Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмү иликтенүүдө


Руслан Абасов кайсы бир таймаштагы жеңиштен кийин. (Сүрөт качан, кай жерде тартылганы белгисиз.)
Руслан Абасов кайсы бир таймаштагы жеңиштен кийин. (Сүрөт качан, кай жерде тартылганы белгисиз.)

Кикбоксчу Руслан Абасовдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бейшембинин кечинде ал айдап бараткан машине жарылып, күйүп кеткен эле.

Күч органдары бул окуя боюнча бир канча божомолду иликтеп жатат. Милиция уюшма кылмыш топтун тиешеси бар деген да жоромолду жокко чыгарбайт.

Кикбоксчуга кимдер кастарын тикти?

Расмий окуя 27-мартта кечке жуук, саат 17.30дар чамасында Токмок шаарында болгон. Руслан Абасов айдап бараткан ак түстөгү “Тойота Лендкрузер” маркасындагы унаада жарылуу чыгып, күйүп кеткен. Спортчу алган жаракатынан ооруканада каза тапты. Ал эми унаанын арткы орундугунда отурган жубайы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылды.

Руслан Абасов (оңдо) кайсы бир таймашта. (Сүрөт качан, кайсы жерден тартылганы белгисиз).
Руслан Абасов (оңдо) кайсы бир таймашта. (Сүрөт качан, кайсы жерден тартылганы белгисиз).
Алдын-ала маалымат боюнча, жардыргыч зат айдоочу отурган орундуктун астына коюлган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Айбек Арзыматов билдиргендей, бул фактка байланыштуу “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иш козголду:

- Азыр бул окуя боюнча ар кандай соттук экспертизалар дайындалды. Тергөөчүлөр козголгон кылмыш иштин алкагында кимдерди суракка алуу керектигин аныкташты, сурак башталды. Акыркы жолу кимдер менен сүйлөшкөн, кимдер менен жолукканы баары аныкталды. Ошолордун баары сурак берип жатат.

Бул окуя боюнча ар кандай божомолдор айтыла баштады. Аны уюшма кылмыштуулук менен байланыштыргандар да жок эмес. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Айбек Арзыматов Абасов уюшма топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо болбогонун билдирди:

- Уюшма кылмыш топтордун тиешеси бар экени тактала элек. Мындай топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда тургандар болот. Руслан Абасов андай каттоодо жок. Уюшма кылмыш топтун активдүү мүчөсү деп айта албайбыз. Ошол эле учурда уюшма кылмыш топ аралашышы мүмкүн деген версияны жокко чыгарбайбыз. Ал дагы бар. Бирок аны негизги жоромол деп айта албайбыз.

Руслан Абасовдун спорттук карьерасы

Руслан Абасов спорттук карьерасын мындан он жылдай мурун токтоткон. Спорттун эмгек сиңирген чебери Таалай Кадыралиев “Азаттыкка” айткандай, спортчу соңку учурда аңчылык менен алектенип жүргөн экен:

- Намыскөй, партиот жигит болчу. Жүрөктүү, артка чегинбеген, тырышчаак балбан эле. “Нарында аңчылык мекемесинде иштеп жатам, беш карышкыр атып келдим”, - деп аткан карышкыр, илбирстердин сүрөтүн телефонунан жакында эле көрсөткөн болчу.

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине караштуу аңчылык боюнча департаментинин директору Сулайман Бошкоев Руслан Абасовдун аңчылыкка тиешеси бар экенин тастыктады:

- Руслан Абасовдун мергенчилик боюнча жеке менчик фирмасы бар болчу. Ошондо иштечү.

Маалыматка караганда, маркум кикбоксер коммерициялык унаа жарыштарды да уюштуруп жүргөн.

Руслан Абасов табына келип турган учурда тай бокс жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн чемпиондору Сурен Калачян, Александр Устинов, Эдуард Вознович жана башкаларды уткан. Дүйнө жана Европа чемпиону Малик Борбашев досу Руслан Абасов абдан кичи пейил жана адамкерчиликтүү болгонун, артында 2 уул, 2 кызы калганын айтып, кайгырып турду.

Жакында эле 8-март күнү Токмок шаарында өткөн бокс боюнча жеткинчектердин мелдешинде жаш балдарга Руслан Абасов кеп-кеңеш берип, бокс менен 13 жашында машыга баштаганын айтып бергенин Азия оюндарынын коло байге ээси Таалайбек Кадыралиев да эскерип отурду.

Учурда машыктыруучу болуп иштеп жүргөн бокс боюнча Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Кенжебек Акелбаев Руслан Абасов бокстон да жакшы ийгилик жаратканын эскерип, кикбоксинг боюнча Кыргызстанды дүйнөгө таанытканын айтат.

Руслан Абасов курбуларынан эмнеси менен айырмаланганын эмгеги сиңген машыктыруучу Жолдошбек Бекбоев мындайча эскерди:

- Мыкты физикалык даярдыгын баса белгилейм. Анан абдан чыдамкай эле. Мыкты сокку узата алгандыктан айрым беттешүүнү мөөнөтүнөн мурда нокаут менен жеңип алчу. Ак көңүл болчу. Негизи Руслан кыска өмүр сүрсө да, көздөгөн максатынын баарына жетти деп айта алам. Эң оболу Дүйнө чемпиону болду. Кийинчерээк бактысын таап, үй-бүлө курду. Эки уул, эки кызды чоңойтуп жаткан эле.

Кыргыз спорту үчүн чоң жоготуу

Руслан Абасов 1976-жылы Токмок шаарында туулган. Токмоктогу техникалык институтта билим алган. Алгач 13 жашында бокс ийримине катыша баштаган. 1996-жылдан бери Бишкектеги «Гермес-профи» спорт клубунда Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Воиновдо машыгып, 1997-жылдан 2005-жылга чейин өлкө намысын эл аралык мелдештерде, Азия, дүйнө чемпионаттарында коргогон. “Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери” жана “Өлкөгө эмгек сиңирген спорт чебери” деген ардак наамдарына ээ болгон. Бүткүл дүйнөлүк кикбоксчулар ассоциациясы Руслан Абасовду эң мыкты спортчулар тизмесине киргизген.
Руслан Абасов жеңиштен кийин. (качан тартылганы белгисиз)
Руслан Абасов жеңиштен кийин. (качан тартылганы белгисиз)
91 кг. жана оор салмакта дүйнөлүк атак-даңктын ээси Руслан Абасов Кыргызстанды сыртка тааныткан. Ал кикбокс боюнча Азия жана Европа мамлекеттеринде бир канча жолу мелдешке чыгып, 2005-жылы WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону болгон. Кикбокстун WAKO версиясы боюнча да дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Ошондой эле Европанын да эки жолку чемпиону болгон. 2007-жылы Евразиянын чемпиондук наамын да жеңип алган.

Кыргызстанда белгилүү спортчулар киши колдуу болгон учурлар буга чейин да катталган. 2006-жылы грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Раатбек Санатбаев атып өлтүрүлгөн. Убагында анын өлүмүнө шектүүлөр кармалганы менен кылмыш иши толук ачылган эмес. Мындан 12 жыл мурда, 2002-жылы 1-ноябрда Бишкекте кикбоксчу Али Порсуковду да машыгуудан чыгып баратканда жалданма киллер атып өлтүргөн. Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, дзюдо федерациясынын президенти, СССР спорт чебери Жыргалбек Сурабалдиев, дзюдо боюнча эл аралык спорт чебери Кабыл Карымшаков, Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Баяман Эркинбаев, белгилүү спортчу, каскадер Усөн Кудайбергенов кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасы менен атып өлтүрүлгөн.
  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG