Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Жарандыгы кытай, паспорту кыргыздыкыбы?


Жогорку Кеңеште кыргыз паспортун кытай жарандары мыйзамсыз жол менен 10 миң долларга сатып алып жатканы айтылды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Курманбек Дыйканбаев 11-апрелде парламент жыйынында билдирди. Бирок паспорт берүүчү мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү мындай маалыматтарды четке кагууда.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаевдин парламентте билдиришинче, кытай атуулдары Кыргызстандын паспортторун 7-10 миң долларга оңой эле сатып алышууда.

- Бир кытай жараны Үрүмчүгө учуп баратыптыр. Анын паспорту Кыргызстандыкы экен. Бирок ал же кыргызча, же орусча билбейт. "Мыйзам чегинде алгам" деп Кыргызстандын паспорту менен жүрөт. Сураштырып көрсөк, кытай жарандары 7-10 миң долларга Кыргызстандын паспортторун сатып алышат экен.

Эл өкүлү бүгүнкү күнү анча байкалбаган менен бул маселе келечекте Кыргыз мамлекети үчүн чоң көйгөйгө айланат деп эсептеп, аны текшерүүгө алууну сунуштады.

- Муну ким көзөмөлгө алат? Чек арачыларга, ИИМ жана башка кызматтарга тапшырма берип, канча кытай жараны биздин паспортторду алганын, кандайча алганын такташыбыз керек. Качан ушуга бөгөт коёбуз? Азыр сатылып жатат, бирок 20-30 жылдан кийин анын зыянын тартабыз.

Буга чейин да Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарынын саны эсепсиз көбөйүп кеткендигин айтып, Кытай мамлекетинин жылма экспансиясына каршы туруу чакырыгын таштагандар болгон. Ошондой эле кыргыз паспорттору ар кандай террористтик уюмдардын мүчөлөрүнөн табылган учурлар да катталган.

Кыргызстанда паспортту мамлекеттик каттоо кызматы берет. Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаменти депутаттын айткан сөздөрүн төгүнгө чыгарууда.

Департамент жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев бул маалымат текшерүүгө алынышы керек дейт.

- Ким сатып алып жатканы боюнча менде маалымат жок. Эгер ал депутаттын ошондой маалыматы болсо, ал укук коргоо органдарына кайрылыш керек. Мүмкүн мыйзамсыз жолдор менен кайсы бир жерлерде биздин паспортторду жасап жатышкандыр. Ошол жерлерден алса, анын бизге тиешеси жок. Бирок бул териштирилип, сөзсүз мыйзам чегинде чара көрүлүш керек. Мен азыр депутаттын бул билдирүсүнөн кийин канча кытай атуулу Мамлекеттик катоо кызматынан Кыргызстандын паспортун алганын текшерүүгө тапшырма бердим.

Сатыбалдиев Кыргызстандын жарандыгын алуунун атайын мыйзамдык жобосу бар экендигин, ага ылайык чет элдик жарандар Кыргызстандын жараны менен баш кошуп, балалуу болсо жөнөкөйлөтүлгөн шартта берилерин айтты.

Мындан тышкары чет элдик жарандар Кыргызстанда мыйзамдарда белгиленген тартипте 5 жылдан кем эмес туруктуу жашап жүрүп, жарандык алуу өтүнүчү менен кайрылса, алардын өтүнүчү да каралышы мүмкүн. Бирок чет элдик атуулдарга жарандык берүүнү Мамлекеттик каттоо кызматы өзү эмес, президентке караштуу жарандык берүү комиссиясы карап, макул же жок деген чечим кабыл алат.

Дүйшөн Сатыбалдиев 2012-жылы 8 кытай атуулуна жарандык берилгенин кошумчалады.

- 2012-жылы 8 кытай атуулу Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын бешөө уйгур улутунда, экөө кыргыз улутунда, ал эми бирөө гана кытай улутундагы адамдар. Ошентип бир гана кытай улутундагы адам былтыр жарандык алган.

Кытай жарандары Кыргызстандын “Дордой” жана “Кара-Суу” сыяктуу ири базарларда жана соода борборлордо эмгектенишет. Мындан тышкары акыркы жылдары жол куруу, электр чордондорун тургузуу сыяктуу ири долбоорлорду кытай компаниялары жүргүзүп жаткандыктан, Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлардын да саны арбыган.

XS
SM
MD
LG