Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Ыр артына “жашырынган” айымдар


Ырчы Элмира Кайып кызы.
Ырчы Элмира Кайып кызы.

Кыргыз сахнасында 2004-жылдан бери жаңырып келген "Сүйүү ыры" чыгармасынын жаралыш тарыхы.

Акын Жыпара Исабаеванын сөзүнө жазылган “Сүйүү ыры” чыгармасына 2004-жылы композитор Каныкей Эралиева обон жазып, көп өтпөй эл оозуна алынып кетти эле. Кулакка жагымдуу, ары табышмактуу угулган бул ырдын сөзү обонуна куюлуша дал келип, аткаруучу Элмира Кайып кызы өзгөчө боёк кошкон.

Айтылбаган арзуудан жаралган

Акын Жыпар Исабаевага күйөрмандары дайыма “сүйүү ырларыңыз көп, эмне ушунча жолу сүйдүңүз беле?” деп суроо беришет. Сезим жок болбосо ыр кантип жаралсын? - дейт акын:

- Жүрөгүңдө сезим жок болсо, ыр жаралбайт. Чыгармачылыкты, поэзияны, каармандарыңды, табиятты эч качан сүйө албайсың. Бир ырымда сүйүү көргүм келет көзүңдөн деп жаздым эле. Көчөдөбү, базардабы, жумуштабы, автобуста баратамбы, ар бир адамдын көзүн карайм да. Ушул адамдын жылмайганында сүйүү барбы деп издейм. Эгерде бирөө жылмайып койсо ошол адамдын сезимин “уурдап” алам. “Сүйүү ырынын” тарыхы деле ошол сыяктуу.
Редакцияга бир кыз келип сүйүүсүн, арзыган адамына жете албай жүргөнүн айтып берген. Ошол баяндын акыры ырга айланды. Аны тигил кыз алып кеткен, кийин келип “баягы ырыңызды сүйгөн адамыма берип, сүйүүмө жеттим” , - деп айтты. Каныкей эже бир ирет ушул ырыңа обон жаратып койдум деп айткан эле. Бир күнү капыстан эле көчөдөн угуп калдым. Тыңшасам Элмира ырдап жатыптыр.


Бир ырга "жашырынган" үч айым
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:15 0:00
Түз линк

Музыка чакырган поэзия

Ыр угуңуз сизге арналып жазылган,
Ыр артында өзүм бармын жашынган.


Ырга айланган уяң кыздын сезимине кантип обон жаралганы да кызык. Бул тууралуу композитор Каныкей Эралиева айтып берсин:

- Негизи Жыпара Исабаева музыка чакыра турган ырларды жазат. Бул ырдын текстин гезиттен таап алгам. Карасам ырдын мазмунунда сүйүү, кусалык, арман, жетпей калгандан кийинки муң, биздин муундагы аялдарга тиешелүү уяңдык да бар экен. Көз алдыма сүйүп, бирок сезимин ачыкка чыгара албаган кыздын образы тартылды. Аябай жаккангабы музыканын кайрыктары дароо келип, обону оңой чыкты. Элмира Кайып кызы “Арман дүйнө” деген чыгармамды ырдайм деп жүргөн. Аны алганы келгенде “муну угуп көрчү” деп ырдап берсем чап эле жабышты. “Эже, мага бериңиз, сиз кантип “ыр угуңуз агатай” деп ырдайсыз” дегенинен бергем. Көп өтпөй эле оркестрдин коштоосунда ырдап чыкты.

Аялзаттын сүйүү гимни

Элмира Кайып кызы бул ыр жаралган кезде турмушка чыга элек болчу. Угары менен эле сезимдери да ушул ырда катылганын дароо байкайт.

- Жүрөгүмдөн орун алып калган ырлардын бири. Менимче, ар бир аялдын сүйүүсү бар. Көкүрөктө ошол сезим жашайт, сүйгөнүнө жеткен бар, жетпеген бар. Ырдын көпчүлүк жүрөгүнөн орун алып, ырдалып келе жаткандыгы ошондон болсо керек деп ойлойм. Каныкей эжеден ырды угарым менен эле “өзүм ырдайм” дегенине карабай талашып алгам. Өзүм акын эмесмин, мындай ыр жазуу колумдан келбейт экен. Жыпар Исабаева менин оюмду, сезимимди билгендей, мен жазгандай жазып коюптур. Мен ырды ал кезде болочок жолдошума арнап, ырдап чыккам. Ошондон бери көпчүлүккө жагып келе жатат. Каныкей эженин да жакшы көргөн ырларынын бири. Менимче, ыр түбөлүктүү. Жүрөгүңдөн чыккан ыр ушундай болсо керек. Кээде менин деле репертуарымда көңүл үчүн ырдап койгон ырларым бар. Бирок көпчүлүгүнүн келечеги жок болуп калды. А бирок бул ырдын сөзү да, обону да куюлушуп төп келген сонун ыр. Ар бир жолу ырдагандан тажабайм.

Кыргыз кыздарында байыртан келаткан уяңдык бар. Алар сезимин ачык айталган эмес. Ал убакта ыр аркылуу, кат аркылуу өз сезимдерин билгизген. Сөзү да, обону да аруу дүйнөдөн сызылып чыгып, мукам добуш аркылуу элге жеткен “Сүйүү ыры” айымдардын сүйүү гимни катары өмүр улай береринде шек жок...
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.
XS
SM
MD
LG