Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

“Тоо ханышасы” даректүү тасмада


"Курманжан датка" документалдуу тасмасынан бир көрүнүш.

"Курманжан датка" документалдуу тасмасынан бир көрүнүш.

28-декабрда Бишкекте Курманжан датканын өмүр жолун чагылдырган “Тоо ханышасы” аттуу даректүү тасманын бет ачары өттү. Анда президент Роза Отунбаева 2011-жыл Курманжан датка жылы деп жарыяланарын билдирди.

«Тоо ханышасы» даректүү тасмасы Курманжан датканын туулган жылы, киндик каны тамган жери, ата-тегин баяндоо менен башталат.

Ошол заманда Кокон хандыгынын доору сүрүп турган чакта алайлык айтылуу Алымбек датка жаш болсо да кыргыздардын таламын талашып, хан ордосунда аброй күтүп калган маал болот. Кокондон келе жатып Маматбай байдын айылына өргүү алып, ал жерден Курманжанга көзү түшүп, анын колун сурайт.

Алымбек датка Кокондо мамлекеттик саясий иштер менен алек болуп жүргөндө, Алайда анын чарбасын орду-орду менен жөндүү жүргүзгөн Курманжан тунук акылы, калыстыгы, мээрмандыгы, кеменгерлиги менен эл оозуна алынат.

Даректүү тасмада 19-кылымдын орто чениндеги Орто Азиядагы туруксуз саясат, Кокон хандыгынын кыргыздарга кысымы, ордо оюндары, Ооганстан тараптан Англиянын, түндүк тараптан орус падышачылыгынын баскынчылык аракети тууралуу тарыхый мисалдар келтирилип, Курманжандын эл-жерди сактап калууга жасаган зор иштери чагылдырылат.

Убагында Бухардын эмиринен даткалык даража алган Курманжан, Кокон хандыгынын атка минерлери, падышалык орус төбөлдөрү, аскер адамдарына тике карап, тайманбай элинин таламын талашып, кыйын кезең, кысталышта жол таап, көз карандысыздык үчүн талбай күрөшкөнү айтылат.

1906-жылы 13-августта Орусиянын генштабынын полковниги, барон Карл Густав Эмиль Маннергейм Алайга келип, Курманжан даткага жолугуп, аны менен жолугушуп, сүрөткө тартып алганы жөнүндө кийин Орто Азия тууралуу илимий эмгегинде чагылдырат.

Ал кийин Финляндиялык армиянын башкы кол башчысы жана 1944-45-жылдары Финляндиянын биринчи президенти, улттук баатыры катары атагы чыгып дүйнөгө таанылган.

Эмиль Маннергейм 1909-жылы Алай сапары жөнүндө эмгегин жарыялайт.

- Өргөөдө бир нече жолу фотосүрөткө тарткан соң, мен 96 жаштагы улгайган айымдан ат үстүндө сүрөткө түшүүнү, түбөлүк эстелик калтырууну өтүндүм. Ханыша небересинин илбериңки жардамына таянып атка жеңил минди. Алай ханышасы 19-кылымдын жандуу тарыхы болчу. Ошондуктан аны менен жолугушуу окумуштуу үчүн өтө кызыктуу болгону табигый көрүнүш эле.



Даректүү тасма Борбор Азия, Европада «Алайдын ханышасы» деген атка конгон улуу тоонун даткасы Курманжан датканын 96 жашында 1907-жылы 1-мартта Мады айылында көз жумганы, сөөгү Ош шаарындагы Сары-Мазар көрүстөнүндө уулу Камчыбектин бейитинин жанына коюлганы тууралуу маалымат менен аяктайт.

Кинорежиссер Замир Эралиев бул даректүү фильмди тартканга жыйырма жылдан бери кыргыз өкмөтү биринчи жолу 1,5 миллион сом каражат бөлгөнүн, ал каражат да өп-чап болуп араң жеткенин белгиледи.

- Бул 1,5 миллион сомду дагы араң беришти. Муну дагы бербейт го деп ойлогом. Бирок өткөн өкмөттү миң жолу сындашса да кино тартууга акча берүүгө ошол өкмөт чечим чыгарган. Ошол өкмөткө бул жагынан ыраазычылык билдирем.

Замир Эралиев тасмага тартылган артисттерге болгону 15 миң сом акча бөлүнгөнүн, кино тартууга негизинен жергиликтүү администрация менен Алай өрөөнүнүн тургундары зор көмөк көрсөткөнүн белгиледи.

Ал каражаттын тартыштыганан улам Курманжан датка жөнүндө документтерди толук чагылдыра албай калганына арман кылды.

- Санкт-Петербургга барып, ошол жерден тарыхый документтерди, фотосүрөттөрдү чогултсам болмок. Кокон менен Ташкентке, Финляндияга барсам жакшы болмок. Ошол максат менен президент Роза Отунбаевага жардам берүүнү өтүнүп кат жаздым. Бирок жооп болгон жок. Орусиянын темасын же Кокон хандыгынын темасын биз ойдогудай чагылдыра албай калдык деп ойлойм.

Тасманын сценарийин жазган Юруслан Тойчубеков болсо “Тоо ханышасы” даректүү тасмасынын бет ачарына катышкан преидент Роза Отунбаева менен спикер Акматбек Келдибековго кайрылып, кыргыз киносун өнүктрүүгө көңүл бурууга чакырды. Анын айтымында, мамлекеттик идеологияны жүргүзүүдө кино искусствосунун ролу зор.

- Манас баатыр, Курманжан датканын образы бүгүнкү күнү кыргыз элинин духун көтөрүп кетүүгө чоң көмөк болот. Жаштарга ишеним берүүгө, алыста ар жерде жүргөн жаштарыбызды Ата Журтуна алып келип, мекенин сүйүүгө, патриоттук сезимдерин ойготууга өбөлгө болот эле.

28-декабрь Эл аралык кино күнүнө тушташ көрсөтүлгөн “Тоо ханышасы” аттуу даректүү тасма Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыздын тарыхый инсаны жөнүндө тартылган алгачкы кино болуп калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG