Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Кыргыз эл артисти Асанкалый Керимбаевдин жүрөктү дирилдеткен обондорун сөз менен жеткирип айтып берүүгө мүмкүн эместей. Анын ыргактарында бирде жээкке урунууга келаткан деңиз толкуну элестесе, бирде өзүнө татыктуу аруу дүйнөнү издеп, кайдадыр учуп бараткан ак булут элестейт.

Быйыл анын акын Омор Султановдун сөзүнө жазган “Ак булуттар” деген ыры ырдалып келатканына кырк жылдан ашыптыр.

"Ак булуттарды" мүрзөмө чейин ырдап баргыла"

Мындан он жылча мурун Улуттук китепканада акын Омор Султановдун “Жан берели сүйүүгө” деген китебинин бет ачары болуп калды. Кечеге келген Асанкалый Керимбаев “Ак булуттарды” ырдап бүткөндөн кийин Омокебиз тамаша аралаштырып калың элдин алдында: "Асаке, сен эми ичип кете берсең болот. Бул обонуң чын эле өлбөс болуп калды. Чынын айтканда Асакем экөөбүз бири-бирибизди чексиз сүйөбүз. Бирок айта бербейбиз. Экөөбүз кокус жолдон жолугушуп калганда бир аздан кийин Асакеге көзүм тойбой кайра бурулуп карайм, ошол кезде Асакем да мени карап турган болот", - дегени күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Анда залдагы элдин баары эле Омор Султановдун бул сөзүнө маани бербеген чыгар. Бирок бул мамиле мага эки залкардын бири-бирине болгон сый мамилесин түшүндүргөн.

Чебер уста өзүнүн жасаган буюмдарынын кайсынысы мыкты болгонун билгендей эле мыкты таланттар өзүнүн кайсы чыгармасы кайталангыс экенин билет окшойт. Теңтуштарынын айтымында, Асанкалый Керимбаев "мен өлгөндө "Ак булуттарды" мүрзөмө чейин ырдатып баргыла", - дечү экен.

Өзү кезинде бул ырынын жаралыш тарыхы боюнча мындайча кеп салыптыр:

- Омор байкенин ырлар жыйнагы кокусунан колума тийип, анын ичинен "Ак булуттар" аттуу ыры өзгөчө жагып калды. Кайра-кайра кайталап окудум.

"Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,

Айдалып баратканда ак булуттар..." - деген саптарды окуганда көзүмө ысык жаш тегерене түштү. Менин чоң атам Керимбай кезинде жалган жалаа менен айдалып баратканда чоң энем буркурап, көзүнөн жашын тыя албай боз үйдүн босогосунда ыйлап турган экен. Денемди жалын каптагандай, ошол элес көз алдыма дүрт эте от алып, көөдөнүмдүн тереңинде бугуп жаткан буулуккан бук "Ак булуттар" деген ырга айланды... Омор байкеге адегенде "Ак булуттарды" угузсам, түшүнгөн жок. Кийин мени атайын Ысык-Көлгө ээрчитип барды. Экөөбүз көлдүн жээгинде отурабыз. Анан эле: "Асаке, кана эми баягы "Ак булуттарды" ырдап берчи", - деп калды. Мен ырдап... Омор байкенин ошондогу эчкирип ыйлаганы эсимден кетпейт. Мен да кошулуп, өпкө-өпкөгө тийбей шолоктоп ыйладым. Күн аябай бүркөк, көл бир башкача толкугансып, шарп-шурп, улам жээкке урунат. Омор ага жаш баладай далайга ыйлады...

Албетте куш эки канаты менен учкандай эле мыкты обондун багы мыкты текст менен гана ачылат. Бүгүн акын Омор Султанов өзү да ак булутка айланып кеткен обончунун чыгармачылыгы жана "Ак булуттун” жаралыш тарыхын мындайча эскерет:

- Кыргыздын таланттуу уулдарынын бири Асанкалый Керимбаев да менин ырларыма бир топ обондорду жаратты. Алардын ичинде өзү абдан жактырып ырдаганы "Ак булуттар" болчу. Асанкалый бул ырга өзгөчө маани берер эле. 1978-жыл болуш керек, бир күнү аккордеонун көтөрүп алып үйгө келиптир. "Ак булуттарды" китептен таап алып бир обон чыгардым",- деп ырдап берди. Асанкалый нукура талант эле, нота билчү эмес, бирок обондорун ушунчалык даана, так, уккулуктуу жаратып ырдап чыгар эле. Ал өзүнүн обондорун өзү гана бардык шөкөтү менен өтө көрктүү жеткирип бере турган. "Ак булуттардын" Асанкалыйдын тагдырына байланышкан шарттары бар экендигин кийинчерээк билип калдым. Аны ырдаганда өзүн унутуп калган учурларын көп байкачумун. Кээде чолок жаш чыгарып, ыйлап да алчу. Эң жогоркудан эң төмөнкү диапазонго жеткен мындай обондуу ырлар бизде жокко эсе болбосо да, эң эле аз. Ошондуктанбы же тагдырлаш болбогондуктанбы, айтор өзүнөн башка ырчылар бул обонду даап ырдашпайт. Кээ бирөө ырдап калат, бирок Асанкалыйдай эмес, супсак.

Асанкалый Керимбаев кыргыз обончулары жана акындары менен. (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Асанкалый Керимбаев кыргыз обончулары жана акындары менен. (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Бөкөнбай Боркеев турмушта Асанкалый Керимбаевдин сырдашы, досу болуу менен бирге анын чыгармачылыгын баалап-барктап, аны массалык маалымат каражаттары аркылуу кийинки муунга айтып, деп келаткандардын бири. Анын айтымында, азыр Асанкалый Керимбаев өткөн кылымдын 70-90-жылдары кыргыз музыка өнөрүндөгү эң популярдуу обончулардын бири болгонун билбегендер да бар. Бул көрүнүштү ал жаштардын көркөм табити жеңил-желпи музыка менен талкаланганынан көрөт.

- Бүгүн өзүлөрүнүн акылы жетпегенден, интернеттен уурдап алып, сөздөрүн чампалай койгон, улуттук колориттен куржалак "качыр" обондорду ойсоңдоп аткарган "жылдыздардын" жанында Асан "шоона эшпей" калды. Асандын шору - башка обончуларга караганда жагымдуу да, жугумдуу да обондорун өзүнөн ашыра эч ким мукам ырдап бере албаганында. Ырас, бирин-экин ырдап жүрүшөт, бирок анын мукам, муңайым тембрин эч ким кайталай албайт. Аккордеонду безеленте ойногону деле анча татаал эмес, кайрууларды деле өзгөчө вариациялабайт, бирок ошо жөнөкөй жана мукам кайрыктар акылындагы эмес, жүрөгүндөгү муң-зар менен муңканып жуурулушуп чыгат.

Бөкөнбай Боркеевдин белгилешинче, кыргыз музыкасынын шедеврлери болуп калган "Кайдасың", "Ак булуттар", "Муңдашым Мунар, кайдасың", "Көл баяны", "Акмаралым", "Периштем", "Сендей мага", "Туулган жер", "Каракөлдүн кыздары"... деги койчу, обончунун элүүдөн ашык ырынын ар бири өзүнчө сөз кылууга татыктуу.

Балалыктагы өксүк жана канга сиңген мырзалык

Асанкалый Керимбаев 1999-жылы 10-декабрда, 50 жылдык мааракесин белгилөөгө туура эки ай калганда бул дүйнө менен кош айтышкан. Аны менен ошол жылдары журналист катары мен да маектешип калдым эле. Ал бааралашуубуз “Жаза тайып ырчы болуп калгам...” деген аталышта обончунун көзү өтөрүнөн бир аз мурун эле ал кездеги “Асаба” гезитине жарык көргөн. Бул маекте Асанкалый Керимбаев кетментөбөлүк кадимки Керимбай болуштун урпагы экенин, ата-энеси менен бирге Совет мамлекетинин куугунтугуна туш болуп, балалыгы бөтөн эл, бөтөн жерде өткөнүн, ушундай тагдыр аны муңга, кусага жакын кылганын кеп салган.

