Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

АБАКТАГЫ АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ БАСЫЛА ЭЛЕК


Бир жумадан бери № 16 абактагы 700дөй айыпкер ачкачылык кармап отурушат. Нааразылыктын чыгышына айтылуу кылмышкер Азиз Батукаевдин дагы эки жылдык мөөнөткө кесилип, Нарын түрмөсүнө которулгандыгы себеп болгон. Ал эми кечээ аталган түзөтүү мекеменин башчысы Иманкул Телтаев, абактагы абал турукташып калганын, бирок 700 дүн ичинен 170 айыпкер дале наар албай жаткандыгын «Азаттыкка» кабарлады.

Өткөн жума 19-марттан бери №16 түзөтүү мекемесинде курч жагдай түзүлүп, айтылуу кылмышкер Азиз Батукаевдин Нарын түрмөсүнө которулушуна нааразы болгон жети жүз айыпкердин ондойу оозун жип менен жамап, жүзгө жакыны жапырт күрөө тамырын кыркуу аракеттерин көргөнү туурасында жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Эгер Азиз Батукаевди №16-түрмөгө кайрып алып келбесеңер бардык абактарда туташ козголоң баштайбыз деген айыпкерлердин талабы жөнүндө да айтылган менен мындай кадамдар мыйзамсыз деп белгилейт аталган түзөтүү мекемесинин башчысы Иманкул Телтаев:

- Мен аларга күн сайын беш алты жолу жолугуп айтып жатам. Баары бир жаза өтөп жаткандардын талабы мыйзамсыз. А. Батукаев соттун чечими менен Нарын абагына которулду. Бирок учурда абал бир турукташып калды. Көбү тамак ичип атат. Абактын ичиндеги ишканалар иштеп эле жатат. Биз алардын эле талабына көнө берсек иш жүрбөй калбайбы?

Бирок аталган абактагы жайдай турукташып калды дегенге эрте, себеби 11-марттан бери Бишкек шаарындагы жана Чүй аймагындагы абактарды кыдырууну баштаган ЖК депутаттары №16 түзөтүү мекемесине барууну апрель айына жылдырышты.

- Биз №16 абакты кыдырууну апрель айына калтырдык. Бирок абал турукташса сөзсүз барып, толук маалымат алабыз. Ал эми айтылуу кылмышкер А. Батукаев өзүн кадырын билдирип коёюн деп жатат. Биз барсак коркунучтуу жагдай түзүлүп калышы толук мүмкүн. 16-абактагы бул жагдайды эске албаганда да бүгүнкү күндө дээрлик түзөтүү мекемелеринин абалы начар экени жана бир катары чечилбей жаткан көйгөйлөр бар экени кыдыруу маалында белгилүү болууда,- деди ЖК депутаты Алишер Мамасалиев.

Ал эми учурунда жабык мекемелерге реформа жүргүзүү керек деген талаптарды коюп келишкен укук коргоочулардын бири Азиза Абдырасулова мындай жагдайдын түзүлүшүнө мыйзамдардын иштебей, мамлекеттин алсыз болуп тургандыгы себеп деди:

- Мамлекет алсыз болгон учурда кылмыш дүйнөсү күч алып, өзүнүн катуу талаптарын коё баштайт. Кыргызстанда мыйзамдар иштебей, мамлекет алсыз болуп турганына мына ушундай мисалдар далил. Жабык мекемелерге байланыштуу мамлекеттики деңгээлде аткара турган иштер арбын.

Ал эми 27-март күнү Москва райондук сотунда 18 айыпкердин иши каралат. Алардын ишин кароого ачкачылык чарасы түрткү болууда, деди Адилет министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысы Көлбай Чолушев.

Ошондой эле №16 түзөтүү мекенин башчысы Иманкул Телтаевдын белгилешине караганда жаза өтөп жаткандардын айрымдары мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, айрымдарын жатак абакка чыгаруу маселеси да чечилет.

Жазгүл Жамангулова, Чүй

XS
SM
MD
LG