Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Акылбектин ыры элге дем берген


Кыргызстанда соңку эки ыңкылап маалында бир катар мекенчил ырлар, марштар жаралды. Анын бири оппозиция 2006-жылы туу катары көтөрүп чыккан “Кыргызстан” аттуу ыр.

Анын текстин да, ырын да айылдык музыкант жазганын баары эле билбесе керек.

Көпчүлүккө жигер-дем берген мекен ырдын ээси Акылбек Айтиев “Азаттыктын” студиясында конок болду.

“Азаттык”: Бул элге алынган ырдын автору ким - өзүңүздүн таржымалыңызды кыскача айтып бересизби?

Айтиев: Мен 43 жаштамын, Жалал-Абат облусунун Кочкор-Ата шаарчасында музыкалык мектепте иштеп келгем.

Коңшу мамлекеттердин, айрыкча Өзбекстандын сыналгы каналдары чакыйып көрсөтүп, патриоттук ырларды тынбай беришет.

Эмне үчүн биз атуулдук ырларды сыналгыга чыгара албайбыз? деп ичим ачышып жүрүп, анан ушул “Кыргызстан” аттуу ырды обону менен кошо чыгардым.

Аны өз окуучум Кумар Асанов ырдап жүрдү.



"Азаттык": Бул ырыңыз элдин көңүлүн ээлеп, кеңири жайылып кетет деп ойлодуңуз беле?

Айтиев: Жок. Мектепте ырдалып жүрдү, кийин Жалал-Абатта атуулдук ырлардын «Азем түндөрү» аттуу республикалык конкурсунда 1-орунду ээледи.

Кийин КТРден Болот Тилебаев сурап кетип, клип даярдап, көпчүлүккө таратты.

“Азаттык”: Бул ыр биз билгенден 2006-жылы жазда эл жаңы бийлик 2005-жылдын максаттарын аткарбай жатат деп чыкканда биринчи жолу Бишкекте жаңырган.

Ал эми ноябрда конституциялык реформа жасоо талабы менен элдик митингдер тушунда “Кыргызстан” ыры миңдеген адамга дем-жигер берип, колтукташа каалгып бийлешкен эле, аны билчү белеңиз?

Айтиев: Ал кезде мен Кочкор-Атада элем, мага айтып келип жатышты, ырың көпчүлүккө рух берип жатат дешип. Албетте кубанып жүрдүм.

“Азаттык”:
Азыр эмне иш кыласыз, ушундай ырларды жазып жатасызбы?

Айтиев: Азыр элдик фольклорду жасалгалап, патриоттук ырларды жазуудамын. Бирок «Кыргызстандай» чыга элек.

“Азаттык”: Сиз ушундай көпчүлүккө алынган ырдын автору катары үналгы-сыналгыга чыктыңыз беле?

Айтиев: Гезитке ыр жазган киши катары чыккам, радиого биринчи жолу чыгып жатышым, “Азаттык” үналгысына ыракмат!

Эл-жерим аман болсун, биримдикте бололу, өркөнүбүз өссүн, ырым элиме дем, кубат бергенине сыймыктанам.
XS
SM
MD
LG