Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:49

Агартуучулар: караңгыдан жарыкка


Ошто чатырда билим алган окуучулар, 9-октябрь, 2010-жыл
Ошто чатырда билим алган окуучулар, 9-октябрь, 2010-жыл
Дүйнө тарыхында ар бир эл, ар бир журт баары бир басып өтө турган тарыхый ашуулар, илимий тил менен айтсак, бүтүндөй доорлор бар. Бир дагы өнүп-өскөн калк кыска жол таап кыр ашып же төтө жол менен ошол ашууларды аттап өтүп кеткен эмес.

Маселен, Ренессанс, кыргызча айтканда Кайра Жаралуу доору түпкүлүгүндө Европада канатын жайса да, Чыгыш элдеринин тарыхында бул же тигил түрдө орун алгандыгы илимий жаткан далилденген факт. Ошол эле Европада зор роль ойноп, нечен калктардын көзүн ачкан, дүйнө тарыхынын бурулуш учуру, эң бийик ашуусу катары таанылган Агартуучулук доору (Просветительство, The Enlightment) Борбор Азиянын бир катар калктарында да 19-кылымда пайда болуп, артында зор изин калтырган.

Тилекке каршы аны тарыхчылар совет заманындагы эски көнүмүш менен дале болсо жеткире баалабай, мааниси менен маңызын ачпай, өзүнчө доор катары тааныбай, бир же бир нече кишинин гана кошкон салымы катары баалап келатышат.

Ошол себептен мен мындан мурунку радиомаегимде кыргыз тарыхындагы, айрыкча маданий тарыхыбыздагы мааниси өтө чоң эки көрүнүштү — Заманизм менен Агартуучулукту атайын акцент коюп айтып, аларды чакан бир агым же айрым гана бирин-серин көрүнүш катары эмес, өзүнчө Доор (Эпоха) деп атаган элем. Окуу китептерге да ошентип жазышыбыз керек, атайын бир бап же бөлүм кылып бөлүп, жаштарды ошентип окутушубуз керек, өз тарыхыбызды өзүбүз “жайдактап”, кедейлентпешибиз керек.

Чынында эле Калыгул олуя менен Арстанбек баштап кеткен антиколониалдык интеллектуалдык кыймыл—дээрлик жарым кылымга созулган маданий жана руханий тарых, башкача айтканда өзүнчө бир маанилүү доор болгон. Бул бир жагы. Экинчи жагы, ошол заманчылар сепкен үрөндөн, интеллектуалдык кыймылдан экинчи бар зор маанилүү доор—Агартуучулар доору келип чыккан. ХХ кылымдын 10-20-жылдарындагы эң жогорку чегине жетип, “эрик таңында”, “ойгон, жаштар”, “көзүңдү ач” деп жар салып, караңгылыктын терең торунда калган кыргыз элин жарыкчылыкты көздөй үндөп жүрүп өтүп кеткен, элдин кат-сабатын жоюш үчүн өмүрүн сайган биздин агартуучулар болду.

Чын-чынына келгенде Ишеналы Арабаев менен Касым Тыныстанов башында турган жоон топ окумуштуулар менен советтик алгачкы саясий ишмерлер, Белек Солтоноев менен Осмоналы Сыдык уулу баштаган эң биринчи тарыхчылар, Нурмолдо менен Молдо Нияз сыяктуу эң биринчи жазгыч акындар, “Эркин-Тоо” гезитинин тегерегинде өсүп чыккан эң алгачкы жазуучулар менен акындар—биздин төл башы агартуучулар, же болбосо улуттук тарыхыбыдын Агартуучулук доорунун титандары. Калайык-калктын көзүн умачтай ачкан залкарлар, биздин Прометейлер, Чынгыз Айтматов жазып кеткен Дүйшөндөр, биринчи мугалимдер болуп саналышат.

Эми Агартуучулук деген эмне, дүйнөлүк илимде ал кандай чечмеленет деген суроого келели. Агартуучулук доору Европанын маданий тарыхынын эң маанилүү чокусу катары саналат. 18-кылымда өнүгүп-өсүп, орто кылымдагы феодалдык караңгычылыктын бетин ачкан, илим менен билимдин күчүнө сыйынган, социалдык теңчиликти жактаган, диний догмаларга каршы чыккан доорду европалыктар Агартуучулук, орустар Просветительство, англичандар The Enlightment, түрктөр Айдынламачылык деп айтышат. Түпкү уңгусу “жарык”, “шоола”, “нур” деген сөз менен байланыштуу. Агартуучулуктун эң улуу титандары деп Волтер менен Руссо, Иммануил Кант жана Гердер сыяктуу улуу окумуштуулар, Дидро менен Даламбер баштаган француз энциклопедисттери эсептелет.

Ал эми Борбор Азиядагы агартуучулук негизинен калктын калың катмарынын замандан артта калуусуна каршы күрөшкөн, караңгычылыктан жарыкка, теңсиздиктен тең укуктуулукка үндөгөн доор болгон. Алардын эл үчүн жасаган зор эмгегин мурунку замандын тарыхчылары демейде Совет бийлигинин кызматы менен жакшылыгына ыйгарып, ысымдары да, эмгектери да көлөкөдө калган. Кандай болгондо да аларды бир чоң доордун өкүлдөрү катары эч качан караган эмеспиз.

Маселен, казактардын Х1Х кылымдагы агартуучулардын эң зору жана таасирдүүсү, албетте, Абай, Чокан Валиханов, Ибрай Алтынсарин, ХХ жүз жылдыктагы залкарлары Магжан Жумабаев, Шакерим, Ахмет Байтурсунов ж.б. Ушулар сыяктуу залкар инсандар өзбектерде да, түркмөндөрдө да бар. Бирок буларда биз сыяктуу эле агартуучулардын эмгегине жана маанисине доор катары катроо адатка айлана элек.

Жалпысынан алганда, күнчыгыш элдеринин агартуучулары чоң тарыхтын аккан багытын зиректик менен сезип, замандан артта калбаш үчүн калктын кат сабатын жоюп, илим менен билимге көзүн ачыш керектигин, аң сезимин ойготуп, социалдык жана гендерлик теңчиликке умтулуунун зарылдыгын эң биринчи туйган мыкты инсандар болгон.

Ошол сыяктуу ишмерлер Кыргызстанда ким болгонун жогоруда санап өттүк. Эң алгачкы алиппелер, окуу китептер, эң биринчи грамматика, эң биринчи кыргыз тарыхы, адабий ийрим, эң биринчи газета, театр, музыкалык ансамбль, алгачкы артисттер жана драматургдар—ушулардын баары биздин агартуучулардын эмгеги, ошолордун кыялы, тилеги жана үмүтү. Келин-кыздардын теңчилиги үчүн күрөш, жаңы заманга умтулуу, техниканы даңазалоо, караңгычылыкты, артта калуучулукту ар тараптан сындоо, керек болсо шылдыңдоо—мына ушул маселелер жана темалар кыргыз агартуучуларынын ишмердигинин негизги мазмуну болгон.

К.Тыныстанов казакча жазып чыгарган “Ойгон, жаштар!” деген ырын, М. Элебаевдин “Зарыгам”ын Агартуучулук доордун поэтикалык манифесттери, классикалык үлгүлөрү деп айтсак эч бир жаңылбайбыз. Ошол агартуучулук доордун күчтүү эпкинин С. Карачевдин “Эрик таңында”, Ж.Бөкөнбаевдин “Жер алган кедейлерге”, Ж.Турусбековдун “Эне”, К.Баялиновдун “Ажар” деген чыгармаларынан ачык туябыз. Ошол доордун азабы менен тозогу, эң алгачкы агартуучулардын оор эмгеги Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинде укмуштуудай таамай жана чоң реализм менен ачып көрсөткөнүн баса белгилей кетели.

Башкача айтканда, Европа үчүн Агартуучулук доор, анын Вольтер менен Руссо, Дидро менен Даламбер баштаган өкүлдөрү кандай зор роль ойносо, биздин Молдо Кылыч менен Тоголок Молдо, алардан мурунураакта Молдо Нияз менен Нурмолдо, кийинчерээк Белек Солтоноев менен Осмонаалы Садык уулу, Касым Тыныстанов менен Ишенаалы Арабаев, акын-жазуучулардын бүтүндөй “эркин-тоочулар” мууну, Совет заманынын алгачкы жылдарындагы биздин саясий ишмерлер ошондой зор маданий жана руханий ролду ойноду.

Бул Доор, башкача айтканда Агартуучулук биздин элибиздин тарыхый тагдыры үчүн кандай маанилүү роль ойноп, кандай жаратмандык миссияны аткарганын азыркы тапта, айрыкча эгемендикке жеткенден кийин ачык да даана да көрүп турабыз.

XS
SM
MD
LG