Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Саиповдун өлтүрүлүшү боюнча иш кайра каралат


Алишер Саипов
Алишер Саипов

Мындан төрт жарым жыл мурда белгисиз бирөөлөр атып кеткен журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшү боюнча иш кайрадан териштириле турган болду.

Бул тууралуу маркум журналисттин атасы Авас Саипов “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, буга чейин Саиповдун өлүмүнө күнөөлүү делген Абдуфарит Расуловдун бул окуяга тиешеси жоктугу аныкталууда.

- Авас мырза, Алишер Саиповдун ишин кайра кароо боюнча доо арыз берилген эле. Жакында ал боюнча соттун чечим чыкты деп уктук. Жыйынтыгы кандай болду? Алгач чечимди түшүндүрүп кетесизби.

- Төрт жылдан өтүп беш жылга жакындап калды, менин балам, журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө күнөөкөрлөрдү, ага катышкандарды ушул күнгө чейин калкалап келишти. 2010-жылы Жогорку Соттон дагы акыркы чечим чыккан. Анда Абдуфарит Расуловду күнөлүү деп камап салышкан. Ал боюнча Ош шаардык соттун чечими 22-май, 2010-жылы чыккан. Ошондо иш кайра каралбайт деп белгиленген.

Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов, апасы жана кызы
Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов, апасы жана кызы
Мен баштан эле Абдуфарит Расулов менин баламдын өлүмүнө тиешеси жок деп айтып жүргөнмүн. Азыр эми кайрадан ачылган жагдайларга байланыштуу деп маселе Жогорку Сотто каралды. Кайрадан көрүп чыксын деп Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү.

- Демек, иш баштан аяк кайра териштирилет турбайбы?

- Ооба, коюлган айыптын көп беренелери боюнча кайра каралат. 2010-жылдагы Ош шаардык, облустук жана Жогорку Соттун чечимдеринин бардыгы жокко чыгарылды. 4-апрелде кайра каралсын деген чечим чыкты.

- Мына ушул 4-апрелде Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш кайра кароо чечимине келгенин белгиледиңиз. Кандай жаңы жагдайлар пайда болду?

- Мен Абдуфарит Расуловдун менин баламдын өлүмүнө тиешеси жок деп айтып жүрбөдүм беле. Ошол нерсе так тастыкталды. Себеп дегенде Алишер 2007-жылы 24-октябрда атылган болсо, ал күнү Расулов өзүнүн Лейлектеги үйүндө болгон. Ошол боюнча документтер топтолуп Жогорку Сотко берилди. Ал күнү Расуловдун туугандары той кылып, тойдо болгон экен. Ошол дисктер табылды.

- Алишер Саиповдун өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар адамдарды өзүңүз билесизби?

Абдуфарит Расулов сотто
Абдуфарит Расулов сотто
- Мен муну төрт жылдан бери айтып жүрбөймбү. Бул нерселерди айта берип чарчадым. Күнөөлүүлөр Кыргызстанда эле жүрөт. Мына төрт жылдан ашык убакыт өттү күнөөлүүлөрдү алып келе алыштыбы? Бирөөнү да алып келишпеди.

- Күнөлүү адамдардын төрт жылдан бери так аныкталбай жатканын сиз кантип түшүндүрөсүз?

- Эми мен муну ушунчалык түшүндүрдүм. Бийлик, мурдагысы да, азыркысы да куру сөз менен эле жүрүшөт. Эл менен иши жок. Эми билбейм, уулумдун өлүмүнө күнөөлүүлөр кимдир бирөөлөргө керек. Бийликке да каршы чыкпаган адамдар керек. Мен ушунтип түшүнүп калдым. Күнөөлүүлөр, жанагы эки милиционер Кыргызстанда эле жүрөт. Бул иштин ачылбай калышы кимдир бирөөгө керек.

- Эми иш кайрадан териштирилгени жатат. Иш аягына чыгат деп ишенесизби?

- Эми ишенип турам... Себеп дегенде жаңы бийлик келди. Эки жыл болуп жатат. Мурдагы көп иштер кайрадан каралып жатат. Эми ошолордун катарында ишти иликтей турган тергөөчү, соттор, чечим чыгара тургандар кандайдыр бир адамгерчилик сапаттары жакшы болсо, элдин көйгөйлөрүн уккан кишилер болсо, иш аягына чыгат деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG