Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Прокуратура: саруулуктар сабалган эмес


Саруудагы митинг, 23-октябрь, 2013-жыл
Саруудагы митинг, 23-октябрь, 2013-жыл

Караколдо Кумтөр митингинен кийин кармалгандардын сабалышы боюнча кылмыш иш козголгон жок.

Башкы прокурор Аида Салянова 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кармалгандар убактылуу тергөө абагында жатканда сабалды деген факт тастыкталбаганын, денелериндеги жаракатты кармоо маалында алганын билдирди.

Айрым депутаттар жана жыйынга келген Ысык-Көлдүн кээ бир тургундары күч органдары берген маалыматка ынаган жок.

Ушул айдын башында Караколдо Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин кармалгандар тууралуу Жогорку Кеңеште Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат берди.

Баш прокурор Аида Салянова атайын териштирүү жүргөнүн, анда ур-тепкиге алынды деген факт тастыкталбаганын айтты:

- Камакта жаткан балдардын бирөө да “бизди бир жерге алып барып сабады” деп көрсөтмө берген эмес. Менимче, бул депутаттардан эле чыккан, элдин башын айланткан сөз болуп жатат. Аларды кармап жатканда чындыгында самбонун, күрөштүн ыкмалары колдонулган экен. Ошонун негизинде денелеринен жаракат алыптыр. Мунун баарын текшергенден кийин прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

Депутат Равшан Жээнбеков Кумтөр боюнча президенттин дооматтарына парламенттен жооп кайтарды. Анын алдында Алмазбек Атамбаев Жээнбеков Саруу айылына барып, элди митингге үндөгөнүн айтып, Кумтөр боюнча азыркыдай кырдаалга анын да тиешеси бар экенин билдирген эле:

- Митингге чыккыла деп эч кимди үндөгөн жокмун, бирок укуктарыңарды Конституциянын, мыйзамдын чегинде коргогула деп айтканым чын. Мен маалыматты асмандан алган жокмун, Жети-Өгүзгө, түрмөгө да барып алган маалыматымды айтып жатам. Балдардын баары сабалган. Баштарына кап кийгизип, колдорун байлап алып сабашкан. “Артыңарда ким турат, ким уюштуруп жатат, ким акча берип жатат?" деп сурап, сабашкан.

Жогорку Кеңештин жыйынында Жети-Өгүздөн келгендерге сөз берилди. Караколдогу митингде кармалгандарды коргоо комитетинин жетекчиси Акматкарып Чакибашев 7-октябрдагы нааразылык акциясы, андагы башаламандык боюнча бийликти күнөөлөдү:

- Жети-Өгүз элинин талабы – саясий камалган жана куугунтукталган балдарды чыгарып бергиле. Экинчиси – Кумтөр элге чечилсин. Бул жерде кетсин, же дагы башка деген үчүнчү маселе жок. Өкмөт элдин муктаждыгын карабай, канадалыктардын таламын талашканда митинг чыгып, жолдор жабылган. Алты айдан бери бир өкмөт басып барбайт. Эми 58 бала кармалат деп атышат. Провокация мамлекет жана күч органдары тарабынан даярдалган. Атайын жасалган, мурдунан сүйрөп Караколго алып барышкан. Болбосо карапайым эл кайдан билет эле? Каптагаевди галстугунан сүйрөгөн Жети-Өгүздүн балдары эмес, чоочун адамдар. Каптагаев аксакал бензин куюлган машинанын ичинде 5-6 саат отурмак эмес. Элде каяктагы тапанча? Сарууга 2 миңдей атайын даярдыктагы жоокер, үч тик учак алып барган.

Жети-Өгүздөгү нааразылык акциясынан кийин, 8-октябрь, 2013-жыл
Жети-Өгүздөгү нааразылык акциясынан кийин, 8-октябрь, 2013-жыл
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Аман Молдосеитов бул дооматтарды жокко чыгарды:

- Албетте каршылык көрсөтсө, күч колдонот. Анан калса таш, темир көтөрүп жүрүшкөн, ат менен жөөлөшкөн. Губернаторду барымтага алып, май куюп өрттөйбүз деп атканда биз эмне кылышыбыз керек эле? Бошоткула, коё бергиле деп жакшы эле сүйлөшүү болгон, ага ынаган эмес. Биз ошондо атайын операцияга барганга аргасыз болдук. Дагы 58 адам кармалат деген туура эмес. Кылмыш иш иликтенип жатат. Териштирүү үчүн ошол окуяга катышкандарды чакырып сураш керек да. Биз чакырсак келбей жатат. Анан эки миң спецназ Сарууну курчап алды деген болбогон кеп, Кыргызстандын баарынан чогултсаң да эки миң чыкпайт.

Антсе да күч органдарынын айткандарына айрым депутаттар ынаган жок. Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков азыркы бийлик мурункулардын катасын кайталап жатат деп белгиледи:

- Бүгүн бизде ачык Аксы окуясынын иши кайталанып жатат. Ошондо да үчөө-төртөө туруп алып бир тараптуу маалымат берген. Азыр бирөөнөн да кандай жагдай болгонун уккан жокмун. Эл бекер чыккан жок да. УКМК эмне үчүн ал жакка барды? Мамлекеттик коопсуздукка каршы алар көтөрүлүш чыгардыбы? Эмне үчүн прокуратура иш козгойт?

Соңунда парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин добушка койгон жок жана мыйзам бузгандар жооп берет деп эскертти:

- Ошол жерде облакимчиликти алабыз деген аракет болду го. Ошол жерде милициянын коргонун сүрүп киргенге эки-үч жолу аракет болду деп айтып жатышат. Бардыгыңар көрдүңөр го, эл көрүп турат. Бардыгы мыйзамдуу жооп бериши керек. Кечээ да органдын үч адамын сабашты. Орган адамына, милицияга бирөө да тийбеши керек.

Караколдо Кумтөр боюнча митингге байланыштуу 11 адам камакка алынган. Жети-Өгүздүн Саруу айылында нааразылык акциялар азыр деле токтой элек. Ал арада 28-октябрда аталган айылда атайын кызматтын үч өкүлү ур-тепкиге алынганы маалым болуп, кылмыш иш козголду.

XS
SM
MD
LG