Замандаштары Асанкалый Керимбаев саналуу гана жолдош күткөнүн айтышат. Алардын бири студентик жылдардан бери бирин-бири билген – Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов болгон:

- Асаке айтканын аткарган, эки сөздүү эмес, чыныгы жигит болчу. Искусствонун адамдардын билесиң да, көптөрү жасалма жайдарысына беришет. Ырсалаңдап калп күлгөндү адат кылып алышат. Асанда андай нерсе жок болчу. Бул болуш Дыйканбайдын тукуму да. Ошондуктан мырза пейилдиги билинип турар эле.

Муну менен бирге Анатай Өмүрканов обончунун чоң атасы да жакшы ырдаган киши болгонун айтат:

- Керимбай болуш өзү да ырдаган киши экен. Жолдоштору ал киши жайлоого барганда ырдап түшкөнүн айтышчу. Мүмкүн үнү ошондон келгендир. Булар Өзбекстанда болуштун балдары болуп сүргүндө жүргөндө Ала-Тоону сагынып, мүмкүн ошондон кусалык күчөгөндүр.

Өмүркановдун айтымында, Асанкалый Керимбаевдин махабат таржымалы да жеңил болгон эмес. Анын “Кайдасың” деген ырынын да өзгөчө тарыхы бар.

- Армияга кеткенде жактырган кызын ала качып кетишиптир. Ошондон кийин “Кайдасың” деген ыры чыгып, ал кызды таап, бирок кийин кайра ажырашып кетишкен. Ошол ажырашуудан кийин Асандын чыгармачылыгы коштошуу, арманга ширелген жаңы бийиктиктерге көтөрүлгөн.

Керимбаевдин Алыкул Осмоновдун сөзүнө жаралган “Сулууга” аттуу обонунун тарыхы да кызык. Ал тууралуу Анатай Өмүрканов мындайча кеп салды:

- Биринчи жубайы менен ажырашкандан кийин ажырашуу тууралуу сөз жазып берчи деп аябай кыйнады. Анан мен Алыкул Осмоновдун “Сулууга” деген ырын көчүрүп берип койдум. Ал радиого меники деп жаздырып ийиптир. Артынан чуркап жүрүп ал ыр Алыкул Осмоновдуку экенине араң ишендиргем.

Замандашы, досу Анатай Өмүркановдун айтымында, бала кездеги куугунтук өксүгүн, армандуу махабатты көргөн, сулуулукту, асылдыкты издеген жан дүйнөсү дирилдеген обондон турган инсан жогорудагы ырлардан башкача ырдамак эмес.

Сүйүү тилеген обончу

Он алты, он жети жашынан баштап Асанкалый Керимбаевди жандап жүрүү шыбагасы туш келген, аны менен таяке-жээн катары туугандыгы бар Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Элмирбек Иманалиев обончу менен бир жүргөн кездерин мындайча эскерет:

- Өмүрүнүн акыркы төрт-беш жылында Автандил Сатылганов үчөөбүз эл аралап концерт берип жүрдүк. Ошол мезгилде мен бул кишини жакындан аябай жакшы билип калдым. Элдин баары бул киши тууралуу жакшы эле эскерип келишет. Мен анын өзү чыгармаларынын баарын эле жактырбай, алардын ичинен үчөө-төртөөнү жактырарын билдим. Мисалы “Сулууганы” , “Ак булуттарын” жакшы көрчү.

Элмирбек Иманалиев учурда Асанкалый Керимбаевдин ырдалбай жүргөн обондорунун бири - Илгиз Гилзиятиновдун сөзүнө жазылган “Даниярдын ырын” өзү аткарып келет. Элмирбек Асаке бул ырына көп маани берчү эместигин эскерет.

