Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Конокбаев: Ташиевге кылмыш иш козголгону чын


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Кыргызстан Башкы прокуратурасы парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге кылмыш иш козгогонун билдирди.

Буга анын фракциялашы Бахадыр Сулеймановдун арызы негиз болгон. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаев "Азаттыкка" курган маегинде бул маалыматты тастыктады.

Конокбаев: 2011-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурордун милдетин аткаруучу тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иши козголду.

Бул кылмыш иши өзүнүн кесиптеши Бахадыр Сулаймановду уруп койгон факты боюнча козголуп жатат. Демек кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесине ылайык, башкача айтканда, хулиганчылык беренеси боюнча козголду.

Мындан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн бул иш Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына тапшырылып, эми мындан аркы тергөөлөрдү ИИМдин тергөө боюнча башкы башкармалыгы жүргүзөт.

“Азаттык”: Эгер Камчыбек Ташиевдин айыбы далилденип кала турган болсо кандай иш-чаралар көрүлөт?

Конокбаев: Мындай божомолдорду айтуу менин жоопкерчилигиме жатпайт. Муну тергөө иштерин жүргүзүп жаткан органдын өкүлдөрү жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы боюнча өздөрү айта алат.

“Азаттык”: Тергөө жараяны канча мөөнөткө созулушу мүмкүн?

Конокбаев: Эми алардын өздөрүнүн процессуалдык мөөнөттөрү бар жана ошонун негизинде жүргүзүлөт. Бул дагы Ички иштер министрлигинин жоопкерчилигинде.

"Азаттыктан": "Ата Журт" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановду фракция лидери Камчыбек Ташиев токмоктоп салыптыр деген кабар боюнча Ташиев өзү 11-апрелде бир катар жергиликтүү агенттиктерге комментарий берген.

"Биз бири-бирибизге кыйкырып, жаалдана сүйлөшкөнбүз. Бирок мен аны сабаган жокмун. Бул боюнча күбөлөр бар. Эгер туура эмес болсо, мен жооп бергенге даярмын", - деген Ташиевдин сөздөрүн сайттар мисалга тартууда.

Бахадыр Сулейманов азыр Кардиология боюнча улуттук борбордо дарыланып жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG