердик комиссия карай элек. Бирок ошого карабастан биздин койгон убакыт тар болуп жаткандыктан мөөнөттү узарта берөө үчүн документтин электрондук вариантын банкка жөнөттүк. Буга карата азырынча банктан жооп келе элек.

Бирок парламенттеги тиешелүү комитет мүчөлөрү мында тендер өткөрүү боюнча улуттук мыйзамдар бузулбашы керектигин белгилешти. Ошол эле кезде донор уюмдун койгон шарттарын дагы сактоо зарылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу жагдайды иликтөөгө алуу үчүн парламент комитети бир айлык мөөнөт чегерди. Мына ошол мөөнөттө жагдайды иликтеп чыгып, ага баа берүү чечими кабыл алынды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG