Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Коопсуздук кыл учундабы?


24-ноябрда Ош жана Жалал-Абад шаарларында күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну баштаган.
24-ноябрда Ош жана Жалал-Абад шаарларында күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну баштаган.

Өткөн аптада Кыргызстандын күч кызматтары тарабынан Бишкекте 15 кг жардыргыч зат табылганы кабарланган. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өткөн аптада Бишкек жана Ошто ири жардыруулардын алды алынганын журналисттерге билдирди.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин маалымдаганы боюнча Бишкек жана Ош шаарларында терракт жасоонун артында экстремисттик-радикал уюмдар турбаганы аныкталды. Министр жардыруу жасоону улуттук-сепаратисттик кыймылдар көздөгөнүн маалымдады:

- Булардын максаты биздин аймакта коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу болгон. Диний же дагы башка радикал уюмдардын, аймакта халифат орнотуу жана башка кызыкчылыктары жок. Кармалган кишилер менен сүйлөшкөн учурда бул жерде улуттук-сепаратисттик жана криминалдык түзүмдөр менен аралашкан топ бар экени аныкталды.
Зарылбек Рысалиев

Ички иштер министринин айтымында, жардыруу жасоого даярдык тууралуу маалымат 22-ноябрь күнү уурулук менен шектелип кармалган адамдардан алынган. Алардын бири радикалдык уюмга байланышы бардыгы аныкталып, ал Бишкекте жардыруу даярдалып жатканы тууралуу маалыматты милицияга билдирген:

- Ал киши тергөө учурунда Бишкекте терракт жасалып жатканын, аны ишке ашыруу үчүн адамдар борбор калаага кеткенин айтты. Анын айтымы боюнча Бишкекте дагы үч киши кармалды. Алардын үйүн, унаасын тинтүү учурунда үч тапанча, автоматтардын муляждары, детонатор сыяктуу жардыргыч заттар табылды. Мындан тышкары баңгизат жана 69 миң сом акча алынды.

Зарылбек Рысалиевдин айтымында, тергөөдө аныкталганы боюнча жардыруулар Бишкек жана Ош шаарларынын соода борборлорунда, эл көп жайгашкан аймактарда даярдалганы аныкталган.

Күчөтүлгөн тартипте

Ички иштер министринин маалыматы боюнча алынган жардыргыч зат тротил эмес, бирок күчү 5 кг тротилге туура келген жасалма жардыргыч зат:

- Бардыгы болуп 15 килограмм 250 грамм жардыргыч зат алынган, алар аммиак селитрасынын, алюминий упасынын жана башка жардыргыч заттардын кошулмасы. Эксперттердин айтуусунда, бул салмактагы мындай жардыргыч зат 5 кг. тротилдин күчүнө барабар. Бул жарылса, 1000 метрлик радиустагы жерге зыянын тийгизмек.

Жардыруу эл жыш жүргөн жайларда ишке ашырылмак.
Зарылбек Рысалиев ошондой эле бул жардыруунун артында турган, аны акчалай жабдыган адамдар аныкталганын айтып, бирок тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу азырынча алар ачыкталбай турганын билдирди. Жардыруу аракетине байланыштуу тергөө иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлүп жатат. Улуттук коопсуздук кызматы азырынча бул окуя тууралуу расмий түрдө эч кандай маалымат бериле элек.

Аты-жөнүн атагысы келбеген коопсуздук кызматкеринин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 24-ноябрь күнү күч кызмат башчылары шашылыш жабык жыйынга чогулушкан. Ошол эле күнү Ош жана Жалал-Абад шаарларында күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну башташкан. Негизги коркунуч ошол күндөргө туш келгени айтылууда.

27-ноябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев түштүккө барып, ал жактагы күч структураларынын аскердик күжүрмөн даярдыктары менен таанышып чыгышкан. Күч кызмат башчыларынын бул сапары тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Бардыгы үчүн ачык Кыргызстан

Мурдагы коопсуздук кызматкери Алишер Абдымомунов Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларын жардырууга жасалган аракеттин артында радикал-экстремисттик уюмдар турат, ал эми алардын аракетин көзөмөлгө алуу начар болуп жатат деген пикирде:
Булардын максаты биздин аймакта коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу болгон.
Зарылбек Рысалиев


- Мына ушундай башаламандыктын баары бийликтин алсыздыгында, көзөмөл начар болуп жатканында. Мына бүгүн Кыргызстанга ким гана кирип алып, эмне гана кылып жаткан жок. Саясий күчтөр каалаганын жасап жатат. Анын үстүнө парламент дагы бир пикирге келише албай, эмгиче алардын болочогу да белгисиз. Мына ушундай жардыруулардын артында Кыргызстан тандап алган парламенттик башкаруу системасын жактырбаган күчтөр турат. Алар коалиция түзүлүп, парламент ишке киришүүсүн да каалашпайт, аны үзгүлтүккө учуратууну көздөшөт. Ошол эле радикалдык-экстремисттик уюмдардын артында деле жалаң күчтөнгөн мамлекеттер, алардын атайын күчтөрү турганы беш колдой белгилүү.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин айтуусунда Бишкек жана Ош шаарларындагы жардырууларга көрүлгөн даярдык тууралуу бардык маалыматтар топтолууда, ал эми өлкөнүн, элдин коопсуздугуна камсыздоо боюнча күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG