Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Дегенбаева: Байыш үчүн да маданият керек


Алымкан Дегенбаева, акын.
Алымкан Дегенбаева, акын.

Акын, котормочу Алымкан Дегенбаеванын жаңы жазган ырларынын кол жазмалары, котормолору басмадан жарык көрбөй үйүнүн текчесинде турат.

- Ыймандай сырын ким айтат,
Ызы-чуу салбай тим айтат.
Ыйлатып туруп жүрөгүн,
Ыймандуу жандын бири айтат.
Акактай сырын ким айтат,
Айгайды айтпай тим айтат.
Арызданып элди жадатпай,
Армандуу жандын бири айтат.
Атайын келсе ал сага,
Атайын чыгып тосуп кой.
Албасаң алба арманын,
Бирок, айтканын анын угуп кой.

Акын, котормочу Алымкан Дегенбаева Ата Журт, адам баласынын турмушундагы түрдүү кырдаалдар, эне-бала тууралуу жазылган жана лирикалык саптардан турган бул саптарын “Суусаган тамырлар” деген жашыл мукабалуу китебинен окуп берди.

Ал жетимиштин кырынан ашса дагы илхамы келе калганда, калемин алып ак баракка ыр саптарын жаза коёт.

“Аккан арыктан суу агат”- дегендей, Алымкан Дегенбаеванын акын болуп калышына апасынын таасири тийген экен.

- Менин поэзия дүйнөсүнө аралашып калганыма кичинекей кезимде эле раматылык апам шыгымды ойготту окшойт. Ак киши китеп окумак түгүл кол койгонду билбеген адам эле. Бирок абдан сезимтал, сөзгө маани берген адам эле. Азыр ойлосом, элдик ырларды, кошокту кыйын билчү экен. Мени кичинекей бала экен дебей, ырларды, жомокторду бир укумуштуудай уккулуктуу кылып айтап берчү. Анан ошондон шыгым ойгондубу же канымда барбы билбейм. Кыскасы менин акын болуп калышыма апам себепкер.

Болочоктогу акын секелек кезинде апасынан ажырап, кара жанын багуу үчүн турмуштун татаал толкунуна эрте аралашып, кабыргасы ката электе Сүрөтчүлөр үйүндөгү килем токуу цехинде ишке орношот. Күндүзү иштеп, кечкисин №7 кечки мектептен окуйт.

Ал мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине окууга тапшырып, алгачкы “Филолог” деген ырын ошол окуу жайдын дубал гезитине чыгарат.

Ал университетти сырттан окуп, республикалык чыгармачылык үйүндө машинка баскыч болуп иштеп жүрүп, ар кыл темадагы ырларды жазат. Ал ырлары республикалык гезит беттерине басылып чыгат.

1964-жылы өмүрлүк жолдошу Жумадил Жакыпов Медициналык институттан балдар-дарыгери кесибине ээ болуп, Ош шаарына жолдомо менен жөнөтүлөт. Ал жакка үй-бүлөсү менен көчүп барып Алымкан эже Оштогу Терешкова атындагы жатак-мектепте тарбиячы болуп ишке орношот.

Кийинчерек Ош пединститутуна лаборант-окутуучу болуп которулуп, чыгармачылыгын уланта берет.

Анын алгачкы ырлар жыйнагы 1972-жылы “Кызыл мончок” деген ат менен “Кыргызстан” басмасынан жарык көрөт. Ага удаалаш “Түйүн”, “Күдөр”, “Чоң эне жана небере” деген ырлар жыйнагы, “Бозунач”, “Портреттер”, “Шамшыкал” деген ырлар жана поэмалар жыйнагы басмаканадан чыккан.

Алымкан Дегенбаева поэзиядан тышкары котормочулук менен да алектенип, алгачкы жолу Литванын акыны Юстинас Марцинкявючюстун “Минаугас” тарыхый драмасын үч ирет которот.

1984-жылы Ош драма театрында белгилүү режиссер Искендер Рыскулов заманыбыздын залкары Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз жээгин жорткон ала дөбөт” повестин сахналаштырып, аны орус тилинен кыргызчага Алымкан Дегенбаева которот.

Анын айтымында, айрымдары котормону жеңил-желпи жанрга теңеп, анча маани беришпегени менен анын түйшүгү, убарасы көп.

- Котормо өгөй баладай болот экен. Жакшы эле багып, жакшы эле өөп-жыттасаң деле “мен башкамын” деп туруп алат да. Эми бул жеке адам үчүн, жеке котормочу үчүн. Ал эми бир чыгарманы которуп жатканда тарыхый учурун билип, автордун ой-жүгүртүүсүн баамдаш керек. Ошол жерде эмнени айтайын деген идеясын, көз карашын туура түшүнүп, автордун абалына, акыбалына түшүп кетиш керек. Анан мен котормону артисттер айткандай нукура кыргызча интонация менен кетсе деп ойлойм. Анткени сөздү так, даана айтпаса котормо маңызын өзгөртүп коюшу мүмкүн. Башка бир автордун чыгармасын которуу абдан түйшүктүү, ары жооптуу жумуш.

Алымкан Дегенбаева 1985-жылы үй-бүлөсү менен Бишкекке келип, Кыргыз улуттук драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп турганда котормочулук менен жигердүү иштейт. Кийин маркум Арсен Өмүралиев жетектеген Бишкек шаардык театрынын адабий бөлүмүн жетектеп, Уильям Шекспирдин “12 түн”, “Лир падыша”,(Кут каган) "Ромео жана Джульетта”, “Бороон", “Жайкы түн” драмаларын, Софоклдун “Эдип падыша”, “Антигона” үч илтигин, Карло Гоццинин “Турандот” жана “Жылан аял” пьесаларын, Алексндр Пушкиндин “Майда трагедияларын”, испан акыны Федеркио Гарсиа Лорканын “Кандуу той” трагедиясын которгон.

Учурда кыргыз театрлары классикалык чыгармалардын котормосуна муктаж болуп турганда, жогорудагы чыгармалар кыргыз тилинде Алымкан эженин китеп текчесинде турат.

Алымкан Дегенбаева пьесалардан башка дүйнөлүк адабияттын алптары Омар Хаям, Гянджеви Низами, Жахан-Атын Увайси, Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим”, Пушкин, Гарсиа Лорканын ырларын дагы кыргызчага которгон. Жыйырма жылдын аралыгында мындан алты жыл мурда анын “Суусаган тамырлар” деген ырлар жыйнагы чыккан. Андан берки чыгармалары дагы эки-үч китептик болуп калган.

Табиятынан эмгекчил, жупуну, намыскөй акын чыгармаларын жарыкка чыгаруу үчүн демөөрчүлөргө кайрылып көрбөптүр.

Учурда коомубузду руханий баалуулуктардан да материалдык кызыкчылыктар үстөмдүк кылып баратканы өкүндүрөт дейт акын-котормочу:

- Бийлик экономиканы көтөрөбүз деп аракет кылып жатпайбы. Менимче, биринчи маданиятты көтөрүш керек. Антпесе алдыга жылбайбыз, өнүкпөйбүз. Экономикага да маданият керек. Саясатта дагы маданият болуусу абзел. Адамдын жүрүм-турумун кой, жеке өзүндө адамгерчилик деген маданият болушу керек. Анан “экономиканы көтөрүп, байып алып анан маданияттуу болом” деген болбогон кеп. “Биринчи маданияттуу болсом байыйм”, - деген ой болсо оңолот белек деп ойлойм.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын котормочу Алымкан Дегенбаева ардактуу эс алууга чыкса да Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык жаштар драма театрында адабият бөлүмүн жетектейт. Алмаз, Болот Чолпон, Кылыч деген уул-кызды тарбиялап, 7 неберенин сүйүктүү чоң энеси.

Аны менен кенен-кесири баарлашып, мына эми коштошоюн дегенде ал “Бабалар” деген ырын окуп кирди:

- Жакалап үмүттөрдү,
Такалап күлүктөрдү.
Тагдырды тизгиндешип,
Тар жолдо күлүп көнгөн.
Акылдан жардам сурап,
Акылдан дүйнө курап.
Арттагы урпактарга,
Акылдан жаккан чырак.
Өмүргө эшик ачып,
Өлүмгө тузак тартып.
Эш туткан ымыркайын,
Эрөөлгө бара жатып.
Сүйүүгө тобо кылып,
Намыстан обо коюп.
Курандай бийик жерге,
Парызды коё коюп.
Азаттык күндөр үчүн,
Аттанып чыккан бүтүн.
Бабалар кыргыз деген,
Жапжалгыз наам үчүн.
Баарына бата кылып,
Баш ийип отурамын.
Көөдөндө көйрөң сыймык,
Көңүлдө толтура муң.
XS
SM
MD
LG