Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Кыргызстанга Беларустан кумшекер ташып келүүнүн монополиялык схемалары кайрадан жанданууда.

Учурунда ага Максим Бакиев үлүшкө отуруп, тиешелүү ишкер чөйрөнүн кызыкчылыгын коргоп келгени белгилүү. Азыркы учурда буга айрым өкмөт мүчөлөрү менен парламент депутаттары кол кабыш кылып, өнөктөш болуп жатканы ачыкка чыкты.

Парламенттин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовго караштуу ишкер чөйрөнүн кумшекер рыногун кайрадан басып алуу аракети ашкере болду. Бирок Экономика министрлигинин жергиликтүү кызылчачыларды колдоо деген амал менен киргизген токтом долбоору артына кайтарылып, кызыкдар тараптын майда атаандаштарды рыноктон сүрүп чыгуу аракети ишке ашпай калды. Экономика министринин орун басары Адыл Касымалиев министрликтин “Беларус канты” компаниясынын кызыкчылыгын колдоосуна байланышкан дооматтарды четке какты.

Ким кимдин кызыкчылыгын коргоп чыкты?

Быйыл 9-июлда Экономика министрлиги сырттан кант камышынан даярдалган кумшекер ташып киргизүүгө отуз пайыздык сезондук бажы төлөмүн киргизүү боюнча өкмөткө токтом долбоорун сунуштаган. Бул демилгени министрлик жергиликтүү кызылчачылар менен кант өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо менен негиздеген. Ага чейин 1-июлда Экономика министрлигинде кызылчачылар бирлигинин, “Кайыңды-Кант” заводунун жана Кыргызстанга ири өлчөмдө кумшекер ташып келүүчү “Беларус канты” компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөн.

Мурда бул тармакта Максим Бакиев үлүшкө отурса, азыр эми буларды колдоп жатканынан экономика министри менен айрым депутаттар мурдагы схеманын ордун бастыбы деген ой кетет.

Кант керектөөчүлөр бирлигинин президенти Эрлан Жузупов Экономика министрлиги кезинде Максим Бакиевдин калкалоосунда болгон экс-депутат Сергей Ибрагимовго караштуу ишкер чөйрөнүн кызыкчылыгын коргоп жатканына токтолду:

- Кумшекердин монополиясын толук киргизүү үчүн Экономика министрлиги мына ушул токтомду көтөрүп чыккан. Министрлик өзүнүн кеңешмесинде кызыкдар тарапты гана чакырып, башка жактардын пикирин сурап койгон эмес. Кызылчачылар менен өндүрүшчүлөр дегени менен мунун артында “Кайыңды-Канттын” алдында түзүлгөн “Беларус кант компаниясы” турат. Мына ошонун кызыкчылыгы үчүн ушул иштин бардыгы жасалып жатат. Мурда бул тармакта Максим Бакиев үлүшкө отурса, азыр эми буларды колдоп жатканынан экономика министри менен айрым депутаттар мурдагы схеманын ордун бастыбы деген ой кетет. Бул монополисттер кызылчачыларды колдосо мурда эле колдобойт беле. Булар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн гана бийлик өкүлдөрүн сатып алып, иш алып барышууда.

Максим Бакиев менен Сергей Ибрагимов “салган жол”

Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышындагы “Ак жол” фракциясынын депутаты Сергей Ибрагимовго караштуу ишкер чөйрө 2008-жылдан тарта “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” кант заводдоруна ээлик кылган. Буга кошумча аталган эки компанияга Кыргызстанга Беларустан ири өлчөмдө кумшекер ташып келүү укугу берилген.

Кыргызстандын кумшекерге болгон ички керектөөсү жылына 115 миң тоннаны түзсө, анын жарымынан ашуунун аталган эки компания камсыздап келген. 2010-жылдын 7-апрелине чейин өлкөнүн кумшекер рыногун толук ээлеп алган аталган ишкер чөйрө канттын баасын каалагандай калчап турган. Кумшекер ташып келүү ишкердигинен түшкөн кирешенин отуз пайыз үлүшүнө Максим Бакиев ээлик кылган. Бул маалымат аталган эки компанияны улутташтыруу учурунда аныкталган.

Эрлан Жузупов 2011-жылы Сергей Ибрагимовго караштуу ишкер чөйрө “Беларус канты" компаниясы аркылуу рыноктун кайсы бир бөлүгүн колдон чыгарбай кармап калууга жетишкенин айтты:

- Аталган ишкер чөйрө 2010-жылга чейин кумшекер рыногунда толук монополияны колго алышып, ошол кезде Максим Бакиевге тиешелүү үлүшүн чыгарып берип турушкан. Кийин бул схема кыйрагандан соң мына ошол “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” Беларустун кумшекерин дүңүнөн сатып алуу укугуна ээ болушту. Анткени ал эки ишкана “Белорустун кант компаниясын” түзүп, Белорустун азык-түлүк өндүрүш тармагы мына ошол компанияга гана эксклюзивдүү канал ачып берген. Башка бир дагы кыргызстандык кумшекер ташуучуларга алар товар сатпайт. Ошону менен алар 60% чукул рынокту колдон чыгарбай кармап калышкан. Эми болсо тигил токтомдун көмүскө шарттары ишке ашса Сергей Ибрагимов башында турган ал ишкер чөйрөгө Кыргызстанда жүз пайыз монополия орнотууга мүмкүнчүлүк болгону турат.