- Мен ушул ырын угуп, жактырып жүрдүм. Бирок аны өзү жактырбайт экен. Бул да залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жамила” повестине байланыштуу чыккан. Өзү бул ырды көп аткарчу эмес.

Сөз арасында Элмирбек Иманалиев Асанкалый Керимбаевдин күлкүлүү жоруктарын да айтып отурду:

- Токтогулдагы үйүнүн жанында картаң бактар бар эле. Ага кечкисин каркылдаган каргалар толуп чыгат экен. Бир жолу Асакем аларды атам деп калыптыр. Анан сөздөн сөз чыгып, мен алардын 150 жыл жашарын айттым. Анан эле Асакең "эми мен каргаларды атпайм" деп калыптыр. Эмнеге десем: "Бул Керимбайды көргөн каргалар турбайбы", - дейт.

Ошол эле учурда маектешибиз айтылуу обончунун сулуулукка, махабатка болгон мамилесин да эскере кетти.

- Гастролго чыгып баратканда Асакем машинаны жолдун жээгине токтотуп, сууга бетин чайып, ушул сапарыбызда бир жакшы сүйүүгө жолугалы деп бата тилээр эле.

Элмирбек Иманалиевдин айтымында, Асанкалый Керимбаев дирилдеген таза сезимди таптаза бойдон мөлтүрөгөн чыгармага айланткан чыныгы чебер талант болгон.

Асанкалый Керимбаев залкар обончу Рысбай Абдыкадыров баштаган таланттар менен (качан тартылганы белгисиз).

Асанкалый Керимбаев залкар обончу Рысбай Абдыкадыров баштаган таланттар менен (качан тартылганы белгисиз).

"Аккан арыктан суу агат"

Обончу Майрамбек Осмонов Асанкалый Керимбаевдин жанында жүрүп, а тургай бир топ жыл атактуу обончунун үйүндө жашап да жүргөн экен. Ал бизге обончунун бир ырынын жаралышына кантип күбө болгонун айтып берди:

- Улам эле бир обон чыгат да кайра жок болуп кетет. Азыр эстесем ошол Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган “Энекем” деген ыры экен. Алгач биринчи сабы жаралат да жок болуп кетет. Анан кайра эле ырдалып, кайра жок болуп кетет. "Энекем, энекем, энекем" деп эле соолуп калат. Ошол күнү анын ушул ырды кантип жаратканына күбө болдум эле.

Майрамбек Осмонов мындан сырткары устатынын үй-бүлөсүнө жасаган мамилесине да токтоло кетти:

- Балдарын аябай жакшы көрөт эле. Аларды эркелетер эле. Дамира жеңебизди "чүрөгүм" деп эркелетип калганын угуп калдым.

Муну менен бирге Майрамбек Осмонов обончунун балдары да таланттуу болгонун айтат.

- Кандан өтүп балдары да таланттуу болду. Алып баруучу, КВНчи Жанат Керимбаевди азыр кимдер билбейт. Ошол уулу учурда Орусияга барып килейген, бир ТВ программага сценарий жазып отурат. Бул албетте жакшы. Инилерине да жол көрсөтүп жатат.

Майрамбек Осмоновдун айтымында, учурда маалымат каражаттарында Асанкалый Керимбаев тууралуу көп эскерилбейт деп айтылып жүргөнү туура эмес. Аны үй-бүлөсү, жубайы Дамира ар дайым эскерип турат.

Кыргыз эл артисти Асанкалый Керимбаев элүү жашка жетпей каза болуп, сөөгү өзүнүн кичи мекенине коюлган. Түшүнүксүз себептер менен өкмөт тарабынан күйөрмандарынын обончу менен коштошуу митинги уюштурулган эмес.

Бирок угармандары жакшы ыр эч убакта өлбөй турганына, ал муун алмашкан заманда, элдик башаттын баркын билген урпактардын тушунда кайра экинчи өмүрүн сүрөрүнө, ошондо Асанкалый Керимбаевдин ысымы кайра бир жарк деп чыгарына ишенет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG