Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Турганбаев: Чуулуу иштер аягына чыгары күмөн


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, министрдин мурдагы орун басары Мелис Турганбаев Медет Садыркуловдун иши боюнча сот өкүмүнө жана мурдагы бийликтин тушундагы чуулгандуу иштерге байланыштуу ой бөлүштү.

- 26-ноябрда Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты. Сиз ички иштер министринин орун басары болуп турганда бул кылмыш ишин өз көзөмөлүңүзгө алып, тергөө иштери жүрдү эле. Сиз сот өкүмүнө канааттандыңызбы?

- Мен соттун ушундай өкүмүнүн чыкканына эле ыраазы болуп турам. Чынын айтканда, тергөө жүрүп жатканда жана сот болуп жатканда аябай тоскоолдуктар көп болду. Албетте, алган жазалары кичине азыраак болуп калды. Өзү өлтүрүп, кармап берип, муунткан адамдар, алар менен кошо жүргөндөр азыраак жаза алып калды. Мурунку чек ара кызматынын башчысы өңдүү кылмышка түздөн-түз жардам бергендерге да аз жаза берилди.

- Соттолгондордун жакындары негизги күнөкөрлөр жазаланбай калды деп жатышат? Кыргызстанда жаяндарын эмес, чабактарын гана жоопко тартуу көрүнүшү улана береби?

- Жок. Аларды эми кармап келебиз да. Бул биринчи этап болуп жатат. Эми экинчи этапта издөөдө жүргөндөр боюнча териштирүү башталат. Адвокаттар билдиргендей, 30-ноябрдан тарта Жаныш Бакиевдин үстүнөн да сот иши башталганы жатат. Бүгүнкү күндө аларды кармап келип, отургузуш эле калды.

Мындан тышкары Садыркуловдун өлүмү боюнча окуяны бурмалап, жол кырсыгы болду деген күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлер бар. Аны көзөмөлдөп тургандар бар. Мен эми шаардык ички иштер башкармалыгына кетип калдым. Бул маселе менин көзөмөлүмдө болчу. Садыркуловдун кылмышы ачылганда бул иш көпкө созулат деп айтканмын.

Ошентсе да, 2010-жылкы революциядан кийин адамдын үрөйүн учурган биринчи иштин бети ачылып, соттун чечими чыгып жатат.

- Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда бир гана Садыркуловго эмес, айрым депутаттарга, журналистттерге кол салуулар болгон. Маселен, Руслан Шабатоевдин өлүмү, журналист Сыргак Абдылдаевге болгон кол салуулар... Алар боюнча конкреттүү бир жыйынтык чыгарына ишенесизби?

- Сыргак Абдылдаев боюнча бардык иштер далилденип бүткөн болчу. Бирок ал киши азыр сырт жакта жүрүп жатат. Биз көп ишти ал кишинин катышуусу менен жасашыбыз керек. Руслан Шабатоев боюнча азыр деле иштер жүргүзүлүп жатат. Окуя кандай болгону, кайсы жакка алып барганы болжолдуу түрдө такталган болчу.

Менимче, азыркы күндө иштеп жаткан Уюшма кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыктын кызматкерлерине эч ким тоскоолдук кылбаса, куугунтукка албай, ары-бери сүйрөбөй иштетсе, ал жигиттер бул иштин аягына чыгарышат.

Бирок өкмөттө тирүү кызматкерди кармап көрбөгөн генералдарыбыз бар. Ушу кездерде иштеп жүрөт. Уюшма кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыктын кызматкерлерине тоскоолдук кылып, “алар эч нерсе жасаган эмес” деп ар кандай тил каттарды жазып, текшерүүлөрдү жүргүзгөн мезгил болуп жаткан. Эми мен бул жакка которулуп кеттим. Кээде ошол иштер аягына чыгарынан, ошол балдарды жөн жайына коёрунан күмөн санап кетип жатам.

P.S. 26-ноябрда Бишкек гарнизондук аскер соту мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча өкүмүн чыгарган. Ага ылайык, аталган иш боюнча айыпталган 7 адамдан экөө эки жылга кесилип, мунапыс негизинде эркиндикке бошотулса, калгандары 5 жылдан 18 жылга чейин жазага тартылышты.
XS
SM
MD
LG