Амалкөй саясат же токтомдун ичинде токулган сырлар

“Белорусиялык кант компаниясына” Кыргызстандын кумшекер рыногунун жарымына жакынын камтышы аздык кылган. Ошондуктан аталган ишкер чөйрө жергиликтүү кызылчачылар менен кант өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо деген амал менен экономика министрлигине токтом долбоорун даярдатууга жетишкен. Бир караганда ата мекендик өндүрүштүн кызыкчылыгына байланыштуудай көрүнгөн ал долбоордо Беларус кумшекеринин үстөмдүгүн камсыздоонун кыйтыр шарттары катылган. Анткени токтом негизги импортерлор КМШдан болгонуна карабастан анын таасири аталган өлкөлөргө тарабайт деген шарт койгон. Бирок ошол эле кезде чийки зат каяктан ташылса кумшекер ошол өлкөнүн өндүрүшүнөн чыккан деп тааныла турган эрежени жетекчиликке алган.

Бул тууралуу “Бизнес эксперт” аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев мындай дейт:

- Чийки затты Бразилиядан алып келип, Казакстанда кумшекер чыгарса ал Бразилиянын товары катары таанылган эреже бар. Мына ошол эрежени экономика министрлиги өтө кыйтыр пайдаланган. Анткени токтомдун башында отуз пайыздык бажы төлөмү деген чектөө КМШ өлкөлөрүнө таралбайт дейт дагы, кийинки шарттарында чийки заттын каяктан экендигине байланышкан жогорудагы эреже эскертилген. Демек бул жерде Куба менен Бразилиядан кант камышын алып келип, кумшекер чыгарган Украина, Азербайжан, Казакстан жана Орусияга чек койулат да, өзүнүн кызылчасынан кумшекер өндүргөн Белорусияга гана артыкчылык берилип калат. Албетте мындай жагдай мына ошол өлкөдөн кумшекер ташуу укугун алган жалгыз компаниянын монополиясына шарт түзөт.

Экономика министрлиги: бизди түшүнбөй калышты

Ошол эле кезде экономика министрлиги өз дарегине айтылып жаткан дооматтарды четке какты. Бул жерде кайсы бир компаниянын кызыкчылыгы эмес, жергиликтүү өндүрүштү көтөрүү демилгеси турат дейт министрликтин жетекчилиги. Ал эми министрликтин адистери чийки зат каяктан чыкса товар ошол жактыкы деп таанылган эреже эл аралык шартнаама деген пикирди карманышат.

Экономика министринин орун басары Адыл Касымалиев аталган токтомдо кумшекер ташыган компаниялардын бирине артыкчылык бере турган шарттар жок болчу деген оюн ортого салды:

- Биз даярдаган токтом долбоору болобу же мыйзам долбоорубу, ал кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн болушу мүмкүн эмес. Анткени ал даярдалып жатканда эле экспертизадан өтүп, ошого карата сунушталат. Бул жерде кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк болуп жатат окшойт. Мына ошого окшогон дооматтан улам, буга байланыштуу мыйзам долбоорун кароо кийинкиге калтырылды. Бул маселени биздин министрлик кайрадан карап чыгып туруп, мына ошол биздин жергиликтүү өндүрүшчүлөр менен кызылча өстүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоого багытталган чараларды кайрадан сунуштайбыз.

Бажы төлөмү бааны кымбаттатат

Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик экономика министрлигинин токтом долбооруна каршы чыкты. Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети кант камышынан даярдалган кумшекерге отуз пайыздык бажы төлөмү баанын кымбатташына шарт түзөт деген негизде чечим кабыл алды. Ошентип өкмөттүн аппараты экономикалык жактан максатка ылайыксыз деген негизде аталган токтом долбоорун артка кайтарды.

Биздин айрым министрлер менен депутаттар үлүштө отурушканы боюнча маалымат бизге да келип түштү. Учурунда кант заводдорунун тиешелүү бөлүгү Максимдердин карамагында болгон деп улутташтырылып, бирок ошол эле кожоюндары арзыбаган баада кайра өздөрүнө сатып алышкан экен. Бул жерде азыркы бийликтин өкүлдөрү аралашканы көрүнүп турат...

Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Айбек Мамыралиев аталган токтом долбоору рынокто “Белорусиялык кант компаниясынын” гана монополиялык толук үстөмдүгүн камсыздайт деген корутунду чыгарган:

- Биздин максат атаандаштыкты камсыздап, кайсы бир тараптын үстөмдүгүнө жол бербөө. Биздин мыйзам боюнча өзүнүн товары менен рыноктун 35 пайызын камсыздап алган компания монополист катары саналат. Учурда биз аталган кумшекер ташуучу компанияны моноплист деп таануу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Ошон үчүн биз экономика министрлиги сунуштаган токтомго дагы каршы чыгып, ал мына ошол кызыкдар тараптын гана кызыкчылыгын камсыздайт деп корутунду чыгарганбыз. Анан калса мына ошол шарттар киргизиле турган болсо кумшекерге болгон баа кескин кымбаттап кетиши мүмкүн.

Кыргызстанда жергиликтүү кызылчадан даярдалган кумшекер жалпы калктын керектөөсүнүн он-он беш пайызын гана жабат. Анын калган бөлүгү Белорусиядан, Украинадан, Казакстандан жана Орусиядан ташылып келет. Кумшекердин негизги бөлүгү 2008-жылдан 2010-жылга чейин Белорусиядан гана ташылып турган.

Кант керектөөчүлөрдүн жана монополияга каршы саясат агенттигинин каршылыгына карабастан экономика министрлиги менен кумшекер монополиясына умтулган ишкер чөйрө ушуну менен токтоп калган жок. Кант камышынан даярдалган кумшекерге отуз пайыздык бажы төлөмүн киргизүү менен рынокто Белорусиядан келүүчү кызылчанын кумшекерине артыкчылык берүү аракети эми парламент аркылуу көрүлө баштады.

“Мурунтугун” үзгөн мурдагы кожоюндар

Бирок парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитети жергиликтүү кумшекер өндүрүшүн колдоо менен бирге бул маселеде монополияга жол берилбегидей шарттарды камсыздоону көздөйт. Кумшекерди өндүрүү жана сырттан ташып келүү укугун сактап калган “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” кант заводдорунун отуз пайызы улутташтырылып, бирок кийин бул үлүштү кайра эле мурдагы кожоюндары сатып алышкан.

Парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Карганбек Самаков бул иш иликтенип жатканына токтолду:

- “Ак жол” партиясынан депутат болгон Сергей Ибрагимов муну мына ошол Бакиевдердин колдоосу менен сатып алганы белгилүү. Анан кумшекер ташып келүү каналын кошо алып, мындан миллиондогон киреше түшүп турган. Азыр эми аталган ишкер чөйрө жанагы белорусиялык компанияны түзүп алып, ага биздин айрым министрлер менен депутаттар үлүштө отурушканы боюнча маалымат бизге да келип түштү. Учурунда мына ошол кант заводдорунун тиешелүү бөлүгү Максимдердин карамагында болгон деп улутташтырылып, бирок ошол эле кожоюндары арзыбаган баада кайра өздөрүнө сатып алышкан экен. Бул жерде азыркы бийликтин өкүлдөрү аралашканы көрүнүп турат. Биз бул фактыларды иликтеп чыгып, тактап туруп прокуратура органдарына тапшырабыз. Бул ишти иликтөө боюнча биздин комитеттин алдында жумушчу топ түзүлгөн.

Оппозиционердин уулу Бакиевдерге өнөктөш болгонбу?

Кумшекерди өндүрүү жана сырттан ташып келүү укугун сактап калган “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” кант заводдорунун кожоюндарынын бири парламенттин депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун уулу экени аныкталды.

Оппозициялык саясатчы катары Бакиев бийлигинин тушунда белгилүү болгон Өмүрбек Абдрахманов өзүнүн уулунун аталган компаниядагы үлүшүн тастыктаганы менен анын Максим Бакиев жана Сергей Ибрагимовдор менен байланышын четке какты:

- Ооба, менин уулум мына ошол кант заводунун уюштуруучуларынын бири. Төрт-беш жыл мурун токтоп турган ишкананы мына ошол жергиликтүү жигиттер менен биригип ишке киргизишкен болчу. Алардын Сергей Ибрагимов же Максим Бакиев менен эч кандай байланышы жок. Менин уулум ал ишканага жөн гана уюштуруучу катары кирип, ишти жүргүзгөн жигиттер башкалар. Бул жерде кумшекерге алар монополия орнотуп алды деген туура эмес. Алар болгону мына ошол кумшекер саткан жактан эксклюзивдүү укук алышкан. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок.

Бирок Бакиев бийлигинин тушунда атасы саясий куугунтукта жүргөндө уулу Нурбек Абдрахманов белорусиялык кумшекер монополиясын орноткон Максим Бакиевге жакын ишкер чөйрө менен кантип өнөктөш болгон деген суроо жоопсуз калды.

Талдоочулар кант камышынан даярдалган кумшекерге отуз пайыздык бажы төлөмү киргизилсе, анын баасы эки эсе жогорулайт деп божомолдошууда. Ошол эле кезде кызылча өстүрүү жана кумшекер өндүрүшүнүн өнүгүшүнө кепилдик жок дешет алар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG